Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-декабры № 855 Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын бланкы 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
2-тиркеме
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары,
мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө
ДЕКЛАРАЦИЯ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркелген файлды караңыз.
Мамлекеттик кызматчынын жана анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларациянын бланкына 1-тиркеме
Декларацияны толтуруу жана берүү боюнча
НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Декларация мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук формада толтурулат.
Жазуу жүзүндөгү декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы өз колу менен толтурат, жазуулар так жана түшүнүктүү кол тамгалар менен жазылат. Электрондук формадагы декларация кагазга чыгарылууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны эки нускада толтурушат, декларациянын бир нускасы чапталган конвертте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол менен жеткирилет же анын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Декларациянын экинчи нускасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыда калат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчылар декларацияны эки нускада толтурушат, бир нускасы мамлекеттик органдагы (мамлекеттик органдын аймактык же ведомстволук бөлүмдөрүндөгү) декларацияларды чогултууга жооптуу адиске берилет, декларациянын экинчи нускасы мамлекеттик кызматчыда калат.
4. Администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчы декларациянын бланкын толтургандан кийин, мамлекеттик органдагы (мамлекеттик органдын аймактык же ведомстволук бөлүмдөрүнүн) декларацияларды чогултууга жооптуу адис толтурулган маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын, анын ичинде жеке идентификациялык номердин (ЖИН) бардыгын жана декларациянын ар бир барагында мамлекеттик кызматчынын колу коюлгандыгын текшерет.
Текшерүүдөн кийин декларациянын ар бир барагына мөөр басылат (персоналды башкаруу боюнча кызматтын бөлүмү же мамлекеттик органдын документтик камсыздоо кызматы).
5. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратындагы декларацияларды чогултууга жооптуу адис мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген кызматчыларынын декларацияларын борборлоштурулган чогултууну ишке ашырат.
Мамлекеттик орган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол менен жеткирет же анын дарегине почта аркылуу жөнөтөт.
2. Декларациянын бланкын толтуруу тартиби
| Номер | |
|---|---|
| 100 | Декларациянын катар номери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчысы тарабынан коюлат) |
| I БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |
| ЭЭЛЕГЕН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ | |
| 101 | Декларанттын ээлеген кызматы Мамлекеттик кызматтардын реестрине ылайык "V" белгиси менен белгиленет |
| ДЕКЛАРАЦИЯ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИ | |
| 102 | Декларация берүү мезгили "V" белгиси менен белгиленет: |
| 103 | Фамилиясы |
| 104 | Аты |
| 105 | Атасынын аты |
| 106 | Жеке идентификациялык номери (ЖИН) |
| 107 | Өз алдынча мамлекеттик орган |
| 108 | Ведомстволук мамлекеттик орган (ведомстволук органдар, аймактык өкүлчүлүк) |
| 109 | Түзүмдүк бөлүмү (башкармалык/бөлүм/сектор) |
| 110 | Ээлеген кызматы |
| 111 | Кызматтык дареги |
| 112 | Кызматтык телефону |
| 113 | Кызматка дайындалган күн |
| 114 | Кызматтан бошотулган күн |
| ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ/БАГУУСУНДАГЫ АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |
| 115 | Жакын туугандары жана багуусундагы адамдар (жакын туугандарынын аты-жөнү, ЖИНи көрсөтүлөт) |
| 116 | Декларанттын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасы (Туугандыктын коду жана даражасы Жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасынын классификаторуна ылайык аныкталат) |
| 117 | Жакын туугандарынын эмгек иши (эгерде жакын тууганы иштесе - "V" деген белги менен белгиленет жана иштеген жери көрсөтүлөт) |
| 118 | Жакын тууганынын ээлеген кызматы |
| II БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТ ДЕКЛАРАЦИЯ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕ АКЧА КАРАЖАТТАРЫ (МҮЛК) ТҮРҮНДӨ АЛГАН КИРЕШЕЛЕРИ | |
| 201 | Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин башы |
| 202 | Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин аягы |
| 203 | Кирешенин/мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Акча каражаттар түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 204 | Кирешенин/мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 205 | Кирешенин суммасы/мүлктүн наркы сом менен көрсөтүлөт. Декларант тарабынан чет элдик валютада алынган кирешенин суммасы/мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын киреше же мүлк алынган күнгө карата курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт |
| 206 | Кирешенин/мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 207 | Кирешени алуунун/мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 208 | Киреше алынган өлкөнү көрсөтүү менен, кирешени төлөп берген адамдын аты жөнү/уюмдун же башка булактын аталышы |
| 209 | Эгерде келишим бар болсо, анын номери көрсөтүлөт |
| III-А БӨЛҮМҮ. ___/_______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТКА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК | |
| 301 | Мүлктүн коду Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 302 | Мүлктүн аталышы Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 303 | Сатып алуу учурундагы кыймылсыз мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт |
| 304 | Мүлктүн үлүшү пайыздар (%) менен көрсөтүлөт |
| 305 | Кыймылсыз мүлктүн аянты квадрат метр менен көрсөтүлөт |
| 306 | Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 307 | Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 308 | Кыймылсыз мүлк сатып алынган күн |
| 309 | Кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду |
| 310 | Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин жайгашкан жери (дареги) (шаар, айыл, көчө, үй, кв). Кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бар болгон учурда - кыймылсыз мүлк жайгашкан өлкө көрсөтүлөт |
| III-Б БӨЛҮМҮ. ___/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТКА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК | |
| 401 | Мүлктүн коду Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 402 | Мүлктүн аталышы Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 403 | Сатып алуу учурундагы кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт |
| 404 | Мүлктүн үлүшү пайыздар (%) менен көрсөтүлөт |
| 405 | Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 406 | Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 407 | Мүлк сатып алынган күн |
| 408 | Каттоо маалыматтары: - транспорт каражаттарын көрсөтүүдө маркасы, модели, чыккан жылы, кузовунун көлөмү жана каттоо номери көрсөтүлөт; - талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы көрсөтүлөт; - банк мекемелердеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же зергер буюмдарды (сактоо) көрсөтүүдө банктын реквизиттери көрсөтүлөт |
| 409 | Катталган жери: - транспорт каражатын каттоодо транспорт каражаты катталган жер көрсөтүлөт; - талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы көрсөтүлөт; - банк мекемелердеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же зергер буюмдарды (сактоо) көрсөтүүдө банктын дареги көрсөтүлөт |
| IV БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ТАЛАП КЫЛУУ УКУГУ ЖАЙЫЛТЫЛГАН, ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУГА БЕРИЛГЕН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ | |
| ДЕКЛАРАНТТЫН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ | |
| 501 | Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 502 | Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 503 | Мүлктүн сатып алуу учурундагы наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук наркы (баалоо) сом менен көрсөтүлөт. Мүлктүн чет элдик валютадагы наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сатып алуу учур карата курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча рыноктук наркы (баалоо) сом менен көрсөтүлөт |
| 504 | Мүлктүн үлүшү пайыздар менен (%) көрсөтүлөт |
| 505 | Салык төлөөчүнүн - чарбакер субъекттин идентификациялык номери |
| 506 | Чарбакер субъекттин толук дареги - жайгашкан жери |
| 507 | Чарбакер субъекттин аталышы |
| ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУЧУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |
| 508 | Салык төлөөчүнүн - ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык номери |
| 509 | Ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы |
| 510 | Келишимди колдонуу башталган күн |
| 511 | Келишимдин колдонулушу аяктаган күн |
| 512 | Эгерде келишим бар болсо, анын N |
| V БӨЛҮМ. __/__/_____ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН МИЛДЕТТЕНМЕСИ | |
| 601 | Милдеттенменин коду Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 602 | Милдеттенменин аталышы Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 603 | Кредитордун/зайым алуучунун аталышы |
| Милдеттенменин пайда болуусунун негиздери | |
| 604 | Келишим түзүлгөн күн |
| 605 | Келишимдин N (эгер бар болсо) |
| 606 | Милдеттенменин күнү |
| 607 | Милдеттенменин күчүнүн мөөнөтү аяктаган күн |
| 608 | Милдеттенменин суммасы, сом менен |
| Негизги карызды тындыруу суммасы | |
| 609 | Сом менен |
| 610 | Пайыздар менен |
| Тындырылбаган негизги карыздын калдыгы | |
| 611 | Сом менен |
| 612 | Пайыздар менен |
| МЕН ТОЛТУРГАН МААЛЫМАТТАРДЫН ТУУРАЛЫГЫН ЖАНА ТОЛУКТУГУН ЫРАСТАЙМ | |
| ПАСПОРТТУК МААЛЫМАТТАР | |
| 613 | Декларанттын паспортунун сериясы жана номери |
| 614 | Декларантка паспорт берген орган |
