Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 „Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 873 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо маселелери жөнүндө";
- преамбуладагы "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" деген сөздөр "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;"
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын бланкы 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик кызматчылардын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тартиби тууралуу жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тартиби жөнүндө жобо";
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияларды берүү шартын жана мөөнөттөрүн, эсепке алуу жана сактоо тартибин жана андагы камтылган маалыматтарды жарыялоону аныктайт.";
- бүткүл текст боюнча "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" деген сөздөр "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ушул Жобонун күчү "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга (мындан ары - декларант) жайылтылат.";
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:";
- 3-главанын аталышы "кирешелер," деген сөздөн кийин "чыгымдар," деген сөз менен толукталсын;
- 10-пункт "аларга жана алардын жакын туугандарына таандык кирешелер," деген сөздөрдөн кийин "чыгымдар," деген сөз менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Декларанттын жакын туугандарынын жана багуусундагы адамдардын мүлкү, кирешелери жана чыгымдары жок болсо, декларациянын бланкынын VI, VI-A, VII-А, VII-Б, VIII жана IX бөлүмдөрү толтурулбайт.";
- 14-пункттун экинчи абзацындагы "кирешелерди жана мүлктү атайылап жашырган" деген сөздөр "кирешелерди, мүлктү жана чыгымдарды атайылап жашырган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын декларациясында камтылган кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө топтомо маалыматты берет.";
- 20-пункттагы:
биринчи абзац "кирешелери," деген сөздөн кийин "чыгымдар," деген сөз менен толукталсын; 1-пунктча "кирешенин" деген сөздөн кийин "жана чыгымдардын" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пунктчанын экинчи абзацы "көлөмү" деген сөздүн алдында "кыймылдаткычынын" деген сөз менен толукталсын;
- 25-пункт "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик кызматчылардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын бланкында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация";
- токтомдун ушул долбоорунун тиркемесине ылайык редакцияда II-A, VI-A жана X бөлүмдөрү менен толукталсын;
мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү менен милдеттенмелери жөнүндө декларациянын бланкынын 1-тиркемесинде:
- бүткүл текст боюнча "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" деген сөздөр "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Декларация мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук формада толтурулат. Жазуу жүзүндөгү декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы өз колу менен толтурат, жазуулар так жана түшүнүктүү кол тамгалар менен жазылат. Электрондук формадагы декларация кагазга чыгарылууга тийиш.";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны эки нускада толтурушат, декларациянын бир нускасы чапталган конвертте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол менен жеткирилет же анын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Декларациянын экинчи нускасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыда калат.";
- III-Б, VII-Б бөлүмдөрүндөгү "кузовдун көлөмү жана" деген сөздөр "кыймылдаткычынын көлөмү жана кузовунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы II-A, VI-A жана X бөлүмдөрү менен толукталсын:
"
II-A БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕГИ ЧЫГЫМДАРЫ(*)
____ / ____/ ____ тартып ____ / ____/ ____ чейин
210
Мүлктүн коду Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
211
Мүлктүн аталышы Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
212
Бүтүмдүн суммасы, сом менен
213
Мүлктү сатып алуу булагынын коду Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин жана мүлктү сатып алуу булагынын классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
214
Мүлктү сатып алуунун булагы
215
Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
216
Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
217
Бүтүм түзүлгөн күнү
218
Менчик укугу пайда болуу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз салуучу документтердин аталышы жана реквизиттери
(*) Эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, анда "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган адамдар тарабынан гана толтурулат.
VI-A БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫНЫН ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕГИ ЧЫГЫМДАРЫ(*)
____ / ____/ ____ тартып ____ / ____/ ____ чейин
жакын тууганынын аты-жөнү
210
Мүлктүн коду Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
211
Мүлктүн аталышы Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
212
Бүтүмдүн суммасы, сом менен
213
Мүлктү сатып алуу булагынын коду Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин жана мүлктү сатып алуу булагынын классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
214
Мүлктү сатып алуунун булагы
215
Мүлктү сатып алуу негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
216
Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт
217
Бүтүм түзүлгөн күнү
218
Менчик укугу пайда болуу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз салуучу документтердин аталышы жана реквизиттери
(*) Эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, анда "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган адамдар тарабынан гана толтурулат.
X БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕГИ КИРЕШЕЛЕР, ЧЫГЫМДАР ЖАНА МҮЛК ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫЛАНГАН МААЛЫМАТТАР(*)
____ / ____/ ____ тартып ____ / ____/ ____ чейин
701
Мамлекеттик/муниципалдык органдын аталышы
702
Декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты
703
Декларанттын отчеттук мезгилдин 31-декабрына карата кызмат орду (отчеттук мезгилдин ичинде кызматтан бошотулганда - "экс" жалгамасы менен)
704
Декларанттын/туугандарынын кирешелери (жыйынтыктоочу сумма)
705
Декларанттын/туугандарынын чыгымдары - алардын суммасы эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашкан (жыйынтыктоочу сумма) бир жолку бүтүмдөр
706
Декларанттын/туугандарынын кыймылсыз мүлкү Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык
707
Декларанттын/туугандарынын кыймылсыз мүлкүнүн аянты (м2)
708
Чарбакер субъектинин аталышы, эгерде декларанттын/туугандарынын кыймылсыз мүлкү анын уставдык капиталына кирген болсо
709
Декларанттын/туугандарынын талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъектилердин уставдык капиталындагы кыймылсыз мүлкүнүн үлүшү(%)
710
Декларанттын/туугандарынын кыймылдуу мүлкү Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык
711
Декларанттын/туугандарынын транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар (маркасы, модели, чыккан жылы, кыймылдаткычтын көлөмү)
712
Декларанттын/туугандарынын кыймылдуу мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген чарбакер субъектинин аталышы
713
Декларанттын/туугандарынын талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъектилердин уставдык капиталындагы кыймылдуу мүлкүнүн үлүшү (%)
(*) "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган адамдар тарабынан гана толтурулат.
"; мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларациянын бланкынын 2-тиркемесинде:
- 2-пункттун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин жана мүлктү сатып алуу булагынын классификатору"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо";
- бүткүл текст боюнча "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" деген сөздөр "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул Жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (мындан ары - декларанттар) Декларацияларында (мындан ары - декларациялар) көрсөтүлгөн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартибин аныктайт.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Декларацияларды толук талдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт жана декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын текшерүүдөн турат. Декларацияларды толук талдоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) декларацияны алгачкы талдоонун натыйжалары боюнча аларда көрсөтүлгөн туура эмес же толук эмес маалыматтар, же болбосо декларанттын же анын жакын туугандарынын декларацияда көрсөтүлгөн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар менен ырасталбаган мүлктүк абалынын олуттуу өзгөртүлгөнү (кирешенин, чыгымдардын жана мүлктүн көбөйүшү жана (же) мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелердин азайышы) белгиленгенде.
Декларанттын жана анын жакын туугандарынын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөртүлүшү деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 100 эсе ашкан өлчөмдө (наркы) декларацияда көрсөтүлгөн кирешелер, чыгымдар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар менен ырасталбаган, алардын кирешелеринин, чыгымдарынын жана (же) мүлкүнүн көбөйүшү жана (же) мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелеринин азайышы таанылат;
2) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке жактардан декларанттын жана (же) анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарга тиешелүү билдирүүлөр келип түшкөндө, ЖМКда жарыяланганда.
Арыз ээсинин фамилиясы (аты-жөнү) жана почта дареги көрсөтүлбөгөн маалымат (жазуу жүзүндөгү кайрылуу) жашыруун деп табылат жана декларацияга толук талдоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналбайт.";
- 9-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары "кирешелер," деген сөздөн кийин "чыгымдар," деген сөз менен толукталсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссиянын корутундусунун негизинде тиешелүү маалыматты:
- "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына;
- декларантты белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген адамдарга карата мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жиберет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 12-январында № 2 жарыяланды
Премьер-министри
Т.Сариев
Тиркеме II-А БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕГИ ЧЫГЫМДАРЫ
___/ ___/ ______ тартып ___/ ___/ ______ чейин
210
211
212
213
214
215
216
217
218
№
Мүлктүн коду
Мүлктүн аталышы
Бүтүмдүн суммасы
Мүлктү сатып алуу булагынын коду
Мүлктү сатып алуу булагы
Мүлктү сатып алуу негизинин коду
Мүлктү сатып алуу негизи
Бүтүм түзүлгөн күн
Менчик укугунун пайда болушу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз салуучу документтердин аталышы жана реквизиттери
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
(*) Эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, анда "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 5-беренелеринин күчү жайылтылган адамдар тарабынан гана толтурулат.
Декларанттын колу
КБнын мөөрү
2-А бет

Декларанттын коду
КБнын мөөрү
7-А бет
X БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН, АНЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫНЫН КИРЕШЕЛЕРИ, ЧЫГЫМДАРЫ ЖАНА МҮЛКҮ ЖӨНҮНДӨ ТОПТОЛГОН МААЛЫМАТТАР(*)
___/ ___/ ______ тартып ___/ ___/ ______ чейин
Мамлекеттик/муниципалдык органдын аталышы
701
Декларанттын аты-жөнү
702
Декларанттын кызмат орду
703
Декларант
кирешелер (жыйынтыктоочу сумма)
чыгымдар (жыйынтыктоочу сумма)
Кыймылсыз мүлк
Кыймылдуу мүлк
аталышы
аянты (кв.м)
ишенимдүү башкарууга берилген мүлк
аталышы
транспорт каражаттары жөнүндө маалымат
ишенимдүү башкарууга берилген мүлк
чарбакер субъект
үлүшү (%)
чарбакер субъект
үлүшү (%)
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
Тууганы
(*) "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган адамдар тарабынан гана толтурулат.
Декларанттын коду
КБнын мөөрү
12-бет
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы №855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды…Постановление · 25.12.2012 · № 855
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Шилтеме берет (2)

Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна…Положение · 25.12.2012 · № 855
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- О декларировании и публикации сведений о доходах, обязательствах и имуществе лиц, замещающих политические и иные специальные государственные должности, а также их близких…Закон · 07.08.2004 · № 108 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды…Положение · 25.12.2012 · № 855 · Күчүн жоготкон