Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 „Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-октябры № 636 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жободо:
4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды координациялоону камсыз кылуу жана ишке ашыруу;"; 6-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "өзгөчө кырдаалдардан" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.08.2015 · № 594
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон