Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 13-июну № 42
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
30-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- бир айлык мөөнөттө "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендерди мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуунун тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 316 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун…Постановление · 15.06.2016 · № 316
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 599 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.09.2017 · № 599