Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун жана «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 ноября 2023 года № 625 "О приобретении дополнительно выпускаемых акций закрытых акционерных обществ "Кыргызская фондовая биржа" и "Центральный депозитарий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-июлу N 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунун институционалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана чыңдоо, азыркы системага салыштырганда баалуу кагаздарга болгон менчик укугунун жакшы корголушун камсыз кылуу, фондулук рыноктун институттарына инвесторлордун жана катышуучулардын ишенимин жогорулатуу, ошондой эле улуттук фондулук рыноктун жалпы региондук деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө кошумча чыгарылуучу "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун наркы 18720 миң сомду түзгөн 33,4 процент өлчөмдөгү жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун наркы 8294 миң сомду түзгөн 50 проценттен ашпаган өлчөмдөгү акцияларын төлөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген, 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына кирген төмөнкү мүлктүк объекттердин ичинен бир же бир нечесин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечсин:
- Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү, 2 дарегиндеги курулушу бүтө элек 48 тонналык элеватор;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги клубдун имараты;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги фирмалык дүкөндөр;
- "Транс-Союз-Азия" ААКтын балансында турган өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер;
- Бишкек шаарынын 8-кичи району дарегиндеги жер участогу менен соода павильону;
- Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсү, 65 дарегиндеги геология үй башкармалыгы..
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча…Постановление · 24.11.2023 · № 625
- 2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 токтому…Концепция · 26.01.2016 · № 33 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 205 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 205
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана…Постановление · 11.04.2016 · № 205 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2015 · № 5408-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча…Постановление · 24.11.2023 · № 625
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.