Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Висид Кенешевич Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Эльмира Шакеновна Чортонованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ Висид Кенешевич Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Эльмира Шакеновна Чортонованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө 2019-жылдын 20-июну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, В.К. Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Э.Ш. Чортонованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасына даттануусун сот отурумунда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана В.К. Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Э.Ш. Чортонованын ѳтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 7-февралында В.К. Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Э.Ш. Чортонованын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Келтирилген материалдардан Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши менен 2018-жылдын 30-августунда жана 2018-жылдын 20-сентябрында сессиялар өткөрүлгөн, алар арыздануучунун пикири боюнча, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергеликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген процедураларды бузуу менен өткөн, анын жыйынтыктары боюнча ага айыл өкмөтүнүн башчысы катары ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
В.К. Керимов бул чечимдер менен макул болбостон, аларды жараксыз деп таануу жөнүндө Чүй областтык Райондор аралык сотуна доо менен кайрылган.
Кайрылуунун субъекти өтүнүчүндө, тажрыйба көрсөткөндөй, ушул өңдүү иштер боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин негизинде токтотулат, ага ылайык саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган мезгил үчүн акы төлөө жана тартиптик жаза берүү маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет. Алсак, 2018-жылдын 20-ноябрында Т.К. Касыровдун Ивановка айылдык кеңештин айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө протоколду жана токтомду, ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доосу боюнча өндүрүш Чүй областынын Райондор аралык сотунун аныктамасы менен токтотулган. Арыздануучу сот Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде жогоруда аталган иш боюнча өндүрүштү токтоктконун белгилеген. Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемде саясий муниципалдык кызматтарды эмес, саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын жеке эмгек талаштары жөнүндө кеп болгон дейт. Ушуга байланыштуу, В.К. Керимов талашылып жаткан ченемде «саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген» деген сөз айкашта «жана» бириктирүүчү функцияга ээ болуп, ал «саясий мамлекеттик кызматтарды, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген» деген маанини берээрин болжогон. Кайрылуунун субъекти, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карата комментарийлерге ылайык саясий муниципалдык кызматтар талашылып жаткан ченемдер аркылуу колдонулууга жатпай тургандыгын белгилеген.
В.К. Керимовдун пикири боюнча, айыл өкмөтүнүн башчыларын кызматтан бошотуу жана саясий муниципалдык кызматтар жөнүндө маселелер талашылып жаткан ченемдин колдонулуу чөйрөсүнө жайылтылбаш керек.
Арыздануучу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары менен шайланат, ал эми аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу ыйгарым укугу райондук мамлекеттик администрациянын башчысына таандык деп белгилеген. Ошондой эле, көрсөтүлгөн Мыйзам менен айылдык кеңеш тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн натыйжасында айыл өкмөтүнүн башчысын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби каралган. Ошентип, айылдык кеңеш тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысына биринчи жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндүн натыйжасында райондук мамлекеттик администрациянын башчысы айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуу же бошотуудан баш тартуу жөнүндө маселени үч күн ичинде карап чыгууга жана чечим кабыл алууга укуктуу. Айылдык кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына кайталап ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурда райондук мамлекеттик администрациянын башчысы ишенбөөчүлүктүн негиздүүлүгүн жана негиздин мыйзамдуулугун кароо укугусуз эле аны ээлеген кызматынан бошотот. Ушуга байланыштуу, кайрылуунун субъекти, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын эмгек талаштарына талашылып жаткан ченемдердин колдонулушуу жайылтылганда, алар эмгек чөйрөсүндө айрым кызыкдар топту түзгөн айылдык депуттардын кеңеши тарабынан эмгек жаатында кодуланууга дуушар болоорун болжогон.
В.К. Керимов райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын кароосуна айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүктү көрсөтүүнү кйталап киргизгенде, ал айылдык кеңештин ишенбөөчүлүктү көрсөтүүнүн негиздери менен менен макул болбогон күндө да, айыл өкмөтүнүн башчысы мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жөнүндө акыркы чечим кабыл алууга мажбур деп көрсөткөн. Андан да, анын пикири боюнча, айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн актысында көрсөтүлгөн негиздерди сотто даттанууга укуктуу эмес, себеби иштердин бул категориясы боюнча кызматтан бошотуу маселелери сотко караштуу эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатысынын судьялар коллегиясы В.К. Керимовдун өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына туура келбейт деген тыянакка келди да, 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасы менен аны өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. Судьялар коллегиясы конституциялык контролдоонун укуктук маңызы болуп коомдук мамилелерди конституциялык принциптерге жана орнотмолорго каршы укуктук жөнгө салынышынын укуктук мүнөздөгү ынанымдуу жүйөлөрү болгондо ченемдик укуктук актылардын же алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү саналат. Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзам Конституциялык палатага кайрылуу жана коюлган маселе боюнча арыздануучунун көз карашын негиздеп берүүсү боюнча бир катар талаптарды караштырган (20, 24, 25 жана 28-беренелер). Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык арыздануучу өзүнүн кайрылуусунда кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси көрсөтүлүүгө тийиш. Бул талап арыздануучунун жүйөлөрү укуктук мүнөзгө ээ болушу керек, конституциялык орнотмолор менен тутумдук байланышта болушу керек жана алар талашылып жаткан укук ченеминин регулятивдик таасир этүүсүнүн конституциялуулугу даана күмөндүүлүктү туудурушу керек дегенди билдирет. Бирок, В.К. Керимовдун кайрылуусунун мазмуну, коллегиянын пикири боюнча, арыздануучунун талашылып жаткан ченеми укук колдонуучу органдар тарабынан анын маңызын бир беткей эмес түшүнүүсүнө байланыштуу ал укук колдонуучулук тажрыйбасындагы көйгөйлөр жөнүндө гана айтып келет. Маселен, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин кодонулушу саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга жайылтылат жана муниципалдык саясий кызматтарга жайылтылбайт деп келген. Ушуга байланыштуу судьялар коллегиясы өзүнүн аныктамасында «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актылардын чечмелөөсүнө байланыштуу маселелерди кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбейт деп көрсөткөн.
