Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 октября 2016 года № 524 "О мерах по обеспечению учета товаров, перемещаемых через Государственную границу Кыргызской Республики в рамках торговли с государствами-членами Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-10-03.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 3-августу № 554 Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-6-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому жана "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча) менен бирге Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрмө түтүктөр аркылуу газды жана электр берүү линиялары аркылуу электр энергиясын ташууда (импорттоодо) маалыматтарды эсепке алуу жана өз ара аракеттенүү боюнча технологиялык схеманы иштеп чыксын жана бекитсин.
3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна же жүктөрдү ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агентке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирге алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда ташылуучу жүктөр жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана салык органына берүү боюнча маалымат системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу аба, темир жол транспорту менен жүктөрдү алып өтүүнү…Положение · 03.08.2015 · № 554
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы…Постановление · 03.10.2016 · № 524 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында…Постановление · 27.01.2016 · № 38 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 январындагы № 38 токтомуПостановление · 27.01.2016 · № 38
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуПостановление · 03.10.2016 · № 524
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында…Постановление · 27.01.2016 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы…Постановление · 03.10.2016 · № 524 · Күчүн жоготкон