Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Темир жол транспортундагы башкаруу
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 марта 2010 года № 37
1. Темир жол транспортундагы ташуу процессин башкаруу борборлоштурулуп жүргүзүлөт жана Транспорт жаатындагы мамлекеттик органынын бирден-бир компетенциясына кирет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка уюмдары менен жеке жактары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, темир жол транспортунун ташуу процессине байланыштуу ишине кийлигишүүгө укуксуз. Темир жол транспортунун, анын ичинде, өзүнүн курамына кирген жана юридикалык жак болуп саналган, аларга карата темир жол ташуу процессин уюштуруу жана камсыз кылуу жаатындагы башкаруунун милдетин аткарган темир жол транспортунун башка ишканалары менен мекемелеринин чарбалык ишин жөнгө салуу өз компетенциясына ылайык транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын компетенциясы, темир жолдун, анын ичинде, анын курамына кирген темир жол транспортунун башка ишканаларынын жана мекемелеринин милдеттери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы, башка мыйзамдары жана башка укуктук ченемдик актылары тарабынан аныкталат.
3. Темир жол транспортунун ишканаларынын жана мекемелеринин ишин контролдоону транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай контролдоо милдеттери жүктөлгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары да жүзөгө ашырат.
(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 111, 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-10" title="10-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>