Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-июлу № 405 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 27-берененин 5-пунктундагы "сотко" деген сөз "административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталуучу тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 41-берененин 4-пунктундагы "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталуучу тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "сотко" деген сөз "административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталуучу тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-берене. "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 28-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө мүлктүк жана башка укуктарды бузган жактардын аракеттерин административдик иш жөнүндө мыйзамдарда жана граждандык мыйзамдарда аныкталуучу тартипте талашууга.".
2. 36-статьянын 4-пунктундагы "соттук тартипте" деген сөздөр "административдик иш жөнүндө мыйзамдарда жана граждандык мыйзамдарда аныкталуучу тартипте'' деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндөЗакон · 21.12.1991 · № 689-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон