Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 21-майындагы №22 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө 2019-жылдын 26-сентябры Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеев, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 21-майындагы №22 аныктамасына даттануусун сот отурумунда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун ѳтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 11-апрелинде «Туран», «Акылман», «Виндоорс», «Электрофарфор» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун жана «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун (андан ары – юридикалык жактар) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2009-жылдын 16-июлундагы №222 Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунун («Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Берилген өтүнүчкө ылайык юридикалык жактар 1996-жылдан 1998-жылга чейин «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамда бекитилген тартипке ылайык каттоодон өткөн «Бишкек» эркин экономикалык аймактын субъекттери болуп саналат. Арыздануучулар, көрсөтүлгөн юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо учурунда «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» Мыйзам колдонууда болуучу (1992-жылдын 16-декабрындагы редакцияда, 12-берененин 1-бөлүгүн кошпогондо Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы №6 Мыйзамы менен күчүн жоготкон), ал аларга эркин экономикалык зоналарда (андан ары - ЭЭА) алардын ишмердиги жүзөгө ашырылып жаткан бүт мезгилге салыктын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотуу түрүндөгү жеңилдиктерди кепилдеген. ЭЭА субъекттери тарабынан товардык продукциянын жалпы көлөмү республиканын ички дүң продуктусунун 10 пайыз өлчөмүнө жеткенде, ЭЭАда жеңилдиктерди пайдалануунун башка шарттары каралуу мүмкүн болмок. Ошол эле учурда, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2009-жылдын 16-июлундагы №222 Мыйзам менен «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» 1992-жылдын 16-декабрындагы Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодекси кабыл алынган күндөн тартып 10 жыл ичинде гана ЭЭА субъекттерине карата жеңилдетилген салык салуу жана бажы режими колдонула турган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 17-октябрында кабыл алынган). Кайрылуунун субъекттеринин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси кабыл алынган күндөн тартып 10 жылдык мөөнөт менен жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн чектөө түрүндөгү киргизилген өзгөртүү ЭЭАда ишмердигин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттердин абалын начарлатууда жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө, ага ылайык жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Баяндалгандын негизинде, кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Туран», «Акылман», «Виндоорс», «Электрофарфор» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун жана «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына туура келбейт деген жыйынтыкка келген жана 2019-жылдын 21-майындагы №22 аныктамасы менен аны өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. Судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жеке жана юридикалык жактардын конституциялык сот адилеттүүлүгүнө жетишүүсүнүн жогорку даражасын камсыз кылып жатып,бул субъекттердин конституциялык контролдоо органына мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугу жөнүндө суроо-талап менен кайрылуусунун шарттарын орнотуу менен бирге алардын чектерин белгилейт. Судьялар коллегиясы белгилегендей бул шарттын маңызы талашылып жаткан ченем тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин тике (конкреттүү) же мүмкүн боло турган (абстрактуу) бузулуусунун болушунда камтылат. Демек, жеке жана юридикалык жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмү менен орнотулган адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган же бузула турган учурда гана пайда болот. Ошону менен бирге, арыздануучулардын талабы Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган фактыларга эмес, талашылып жаткан ченемдин ченем-принцип болуп саналган, адамдын, жарандын конкреттүү субъективдүү укуктары менен эркиндиктерин орнотпогон, мыйзамдардын жана ченемдик-укуктук актылардын артка карай колдонуунун жалпы эрежелерин аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келүүсүнө негиздеген. Судьялар коллегиясы жеке жана юридикалык жактар кайрылууда алардын конкреттүү укуктар менен эркиндиктеринин бузулушун көрсөтпөстөн талашылып жаткан ченемдин ченемдик укуктук актылардын иштөө тартибинин конституциялык талаптарга ылайык келүүсү туурасында өңүтүнөн алып, анын конституциялуулугу жөнүндө маселени кое албай тургандыгын эске алуу менен кайрылууда келтирилген талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн адамдын, жарандын конкреттүү укуктары жана эркиндиктери менен тутумдук байланышта турбайт деген тыянакка келген. «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коому судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 21-майындагы № 22 аныктамасы менен макул болбой, 2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган. Арыздануучу өзүнүн даттануусунда судьялар коллегиясынын жүйөлөрү негизсиз, анткени «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшү алкагында мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда алардын конституциялуу эместигин таануу тууралуу иштерди карайт деп көрсөтүүдө. Кайрылуунун субъектиси Кыргыз Республикасынын Конституциясы Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер мыйзам жана башка ченемдик укук актылар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам алардын конституциялуулугун талашууга укуктуу деп көрсөтүүдө (97-берененин 7-пункту). Арыздануучу өзүнүн даттануусунда талашылып жаткан ченем ченемдик укуктук актынын артка карай колдонулуу маселелерин гана жөнгө салган Конституциянын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келет деп кайталап жазууда. Кайрылуу субъектиси түшүндүрмө бергендей, «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коому «Бишкек» эркин экономикалык аймактын субъектиси болуп саналат, 1998-жылы «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган. Кайрылуунун субъекти көрсөткөндөй, мамлекеттик каттоодон өтүү учурунда, өндүрүштүк ишканаларды куруу жана өндүрүштү уюштуруу мезгилинде, «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (1992-жылдын 16-декабрындагы редакциясында, 2014-жылдын 11-январындагы Кыргыз Республикаснын Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон) күчүндө болуучу, ага ылайык белгиленген тартипте каттоодон өткөн ЭЭАнын субъекттерине эркин экономикалык аймактагы ишмердигин бүткүл мезгилине салыктардын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотуу түрүндөгү жеңилдиктер кепилденген болуучу. Бирок арыздануучу 2009-жылдын 16-июлундагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын № 222 Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пункту менен («Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) Кыргыз Республикаснын Салык кодекси кабыл алынган күндөн тартып жеңилдиктердин 10 жылдык мөөнөт менен чектелиши ЭЭАнын чарбакер субъекттеринин абалын начарлатты деп эсептейт. Баяндалганды эске алуу менен, «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коому судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 21-майындагы № 22 аныктамасын жокко чыгарып, өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар колегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө. Судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жеке жана юридикалык жактарга Конституциянын жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын кайрылууларга койгон талаптарды сактаган учурда конституциялык сот адилеттигине жетишүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат деп туура белгилеген. Эң алды менен, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылган адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган болсо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесине ылайык ар кимде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугу пайда болот. Бирок, арыздануучу тарабынан өзүнүн көз карашынын укуктук негиздемеси катары, адамдын, жарандын конкреттүү субъективдүү укуктарын жана эркиндиктерин белгилебеген, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын артка карай колдонуунун жалпы эрежелерин аныктаган жана ченем-принцип болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгү гана келтирилүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2019-жылдын 21-майындагы судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздерди тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын («Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) 1-беренесинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө «Туран», «Акылман», «Виндоорс», «Электрофарфор» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун, ошондой эле «Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет» акционердик коомунун өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2019-жылдын 21-майындагы № 22 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КРЗакон · 16.07.2009 · № 222
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон