Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-статья. Жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын, башка уюмдар менен жүргүнчүлөрдүн темир жол транспорт ишканаларынын алдындагы жоопкерчилиги
1. Темир жол транспортунун кызматтарынын пайдаланууда жана анын ишканалары менен объекттеринде болууда жүктөрдүн, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн жөнөтүүчүлөр жана алуучулар, ошондой эле жүргүнчүлөр Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын, Граждандык кодексинин, темир жол транспортунда колдонуудагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2. Жүк ташуулар жаатында жөнөтүүчүлөр жана алуучулар болуп саналган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген өлчөмдөрдө айып түрүндө жоопкерчилик тартат.
Эл аралык катнашууда жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн жана жол жүгүн ташуу менен байланышкан милдеттенмелерди аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын жана жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат. Жөнөтүүчүлөрдү, алуучуларды жана жүргүнчүлөрдү жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн жана жол жүгүн ташуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиздер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана алардын негизинде түзүлүүчү келишимдер тарабынан аныкталат.
3. Кызмат адамдары жана граждандар темир жол транспортунун каражаттарын пайдалануунун эрежелерин, темир жол транспортунда кыймылдын тартибин жана коопсуздугун сактоо эрежелерин, өрт коопсуздугунун эрежелерин, санитардык-гигиеналык жана санитардык-жугуштуу ооруларга каршы эрежелерди бузгандык, транспорт каражаттарынын түзүлүштөрүн жана алардын ички жабдууларын бузгандык үчүн, эгерде ал бузуу өзүнүн мүнөзү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
4. Транспорттук коммуникацияларды атайын бөгөттөөнүн жана анын тоскоолдуксуз жана коопсуз иштешине доо келтирген башка мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында темир жол транспортуна келтирилген зыяндын орду, эгерде алардын аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында темир жол коммуникацияларын атайылап бөгөттөөнүн жана башка мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана аларды болтурбоо үчүн зарыл чаралар көрүлбөсө, темир жол транспортунун ишканалары менен мекемелерине күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-24" title="24-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>