23-статья. Темир жол транспорт ишканаларынын жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
23-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 23-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Темир жол ишканалары жол жүрүүгө жана жүктү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почтаны ташууга акы төлөгөн жана жүрүү документтерин туура жол-жоболоштурган жүргүнчүлөр менен жүк жөнөтүүчүлөргө, Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы, ташуулардын эрежелери жана шарттары, ошондой эле эл аралык келишимдери тарабынан каралган учурларды албаганда, жүргүнчү менен жүк жөнөтүүчүнү ташуудан баш тартууга укуксуз.
2. Ташуу процессин жүзөгө ашыруучу темир жол транспортунун ишканалары темир жол транспортунун кызматтарынан пайдалануучу жүргүнчүлөрдүн же башка жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Жергиликтүү катнашууда темир жол транспортунун ишканаларынын жүргүнчүлөрдү ташуу жана жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ташуу боюнча милдеттенмелерин аткарбагандык, тиешелүү түрдө аткарбагандык же өз убагында аткарбагандык үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан, ал эми эл аралык катнашууда - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.
Темир жол транспортунун ишканаларын ташуулар боюнча милдеттенмелерин аткарбагандык, тиешелүү түрдө аткарбагандык, өз убагында аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтен бошотуунун негиздери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана эл аралык келишимдери тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык темир жол транспортунун ишканалары өздөрүнүн күнөөсү боюнча курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген зыян үчүн жана темир жол транспортунун жерлерин тиешелүү түрдө күтпөгөндүк үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-23" title="23-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>