Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үй жана Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 5 Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үй жана Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-сентябрь 2016-жылдагы №490-токтому менен Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үй жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилгендиги, өткөрүлүп берилген мүлктөр, кабыл алуу актылары, курулмалардын тизмеси жана башка иш-кагаздары менен тааныштырып баяндама жасаган Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Т.Темирбаевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алып Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үйдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, муниципалдык менчикке өткөрүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алынсын жана шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3.Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштардын арасындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-сентябрь 2016-жылдагы №490-токтому менен жооптуу сактоого берилген мүлктөрдүн сакталуусун камсыз кылуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине (М.Солтоев) милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн киреше жана чыгаша бөлүгү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн штаттык тизими ушул токтомдун №2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн тарифтери:
· жер ижара акысы 1 чарчы метр- 94,66 сом 1 айына;
· кызмат көрсөтүү акысы 1 чарчы метр- 80,67 сом 1 айына бекитилсин жана кирешени бюджетке түшүрүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (М.Солтоев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Э. Ормоков
Шаардык кеңештин 10.11.2016-жылдагы XXXIX - сессиясынын№ 5-токтомуна № 1-тиркеме
Киреше бөлүгү
Элемент (8)
Киреше булактарынын аттары.
Сумма м.с
1
2
4
14152100
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы (бюджетке тушуучу каражат)
441,0
14238900
Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы (атайын каражаттар)
379,2
Жалпы кирешелер
820,2
Чыгаша бөлүгү
2111
Айлык акы
279,9
2121
Социалдык Фондго төгүмдөр
48,3
2215
Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу
22,1
22154900
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү
22,1
2222
Учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуу
3,3
2231
Коммуналдык кызматтар
25,6
Жалпы чыгашалар
379,2
Шаардык кеңештин 10.11.2016-жылдагы XXXIX - сессиясынын№ 5-токтомуна № 2-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине караштуу "Строй-маркет" базарынын штаттык ыраатамасы
Кызматтын аталышы
Бирдиктердин саны
Базалык ставка
Коэф
Кызматтык маяна
Мамлекеттик (муницип.) стаж
Класстык чин
Жергиликт бюджеттен кошумча устоктор
Шаардык кенештен кошулган устоктор
Бир айлык эмгек акы (бир кишиге)
Бир айлык эмгек акы (бардыгына)
2 айга эсеп (ноябрь- декабрь)
%
сумма
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
13
14
15
17
1
Жетекчи
1
5000
1,91
9 550
10
955
2 865
13 370
13 370
26 740
2
Инспектор
1
5000
1,32
6 600
-
1 980
8 580
8 580
17 160
3
Электрик
1
3000
1
3 000
-
750
4 250
8 000
8 000
16 000
5
Күзөтчү
8
2500
1
2 500
-
1 250
5 000
8 750
70 000
140 000
6
Дворник
4
2700
1
2 700
-
675
6 625
10 000
40 000
80 000
Жалпы жоопту кызматкерлер
15
24 350
955
-
2 675
20 720,00
48 700
139 950
279 900
Соц.фондго чегерүү 17,25%
48 282,75
Жооптуу катчы
Б. Беркбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.