Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-07-18.
КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 121 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 2-марты № 37 "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 499-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
"а", "б", "в" жана "г" тамгалык белгилери "-" белгисине алмаштырылсын; экинчи абзацтагы ", ошондой эле темир жол тарабынан бастырылып чыгарылуучу кошумча нускамалардын" деген сөздөр алып салынсын.
2. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 10-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", ошондой эле транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы же анын тапшыруусу боюнча темир жол тарабынан бекитилген жоболор" деген сөздөр алып салынсын.
4. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "тарабынан белгиленген" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 15-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүрүү коопсуздугунун бузулушун кызматтык текшерүүнүн, классификациялоонун жана эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
6. 16-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "жана көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү түрдө сертификацияланууга" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Темир жол транспортунда ылайыктуулугун ырастоо боюнча иш жүргүзүү техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат."; 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча кабыл алынуучу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан ички иштер жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 17-статьянын 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын; үчүнчү абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статьяда:
3-бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндөгү "темир жол транспорту жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Темир жол транспорту жөнүндөЗакон · 18.07.2016 · № 121
- Темир жол транспорту жөнүндөЗакон · 09.07.1998 · № 90 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 303 "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 06.06.2016 · № 303 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Темир жол транспорту жөнүндөЗакон · 18.07.2016 · № 121