Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун жана «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 ноября 2023 года № 625 "О приобретении дополнительно выпускаемых акций закрытых акционерных обществ "Кыргызская фондовая биржа" и "Центральный депозитарий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 205 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунун институттук инфратүзүмүн өнүктүрүү жана чыңдоо, улуттук фондулук рыноктун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктунда:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "ИТАЛКИР" биргелешкен ишканасы жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин бөлүгүнүн эсебинен төлөөнү камсыз кылуу жолу менен сатып алуу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө чечсин." деген сөздөр "төлөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген, 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына кирген төмөнкү мүлктүк объекттердин ичинен бир же бир нечесин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечсин:" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй редакциядагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
- Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү, 2 дарегиндеги курулушу бүтө элек 48 тонналык элеватор;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги клубдун имараты;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги фирмалык дүкөндөр;
- "Транс-Союз-Азия" ААКтын балансында турган өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер;
- Бишкек шаарынын 8-кичи району дарегиндеги жер участогу менен соода павильону;
- Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсү, 65 дарегиндеги геология үй башкармалыгы.".
3-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестициялар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча…Постановление · 24.11.2023 · № 625
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №399 "«Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун жана «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу…Постановление · 18.07.2011 · № 399 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2015 · № 5408-V
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча…Постановление · 24.11.2023 · № 625
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №399 "«Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун жана «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу…Постановление · 18.07.2011 · № 399 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.