КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июну № 316 Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун борборуна билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 13.06.2011 · № 42 · Күчүн жоготкон