12-статья. Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү,
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 марта 2010 года № 37
таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ташууну уюштуруунун негиздери
1. Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ички катнашуудагы темир жол транспорту менен ташуу, Темир жолдордо жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана таңгакталган жол жүгүн ташуунун эрежелери жана Кыргыз темир жолу менен жүктөрдү ташуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн эл аралык катнашууда ташуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Ташуулардын сапатынын (жеткирүүнүн мөөнөтү, жүктөрдүн, таңгакталган жол жүгүнүн, жол жүгүнүн жана почтанын сакталышы) жана темир жол жана аларды ташуу жана тейлөө менен байланыштуу башка ишканалар үчүн милдеттүү болгон жүргүнчүлөрдү, жүк жөнөтүүчүлөрдү жана жүктү алуучуларды, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн тейлөөнүн көрсөткүчтөрү Темир жол менен жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрүн жана таңгакталган жол жүктөрүн ташуунун эрежелеринде жана Кыргыз темир жолу тарабынан жүктөрдү ташунун эрежелеринде каралган тартипте белгиленет.
(КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-12" title="12-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>