Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Шабдан Касиевдин, Жапар Сатарович Топошовдун, Адыл Исмаилович Абаевдин, Рустам Бакишович Маатовдун, Номанжан Ибрайимжановдун, Далилбек Мамасадикович Исмаиловдун, Жениш Урунбаевич Нурматовдун, Абдылда Толубаевдин, Анатолий Яковлевич Филимоновдун, Шавкатбек Абдухалиловдун, Абдыбает Абдыкаюмович Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Турсунали Курбанович Халикуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ
Шабдан Касиевдин, Жапар Сатарович Топошовдун, Адыл Исмаилович Абаевдин, Рустам Бакишович Маатовдун, Номанжан Ибрайимжановдун, Далилбек Мамасадикович Исмаиловдун, Жениш Урунбаевич Нурматовдун, Абдылда Толубаевдин, Анатолий Яковлевич Филимоновдун, Шавкатбек Абдухалиловдун, Абдыбает Абдыкаюмович Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Турсунали Курбанович Халикуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө 2019-жылдын 1-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы М.С. Раимбаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Ш. Касиевдин, Ж.С. Топошовдун, А.И. Абаевдин, Р.Б. Маатовдун, Н. Ибрайимжановдун, Д.М. Исмаиловдун, Ж.У. Нурматовдун, А. Толубаевдин, А.Я. Филимоновдун, Ш. Абдухалиловдун, А.А. Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Т.К. Халикуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун сот отурумунда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Ш. Касиевдин, Ж.С. Топошовдун, А.И. Абаевдин, Р.Б. Маатовдун, Н. Ибрайимжановдун, Д.М. Исмаиловдун, Ж.У. Нурматовдун, А. Толубаевдин, А.Я. Филимоновдун, Ш. Абдухалиловдун, А.А. Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Т.К. Халикуловдун Кыргыз өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 30-апрелинде Ш. Касиевдин, Ж.С. Топошовдун, А.И. Абаевдин, Р.Б. Маатовдын, Н. Ибрайимжановдун, Д.М. Исмаиловдун, Ж.У. Нурматовдун, А. Толубаевдин, А.Я. Филимоновдун, Ш. Абдухалиловдун, А.А. Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Т.К. Халикуловдун Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин II–бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6 жана 20-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү келип түшкѳн. Өтүнүчкѳ ылайык аталган адамдар (жактар) СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (мындан ары – СССР МКК) Кызыл Туулуу чыгыш чек ара аймагына тиешелүү болгон 1983-жылы Ош шаарында атайын түзүлгөн жалаң гана аскерге милдеттүү шопурлардын ичинен турган автомобилдик батальонунун эсебине киргизилишкен. Согуш аракеттер мезгилинде (1979-1989-жылдары) жогоруда аталган жактар Афганистан Республикасынын аймагында аскерлерди ок атуучу куралдар, авиабомба, снаряд, күйүүчү-майлоочу материалдар, тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн айдоочулар катары кызмат өтүшкөн. Согуш аракеттери бүткөндөн кийин аталган субъекттерге алардын кызматы үчүн жеңилдиктер укугу жөнүндө күбөлүктөр берилип, анын негизинде алар тийиштүү социалдык жеңилдиктерди алууга укуктуу болушкан. Демек, КПСС БКнын жана СССР МСнин 1983-жылдын 17-январындагы № 59-27 «Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамында кызмат өтөгөн аскер кызматындагыларга, жумушчуларга жана кызматкерлерге Афганистан Демократиялык Республикасынын аймагында жана алардын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктерге укук жөнүндө» токтомунун 6-пункту менен аталган токтомдун 1-5-пункттары СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматкерлерин (согуштук кеңешчилерди жана адистерди кошкондо), согуш аракеттерине катышкан адамдар, аскер адамдарына, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан жумушчуларга жана кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөсүнө интернационалдык парзды башка өлкөлөрдө аткаргандарга колдонууга жайылтылат деп каралган. Советтер Союзу кулагандан кийин, 1992-жылдын 13-ноябрында Москвада Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Өкмөттѳрү мурунку СССРдин мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен мурда түзүлгөн укуктарды жана артыкчылыктарды сактоо жѳнүндѳ чечим кабыл алган, анда аталган укуктарды жана жеңилдиктерди бир тараптуу чектѳѳгѳ жол берилбей тургандыгы каралып, мында Шериктештиктин мүчөсү болгон Мамлекеттер жогоруда айтылган адамдардын категорияларына коомдук коргоону күчөтүү боюнча чараларды кабыл алуу укугуна ээ болот деп көрсөтүлгөн. Арыздануучу ѳтүнүчүндѳ ал жактаган адамдар атайын эсепте турушчу жана СССР МКК юрисдикциясына тиешелүү болуп, «аскер-интернационалисттер» катары жергиликтүү эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын эсебинде турушчу деп белгилеген. Т.К. Халикулов жактаган жарандар Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык согуштун ардагерлери болуп таанылган. Мында ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык ушул адамдар 14-беренесинде каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык кепилдиктеринен пайдаланып келген.
