Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Атайын багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-майы № 232 Атайын багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйындарына өз убагында даярданууну жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясынын аймагында "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоого жана курууга заказчыны жана башкы подрячыны аныктасын;
- уюштуруу иш-чараларынын планын, чыгымдар сметасын, "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоо жана куруу графигин даярдасын:
- Стратегиялык объектти коргоо паспортунда каралган документтерге жетүүнү чектөө грифин (жашыруу) белгилөө боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасын жана анын ведомстволук уюмдарын "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоо, куруу жана жабдуу, ошондой эле адистештирилген автотранспорт каражаттарын сатып алуу үчүн жана Кыргыз Республикасында 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйындарына арналган башка иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат берүүгө, курууга долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык келишимди тикелей түзүү методу менен жүргүзсүн.
5. "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн электр менен жабдууну камсыздоо үчүн энергетикалык тармактарын долбоорлоону жана курууну өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу сунушталсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу Т.К.Коеналиевге жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу…Постановление · 30.12.2011 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон