Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 „Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 870 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Электр энергиясын берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 58-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "58. Керектөөчү менен лицензиаттын ортосунда керектелген электр энергиясын жана кубаттуулуктарды эсептөө үчүн Ченөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасында эсеп жүргүзүүлөрдө пайдаланууга уруксат берилген электр кабылдагычтардын иш мүнөзүнө шайкеш келген эсепке алуунун коммерциялык каражаттары же ЭКЭАС колдонулушу керек, ошол эле учурда керектелген электр энергиясын эсептөөдө тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн ЭКЭАС колдонулушу керек.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-авугстундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө " токтомуПостановление · 22.08.2012 · № 576
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон