Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 ноября 2020 года № 551 "О Совете по экономическим реформам при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-13.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-декабры № 867 Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык) 2015-жылдын 25-27-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун штаб-квартирасында болгон туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун Саммитинде кабыл алынган Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (мындан ары - ТӨМ) жетишүүнү улуттук шарттарга адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору, мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитеттин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөк көрсөтүүсү менен глобалдуу демилгелер процессинде ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча БУУнун маанилүү иш-чараларына кыргыз тараптын катышуусунун жол-жоболорун жана форматтарын камсыз кылсын.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитетке ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана тейлеген багыттары боюнча тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 551
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 (Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг…Распоряжение · 28.03.2016 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 22.12.2015 · № 867 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 "Кыргыз Республикасынын миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Координациялык комитет жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 01.04.2009 · № 204 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 551
- КР Өкмөтүнүн 2016-яылдын 2-сентябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн…Постановление · 02.09.2016 · № 475 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2020 · № 551
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 "Кыргыз Республикасынын миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Координациялык комитет жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 01.04.2009 · № 204 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.