Т.К. Халикулов, эгерде мурда аскер кызматчыларынын статусу советтик мезгилдеги мыйзамдар менен аныкталса, Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Согуш убагында, мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү азыр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат деп кѳрсѳткѳн.
Арыздануучунун айтымында, доочулар жеңилдиктерди алган учурдан баштап электр жана жылуулук энергиясын, жашоо аянтын жана коммуналдык кызматтарды пайдаланууну тѳлѳгѳндѳ республикалык бюджеттин эсебинен 50 пайыз түрүндѳ тѳлѳмдѳрдѳн, телефонду орнотууда жана телефондун абоненттик тѳлѳмүнѳн бошотулчу, эки жылда бир жолу врачтардын корутундусу боюнча санитардык-курорттук дарылоого акысыз жолдомо алышчу, шаардык, жүргүнчү транспортторунун болгон түрлѳрү менен (таксиден тышкары), шаардын чет жакасындагы жана эл аралык каттамдардагы темир жол транспорттору менен акысыз жүрүшчү, ж.б. Бирок, 2004-жылы СССР МКК чек ара аскерлерин (1991-2004-жылдары Россия Федерациясынын КФКнын чек ара аскерлери) Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга жана Россия Федерациясынын Эмгек мыйзамдары кодексине ылайык жарандар кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу жеңилдиктерди тѳлѳп берүү толук түрүндѳ токтотулган. 2007-жылы Ош шаарынын Социалдык коргоо башкармалыгы Ош шаарынын аскер комиссарынан окуу жыйындарга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөрдүн 65 адам санындагы тизмесин суроо-талап кылып, социалдык жеңилдиктер тууралуу документтерди берүүнү токтоткон. Ушуга байланыштуу, Т.К. Халикулов бул маселе боюнча болгон инстанцияларда сот отурумдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ѳтүп, алардын социалдык жеңилдиктерди алуу укугу калыбына келтирилген деп билдирген. Ошону менен бирге, арыздануучу Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин II бөлүгүнүн маанисин түшүнүүдѳ жана ар түрдүү мамлекеттик органдар тарабынан колдонууда жаралган туруктуу келише албастыктар адамдарга берилүүчү социалдык жеңилдиктерди алууда 2004-жылдан бери тутумдук проблемаларга алып келет деп белгилеген. Жогоруда баяндалгандын негизинде кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Т.К. Халикуловдун ѳтүнүчүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренесинин II бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6 жана 20-беренелерине ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктү жаратпайт деген тыянакка келип, 2019-жылдын 4-июнундагы аныктама менен ѳтүнүчтү конституциялык сот ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан. Судьялар коллегиясынын пикири боюнча арыздануучунун жүйѳлѳрүнүн маңызы талашылып жаткан ченемди укук колдонуу тажрыйбасында болгон кѳйгѳйлѳр менен байланыштуу болуп, мында анын регулятивдик мазмунун мамлекеттик органдар бири-бирине каршы келе турган түшүнүмдѳн пайда болгондуктан, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесине ылайык конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кароо үчүн негиз болуп саналган жана талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү туудурган жагдайлар катары жана укуктук далилдер катары бааланышы мүмкүн эмес.
