Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 декабря 2015 года № 825 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Концепции развития системы пенсионного обеспечения Кыргызской Республики" от 24 ноября 2014 года № 670"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-02.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-апрели № 222 Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы жөнүндө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "2005-жылы 25-ноябрда Москва шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги эмгек миграциясы жана эмгек мигранттарын социалдык коргоо тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын социалдык коргоо жана пенсиялык камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы;
- Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Иш-чаралар планынын ишке ашырылышы тийиштүү жылга функциялык милдеттерин ишке ашыруу үчүн кызыкдар мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 токтому менен бекитилген
Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Атка- руу мөөнө- тү | Жооптуу аткаруучу- лар | Күтүлгөн натыйжалар |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын уюштурулган тандоо жана жумушка орноштуруу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Макулдашуу долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ЭМЖМ | КР Өкмөтү тарабынан жактырылган Макулдашуунун долбоору |
| 2 | Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу. | Макулдашуу долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ЭМЖМ | Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү тарабынан жактырылган макулдашуунун долбоору |
| 3 | Реадмиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун жана аны андан ары ратификациялоого киргизүү менен ишке ашыруунун тартиби жөнүндө аткаруу протоколунун долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Макулдашуу долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ЭМЖМ | Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү тарабынан жактырылган жана КР ЖК тарабынан ратификация- ланган макулдашуунун долбоору |
| 4 | Төмөнкүлөр менен байланышкан маселелерди Өкмөттөр аралык комиссиянын Биргелешкен кыргыз-россия жумушчу тобунун отурумуна даярдоо жана киргизүү: - Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын уюштурулган тандоо жана жумушка орноштуруу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууга кол коюу; - 1996-жылдын 28-мартындагы эмгек мигранттарынын иши жана социалдык коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашырууда эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу. | Биргелеш- кен кыргыз-ро- ссия жумушчу тобунун отурумунун чечими | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ЭМЖМ (жооптуу); Соцфонд | Эмгек мигранттарынын пенсиялык каражаттарын туруктуу жашаган өлкөсүнө которууларды эске алуу менен эки мамлекеттин тең эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө россия тарапка сунуш берүү |
| 5 | Эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу укуктарынын ишке ашырылышын эске алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашуунун долбооруна кол коюуну демилгелөө | Макулдашуу долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд | Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү тарабынан жактырылган макулдашуунун долбоору |
| 6 | Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан жарандардын Кыргыз Республикасында ден-соолугунун абалы тууралуу документти алуу шарттарын макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Саламатсак- мин | Протоколго кол коюу менен келишимге жетишүү |
| 7 | Россия Федерациясында иштегени кетип жаткан жарандар Кыргыз Республикасында орус тилинен базалык билимин ырастоочу тастыктамаларды алуу шарттын жана механизмин макулдашуу боюнча Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Билимберүү- мин | Протоколго кол коюу менен келишимге жетишүү |
| 8 | Россия Федерациясынын Пенсиялык фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Россия Федерациясында иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече эсепке алуу, милдеттүү пенсиялык камсыздандырууга Россия Федерациясынын үлгүсүндө камсыздандыруу күбөлүктөрүн тариздөө жана берүү боюнча макулдашылган сунуштарды даярдоо | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд | РФга иштегени кетип жаткан КР жарандарын жекече эсепке алуу, милдеттүү пенсиялык камсызданды- рууга Россия Федерациясынын үлгүсүндө камсыздандыруу күбөлүктөрүн тариздөө жана берүү боюнча макулдашылган иш аракеттер |
| 9 | 1992-жылдын 13-мартындагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатында КМШга катышкан-мамлекеттер- дин жарандарынын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө КМШ мамлекеттеринин макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу шарттарын Россия Федерациясынын жарандары менен теңдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштарынын долбоорун даярдоо жана Россия тараптын кароосуна киргизүү | КР Өкмөтү- нүн чечиминин долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд | Өкмөт башчыларынын расмий визиттеринин жүрүшүндө Россия тарапка бериле турган КР Өкмөтү демилгелеген сунуштардын пакети |
| 10 | Пенсия менен камсыз кылуу жаатында жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу | Макулдашуу долбоору | 2013- жылдын II жарым жылды- гы | Соцфонд ТИМ | Макулдашуунун даярдалган долбоору |
| 11 | 1992-жылдын 13-мартындагы Москва шаарында кол коюлган Пенсия менен камсыз кылуу жаатында КМШга катышкан-мамлекеттер- дин жарандарынын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө КМШ мамлекеттеринин макулдашуусунун жана 1996-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эмгекчи мигранттардын эмгек иш аракети жана аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык фондунун өз ара аракеттенүү схемасын иштеп чыгуу | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд, ТИМ | Өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган схемасы |
| 12 | Социалдык камсыздандыруу каражаттарын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана "Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго которуунун механизмин иштеп чыгуу | КР Өкмөтү- нүн чечи- минин долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд, Мамфинкөзө- мөл | КР Өкмөтүнүн токтому |
| 13 | Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуу системасын киргизүү менен байланышкан макулдашылган сунуштарды даярдоо маселеси боюнча Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматы менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ТИМ, ЭМЖМ | РФга иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасын- ын жарандарын эсепке алуу системасын киргизүү менен байланышкан макулдашылган иш аракеттер |
| 14 | Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоого алуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | КР Өкмөтү- нүн токтомунун долбоору | 2013- жылдын II жарым жылды- гы | ЭМЖМ, министрлик- тер, ведомство- лор | РФга иштегени кетип жаткан Кыргыз Республикасы- нын жарандарын эсепке алуунун жана контролдоонун бекитилген тартиби |
| 15 | Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестициялык макулдашуунун долбоорун даярдоо | КР Өкмөтү- нүн чечиминин долбоору | 2013- жылдын II жарым жылды- гы | Экономмин | Инвестициялык макулдашуу |
| 16 | Россия Федерациясында убактылуу иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын - эмгек мигранттарынын пенсиялык стажы жана пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтын толуктугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Практика- лык иш аракеттер | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Соцфонд, ЭМЖМ, Саламатсак- мин | РФга убактылуу иштеп жүргөн КР жарандарын эмгек мигранттарын эсепке алууну, пенсиялык топтоолорун жана медициналык камсызданды- руусун камсыз кылууга мүмкүндүк берген жобону бекитилиши |
| 17 | Эмгек мигранттары Кыргызстанда алардын Россия Федерациясында мыйзамдуу жумушка орношуусуна байланышкан бардык документтерди алуу максатында "бирдиктүү терезе" системасын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, кызыкдар министрликтердин, ошондой эле "Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун өз ара карым катнашынын макулдашылган механизмин регламенттеген ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү. | КР Өкмөтү- нүн токтомунун долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | ЭМЖМ, Саламатсак- мин, Соцфонд. | Бул максатта атайын уюштурулган юридикалык жакка тийиштүү ыйгарым укуктарды берүү аркылуу "бирдиктүү терезе" түзүү |
| 18 | Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына иштеп акча табууга кетип жатканда эмгек мигрантынын топтолуучу пенсиялык эсебинде калуучу пенсияны түзүүгө топтолуучу камсыздандыруу төгүмдөрүн Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын кирешелеринин орточо жылдык көрсөткүчүнүн 2% өлчөмүндө белгилөө | КР Өкмөтү- нүн токтомунун долбоору | 2013- жылдын I жарым жылды- гы | Мамфинкөзө- мөл, Улутстатком | КР Улуттук экономикасына узак мөөнөттүү инвестициялоо үчүн активдерди түзүү |
| 19 | Эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларына инвентаризация жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүү | КР Өкмөтү- нүн токтомунун долбоору | 2013- жыл ичинде | Соцфонд, ЭМЖМ, Саламатсак- мин | Эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык укуктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
| 20 | Россия Федерациясына иштегени кетип жаткан жарандардын арасында жарнама, маалыматтык-түшүндүр- мө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү: - ыктыярдуу камсыздандыруу тартиби, жана шарттары жөнүндө маалыматтык буклеттерди даярдоо; - буклеттерди эмгек мигранттары бара турган жерлерде жана чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө таратуу; - маалыматтарды ЖМКда, телекөрсөтүүнүн маалыматтык блокторунда, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын миграциялык кызматтарында басма маалыматтык продукцияларды жайгаштыруу. | Практика- лык иш аракеттер | Дайыма | Соцфонд, ЭМЖМ, ТИМ |
Кыскартылган аталыштар
ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Соцфонд - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Экономмин - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Саламатсакмин - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КР - Кыргыз Республикасы Мамфинкөзөмөл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Билимберүүмин - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЖМК - жалпыга маалымдоо каражаттары РФ - Россия Федерациясы КМШ - Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештиги КР ЖК - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улутстатком - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын-эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу" программасы (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Программа · 30.04.2013 · № 222
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү…Постановление · 02.12.2015 · № 825
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 825 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү…Постановление · 02.12.2015 · № 825
- 1994-жылдын 15-апрелиндеги эмгек миграциясы жана мигрант эмгекчилерди социалдык жактан коргоо жагындагы кызматташуу жјніндјгі макулдашууга јзгјтіілјр жана толуктоолор киргизіі…Закон · 06.12.2006 · № 203