Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-августу № 594 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобонун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Типтγγ жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 токтому менен бекитилген)Постановление · 20.08.2015 · № 594
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону…Постановление · 02.10.2017 · № 636
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон