Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-ноябры № 771 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык) 4-топтогу мүлк объекттерине салык алуунун механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөрү;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболордо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринде:
8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: “ “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө” – диаметри жантыгынан 80 мм жана тигинен 65 мм болгон сүйрү формадагы, тиешелүү түстөгү (атайын наклейканын түсү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде жыл сайын өзгөрүлүп турат), сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен үлгүгө шайкеш келген - механикалык транспорт каражатынын алдына (маңдайкы терезесине) жайгаштырылуучу атайын наклейка.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте :
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы менен бирге 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнүшүн башкарууну жана контролдоону күчөтсүн.
5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августундагы № 469 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-3 жана 6-пункттарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын" МИЛДЕТТЕРИ (Кыргыз…Положение · 04.08.1999 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 720 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 03.08.2012 · № 544 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августу № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 28.08.2013 · № 469 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 27.08.2014 · № 491 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн…Постановление · 04.08.1999 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 720 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 03.08.2012 · № 544 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августу № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 28.08.2013 · № 469 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана…Постановление · 27.08.2014 · № 491 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.