| ЖАШАГАН ЖЕРИ (декларанттын үй дареги) | |
| 615 | Почта индекси |
| 616 | Облус, шаар, район, айыл |
| 617 | Көчө/к-район, үй, квартира N |
| 618 | Телефон номери (үй) |
| 619 | Телефон номери (уюлдук) |
| 620 | Декларация толтурулган күн |
| 621 | Декларанттын колу |
| 622- 624 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кирешелерди декларациялоо бөлүмү тарабынан толтурат |
| (*) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 5-статьяларынын күчү жайылтылган адамдар гана толтурат | |
| ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР | |
| VI БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕ АКЧА КАРАЖАТТАРЫ (МҮЛК) ТҮРҮНДӨ АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР | |
| 201 | Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин башы |
| 202 | Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин аягы |
| Жакын тууганынын/багуусундагы адамдын аты-жөнү | |
| 203 | Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 204 | Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 205 | Кирешенин суммасы/мүлктүн наркы сом менен көрсөтүлөт. Декларанттын жакын туугандары/багуусундагы адамдары тарабынан чет өлкөлүк валютада алынган кирешенин суммасы/мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын киреше же мүлк алынган күнгө карата курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт |
| 206 | Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешени алуунун/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 207 | Кирешени алуунун/мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 208 | Киреше алынган өлкөнү көрсөтүү менен, киреше төлөгөн адамдын аты-жөнү/уюмдун же башка булактын аталышы |
| 209 | Эгерде келишим бар болсо, анын номери көрсөтүлөт |
| VII-A БӨЛҮМҮ. __/__/_______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК | |
| 301 | Мүлктүн коду Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 302 | Мүлктүн аталышы Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 303 | Сатып алуу учурундагы кыймылсыз мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт |
| 304 | Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт |
| 305 | Кыймылсыз мүлктүн аянты, квадрат метр менен көрсөтүлөт |
| 306 | Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 307 | Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 308 | Кыймылсыз мүлк сатып алынган күн |
| 309 | Кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду |
| 310 | Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин жайгашкан жери (дареги) (шаар, район, айыл, көчө, квартира). Кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта бар болгон учурда - кыймылсыз мүлк жайгашкан өлкө көрсөтүлөт |
| VII-Б БӨЛҮМҮ. __/__/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК | |
| 401 | Мүлктүн коду Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 402 | Мүлктүн аталышы Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 403 | Сатып алуу учурундагы кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларация толтурулган күнгө карата рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт |
| 404 | Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт |
| 405 | Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 406 | Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 407 | Мүлк сатып алынган күн |
| 408 | Каттоо маалыматтары: - транспорт каражаттарын көрсөтүүдө маркасы, модели, чыгарылган жылы, кузовунун көлөмү жана каттоо номери көрсөтүлөт; - талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы көрсөтүлөт; - банк мекемелериндеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же зергер буюмдарын көрсөтүүдө (сактоодо) банктын реквизиттери көрсөтүлөт |
| 409 | Катталган жери: - транспорт каражатын каттоодо транспорт каражаты катталган жер көрсөтүлөт; - талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын дареги көрсөтүлөт; - банк мекемелериндеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же зергер буюмдарын көрсөтүүдө (сактоодо) банктын дареги көрсөтүлөт |
| VIII БӨЛҮМ. ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН ТАЛАП КЫЛУУ УКУГУ ЖАЙЫЛТЫЛГАН, ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУГА БЕРИЛГЕН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ | |
| ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ | |
| 501 | Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 502 | Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: - Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; - Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна |
| 503 | Сатып алуу учурундагы мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт Мүлктүн чет өлкөлүк валютадагы наркы сатып алуу учуруна карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт |
| 504 | Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт: - мүлккө жеке ээлик кылган учурда 100% деп көрсөтүлөт |
| 505 | Салык төлөөчүнүн - чарбакер субъекттин идентификациялык номери |