Ш. Касиевдин, Ж.С. Топошовдун, А.И. Абаевдин, Р.Б. Маатовдун, Н. Ибрайимжановдун, Д.М. Исмаиловдун, Ж.У. Нурматовдун, А. Толубаевдин, А.Я. Филимоновдун, Ш. Абдухалиловдун, А.А. Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Т.К. Халикулов судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы аныктама менен макул болбостон, 2019-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Ѳзүнүн даттануусунда арыздануучу судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченем менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (6 жана 20-беренелер) ортосундагы ылайык келбестик эмнеден турганын белгилей алган эмес деп кѳрсѳткѳн. Кайрылуу субъекти ѳзүнүн даттануусунда алгачкы кайрылуусунда баяндалган далилдерди кайталап келтирип, ал жактаган адамдардын эмгек иши менен байланышкан жагдайларды кайта далилдейт жана ошондой эле башка малекеттердин аймагында болгон согуш аракеттердин катышуучуларына акчалай жардамды тѳлѳѳ менен тике мамилеге турган иштин фактыларга негизделген жагдайларын келтирет. Арыздануучу жогоруда аталган адамдарга жеңилдиктерди аныктоо маселесинде ылайыктуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар так жана даана жооп бере албай жатат деп кѳрсѳтѳт. Мындан тышкары, кайрылуу субъекти кѳрсѳткѳндѳй, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтому менен акчалай жардамдарды тѳлѳѳ тартиби жол-жоболоштурулган, бирок ал толугу менен жүзөгѳ ашырылбай келатат деп көрсөтөт. Баяндалгандын негизинде, Т.К. Халикулов Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин II бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 6-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, төмөнкүдөй тыянактарга келди. Арыздануучу ѳзүнүн даттануусунда судьялар коллегиясынын тыянактары менен шартталган жана ал даттанган аныктаманы жокко чыгарууга багытталган далилдерди келтирбейт. Конституциялык контролдоонун укуктук маңызы болуп конституциялуулукка даана шек келтирген укуктук мүнөздөгү ырасталган жүйөлөрү бар болгондо, ченемдик укуктук актылардын же алардын бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү текшерилет. Ушуга байлануштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Конституциялык палатага болгон кайрылууну тариздѳѳгѳ жана арыздануучу койгон маселе боюнча анын кѳз карашын негиздѳѳгѳ болгон бир катар талаптар каралган (20, 24, 25 жана 28-беренелер). Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 9-пунктуна ылайык арыздануучу ѳзүнүн кайрылуусунда коюлган маселе боюнча көз карашын жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемесин кѳрсѳтүгө милдеттүү. Бул талап арыздануучунун далилдери фактологиялык эмес, укуктук мүнөздѳ болуп, конституциялык орнотуулар менен тутумдук байланышта туруп, ал талашып жаткан укуктук ченемдин регулятивдик таасиринин конституциялуулугунда даана күмөндүүлүктү жаратуусу керек дегенди билдирет. Ал эми, кайрылуу субъектинин алгачкы кайрылуусунун жана даттануусунун мазмуну кайрылуучуларга карата Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин I жана II бөлүктѳрүн колдонуу маселесине тийиштүү болот, анткени тигил же бул ченемдин колдонуусу түздѳн-түз компенсациялык төлөмдөрдү алууга таасир этип, мында иштин фактыларга негизделген жагдайларын изилдѳѳгѳ талап кылынып, жалпы юрисдикциядагы соттордун ыйгарым укуктарына кирет. Ушуга байланыштуу, алгачкы ѳтүнүчтѳ жана даттанууда айтылган жүйѳлѳр «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык ишти ѳндүрүшкѳ кабыл алуу жѳнүндѳ маселени чечүүгѳ негиз боло албайт. Ылайыктуу мамлекеттик органдардын актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет деп тануу маселесинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бѳлүгүндѳ, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ жана 18-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуулук болгон иштердин толук тизмеси аныкталып, алардын катарына ченемдик мүнѳздөгү эмес актыларга укуктук баа берүү кирбейт деп белгилѳѳ абзел. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Шабдан Касиевдин, Жапар Сатарович Топошовдун, Адыл Исмаилович Абаевдин, Рустам Бакишович Маатовдун, Номанжан Ибрайимжановдун, Далилбек Мамасадикович Исмаиловдун, Жениш Урунбаевич Нурматовдун, Абдылда Толубаевдин, Анатолий Яковлевич Филимоновдун, Шавкатбек Абдухалиловдун, Абдыбает Абдыкаюмович Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Турсунали Курбанович Халикуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Шабдан Касиевдин, Жапар Сатарович Топошовдун, Адыл Исмаилович Абаевдин, Рустам Бакишович Маатовдун, Номанжан Ибрайимжановдун, Далилбек Мамасадикович Исмаиловдун, Жениш Урунбаевич Нурматовдун, Абдылда Толубаевдин, Анатолий Яковлевич Филимоновдун, Шавкатбек Абдухалиловдун, Абдыбает Абдыкаюмович Ашировдун кызыкчылыктарын көздөгөн Турсунали Курбанович Халикуловдун Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин II бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» 2019-жылдын 4-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон