Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 „Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-декабры № 825 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясында:
- 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун 6-пунктчасынын алтынчы абзацындагы "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- 8, 9, 23 жана 24-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "СӨМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу
2015-2016- жылдардын аралыгында
Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл
Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору
Келишимдин долбоору
";
- 19 жана 20-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "ММК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмесинде:
"СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын; "ЭМЖМ - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген аббревиатура жана сөздөр "ММК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын-эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2014 · № 670
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз…Постановление · 30.04.2013 · № 222 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2014 · № 670
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз…Постановление · 30.04.2013 · № 222 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.