| 506 | Чарбакер субъекттин толук дареги - жайгашкан жери |
| 507 | Чарбакер субъекттин аталышы |
| ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУЧУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |
| 508 | Салык төлөөчүнүн - ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык номери |
| 509 | Ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы |
| 510 | Келишим колдонула башталган күн |
| 511 | Келишимдин колдонулушу аяктаган күн |
| 512 | Келишимдин N |
| IX БӨЛҮМ. __/__/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН/ БАГУУСУНДАГЫ АДАМДЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ(*) | |
| 601 | Милдеттенменин коду Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 602 | Милдеттенменин аталышы Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык көрсөтүлөт |
| 603 | Кредитордун/зайым алуучунун аталышы |
| Милдеттенменин пайда болушунун негизи | |
| 604 | Келишим түзүлгөн күн |
| 605 | Келишимдин N ___ (эгерде бар болсо) |
| 606 | Милдеттенменин күнү |
| 607 | Милдеттенменин күчүнүн мөөнөтү аяктаган күн |
| 608 | Милдеттенменин суммасы, сом менен |
| Негизги карызды тындыруу суммасы | |
| 609 | Сом менен |
| 610 | Пайыз менен |
| Тындырылбаган негизги карыздын калдыгы | |
| 611 | Сом менен |
| 612 | Пайыз менен |
| (*) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1- жана 5-статьяларынын күчү жайылтылган адамдар гана толтурат | |
3. Конвертти толтурууга карата талап
Конверттин жогорку сол бурчунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги көрсөтүлөт. Конверттин төмөнкү оң бурчунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдар үчүн - мамлекеттик органдын (ведомстволук бөлүмдүн) аталышы, ээлеген кызматы, аты-жөнү, ал эми кызматтан бошотулган адамдар үчүн - "экс-" приставкасы менен мурда ээлеген кызматы көрсөтүлөт;
2) администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн мамлекеттик органдын (ведомстволук же аймактык бөлүмдүн) аталышы, конвертте болгон декларациялардын саны.
Жогорку жагынын оң бурчунда "ДЕКЛАРАЦИЯ" деп көрсөтүлөт. Конверттин чапталган жери мамлекеттик органдын (гербдүү же кадрлар бөлүмүнүн) мөөрү менен бекитилет.
Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларациянын бланкына 2-тиркеме
Кирешелердин, мүлктүн жана милдеттенмелердин
КЛАССИФИКАТОРУ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Декларанттын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасынын классификатору
Код
Аталышы
101
Жубайы
102
Жашы жете элек балдар
103
Декларанттар финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдар (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө)
104
Декларант финансылык чыгымдарды тарткан декларанттын ата-энеси (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө)
105
Декларант финансылык чыгымдарын тарткан бир туугандары (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө)
106
Багууда же толук камкордугунда болгон, декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык)
2. Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин жана мүлктү сатып алуу булагынын классификатору
Код
Аталышы
201
Негизги иштеген жери боюнча кирешелер
202
Педагогикалык иштен алынган кирешелер
203
Илимий иштен алынган кирешелер
204
Башка чыгармачылык иштен алынган кирешелер
205
Кызматтарды айкалыштыруудан алынган кирешелер
206
Интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелер
207
Салымдар үчүн эсептелген пайыздар же башка компенсациялар
208
Зайымдарды берүү үчүн эсептелген пайыздар же башка компенсациялар
209
Ишкердик иштен алынган кирешелер
210
Биржа бүтүмдөрүнөн алынган кирешелер
211
Жарандык-укуктук келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн алынган кирешелер
212*
Мелдештерде, конкурстарда алынган байгелер, ошондой эле лотереялардагы, казинодогу жана башка кумар оюндарындагы утуштар
213*
Сыйлык катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк
214*
Кайрымдуулук же материалдык жардам катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк
215*
Мурас катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк
216
Камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган кирешелер
217
Жөлөкпулдардын, стипендиялардын, пенсиялардын жана бир жолку төлөмдөрдүн бардык түрлөрү
218
Соттук актылардын негизинде алынган кирешелер
219
Баалуу кагаздардан жана коммерциялык уюмдарга үлүштүк катышуудан алынган кирешелер
220
Банктагы салымдар жана мамлекеттик казыналык милдеттенмелер боюнча пайыз жана утуш түрүндө алынган кирешелер
221
Мамлекеттик жана муниципалдык заемдордун облигациялары боюнча утуш түрүндө алынган кирешелер
222
Жогоруда көрсөтүлбөгөн ар кандай башка булактардан алынган кирешелер
(*) Эгерде алардын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 100 эсе ашса декларацияланууга тийиш
3. Кыймылдуу мүлктүн классификатору
Код
Аталышы
Транспорт каражаттары
301
Жеңил автомобилдер
302
Жүк ташуучу автомобилдер
303
Автоприцептер
304
Мототранспорт каражаттары
305
Айыл чарба техникасы
306
Суу транспорту
307
Аба транспорту
308
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка транспорт каражаты
Эмерек
310
Эмерек
Фото, аудио жана видеотехника
320
Фото, аудио жана видеотехника
Компьютерлер жана оргтехника
330
Компьютерлер жана оргтехника
Турмуш-тиричилик техникасы
340
Турмуш-тиричилик техникасы
Жандыктар
351
Ири мүйүздүү мал
352
Кой-эчки
353
Жылкы
354
Үй канаттуулары
355
Чочко
356
Аары
357
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жандыктар
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк
361
Дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрү
362
Тоют чөптөрү
363
Картөшкө
364
Жашылчалар
365
Өсүмдүк өстүрүүнүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү
Баалуу кагаздар
371
Облигация
372
Вексель
373
Чек
374
Депозиттик жана сактык сертификаттары
375
Банктык сактык китепче
376
Коносаменттер
377
Акциялар
378
Талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы баалуу кагаздар жана башка мүлктүк укуктар
379
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка баалуу кагаздар
Баалуу металлдар жана буюмдар
381
Баалуу металлдар
382
Баалуу металлдардан жана жарым-жартылай баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зергер буюмдар
383
Маданий баалуулугу бар менчик
384
Белгиленген тартипте байыркы деп таанылган буюмдар
385
Кыймылдуу мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү
4. Кыймылсыз мүлктүн классификатору
Код
Аталышы
Турак-жай
401
Үй/үйдүн бир бөлүгү
402
Квартира/квартиранын бир бөлүгү
403
Бөлмө
404
Дача үйү
405
Пансионат, эс алуу үйү, санаторий
406
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка турак-жай
Имараттар жана курулмалар
411
Өндүрүштүк имарат/курулма
412
Администрациялык имарат/курулма
413
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка капиталдык курулуштар же курулмалар
Жеңил конструкциялар
421
Киоск
422
Контейнер
423
Гараж
424
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка конструкциялар
Жер
431
Жер участогу
432
Өзүнчө турган суу объекттери
433
Токой
434
Көп жылдык көчөттөр
Кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү
441
Курулуп бүтө элек курулуш объекттери
442
Кыймылсыз мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү
5. Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификатору
Код
Аталышы
501
Эмгек келишими
502
Сатып алуу-сатуу келишими
503
Алмашуу келишими
504
Ижара келишими
505
Зайым алуу келишими
506
Кредиттик келишим
507
Банктык салым келишими
508
Акысыз пайдалануу келишими (ссуда)
509
Акы төлөмө кызмат көрсөтүү келишими
510
Сактоо келишими
511
Тартуулоо келишими
512
Кийин сатып алуу менен ижара келишими
513
Интеллектуалдык иштин натыйжаларын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жекелештирүү каражаттарын түзүүгө жана пайдаланууга автордук же башка келишим
514
Камсыздандыруу келишими
515
Мелдештерге, конкурстарга катышуунун натыйжасында, ошондой эле лотереялардан, казинодон жана башка кумар оюндардан алынган байгелерди жана утуштарды төлөө жөнүндө актылар
516
Жөлөкпулдарды, стипендияларды, пенсияларды жана бир жолку төлөмдөрдү төлөө жөнүндө актылар
517
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк
518
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын актылары
519
Сот актылары
520
Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун башка негиздери
6. Милдеттенмелердин классификатору
Код
Аталышы
601
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия берген финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттер
602
Пайыздык зайымдар (адистешкен уюмдар, юридикалык жана жеке жактар)
603
Ссудалар (пайызы жок зайымдар)
604
Финансылык мүнөздөгү контракттык (келишимдик) милдеттенмелер (ижара, мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу, келечектеги кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө ж.б.)
605
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон финансылык милдеттенмелер (соттун чечими боюнча төлөмдөр, алименттер ж.б.)
606
Башка финансылык милдеттенмелер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна…Положение · 25.12.2012 · № 855
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.03.2015 · № 170 · Күчүн жоготкон
- О декларировании и публикации сведений о доходах, обязательствах и имуществе лиц, замещающих политические и иные специальные государственные должности, а также их близких…Закон · 07.08.2004 · № 108 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 23 декабрындагы № 873 токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 873
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын…Постановление · 23.12.2015 · № 873 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- О декларировании и публикации сведений о доходах, обязательствах и имуществе лиц, замещающих политические и иные специальные государственные должности, а также их близких…Закон · 07.08.2004 · № 108 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды…Положение · 25.12.2012 · № 855 · Күчүн жоготкон