В.К. Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Э.Ш. Чортонов судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы аныктамасы менен макул болбостон, 2019-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өзүнүн даттануусунда судьялар коллегиясы В.К. Керимовдун өтүнүчүн кабыл алуудан баш тартуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген анын сот адилеттигине жетишүү укугун бузган деп көрсөтүүдө. Арыздануучу, өзүнүн арызында В.К. Керимовдун өтүнүчүндө баяндалган жүйөлөрдү кайталап келтирүүдө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдеринин колдонулушуна байланыштуу жагдайларды кайрадан баяндап берүүдө, ошондой эле эмгек талаш-тартышынын маңызына тике таандык болгон иштин нагыз жагдайларын келтирүүдө. Мында, Э.Ш. Чортонов судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченемдердин колдонулушу саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарга гана жайылтылганына карабастан жалпы юрисдикциянын соттору бул өңдүү иштер боюнча мамлекеттик саясий кызмат жана муниципалдык саясий кызмат түшүнүктөрүнө мыйзам тарабынан ажыратылып берилгенине көңүл бурбасын эске алган эмес деп айтууда. Кайрылуунун субъекти Кыргыз Республикаснын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Чечиминде саясий кызматты ээлеген адамды кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Конституцияда каралган негиздерде жана тартипте кабыл алынган болсо жана саясий жүйөлөр менен негизделген болсо, мындай чечимдерди даттануу жана жалпы юрисдикция соттору тарабынан аларды кароо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынан көз карашынан алып кароо мүмкүн эмес деп айтылат. Демек, Э.Ш. Чортонов болжогондой, мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматчылардын башка категориясынан саясий мамлекеттик кызматтардагы адамдарды бошотуу, алардын кызматынан бошотулушу жөнүндө чечимдерди соттук тартипте даттануу укугунан ажыратуу тартибин бөлүп чыгарууда мамлекеттик бийлик органдарынын саясий жүйөлөр менен кабыл алынган чечимдерди стабилдештирүү жана мындай чечимдерге юридикалык баа берүүгө мүмкүн эмес болгондугуна байланыштуу мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын чечимдерине баа берүү түйшүгүнөн сотторду да арылткан. Арыздануучу талашылып жаткан берененин колдонулушу айыл өкмөтүнүн башчысына колдонулушу мүмкүн эмес, себеби ушул адамдарды кызматтан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган эмес, бирок «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат деп болжойт.
Э.Ш. Чортонова Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана башка мыйзам актыларында бул категориядагы адамдарга соттук коргоого конституциялык кепилдикти камсыздаган ченемдердин жоктугу укуктук мамлекет үчүн мүмкүн эмес деп эсептейт.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча соттор тарабынан Эмгек кодексинин 427-беренесинин ченемдерин мындай түшүнүү Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузууда, аларга ылайык соттук коргоого болгон укук эч кандай чектелүүгө тийиш эмес жана ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого укук кепилденет. Баяндалганды эске алуу менен, Э.Ш. Чортонова 2019-жылдын 19-мартындагы судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгарууну жана В.К. Керимовдун өтүнүчүн кабыл алууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жан судьялар коллегиясынын кайрылуунун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө.
Э.Ш. Чортованын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эместиги жөнүндө даттанууда көрсөткөн жүйөлөрү жеке эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга карата көрсөтүлгөн ченемдин жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан колдонулушунун проблемалары менен аргументтелген.
Кайрылуунун субъектинин жүйөлөрү, жалпысынан, жалпы юсрилдикциянын соттору саясий мамлекет кызмат жана саясий муниципалдык кызмат деген түшүнүктөрдү ажыратпайт, эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө талашылып жаткан ченемди туура эмес колдонууда деген сөзгө келип такалууда. Мында, арыздануучу эмгек жөнүндө мыйзамдарда саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдардын конституциялык укуктарын коргоого кепилдикти камсыз кылган ченемдин жоктугун көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучу койгон маселелер укук колдонуу чөйрөсүнө таандык жана конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кароонун предмети болушу мүмкүн эмес деген тыянакка келүүдө. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучу атаган маселе укук ченемдерин аналогия боюнча колдонуу маселелерине таандык экенин белгилейт. Укук аналогиясынын институту аны колдонуунун так эрежелерин, шарттарын жана мүмкүндүк чектерин талап кылат. Болбосо, ал мыйзамдуулукту бузуунун каражаты болуп, анын башынан болгон колдонуу мүнөзүнүн максаттарына карама-каршы колдонулушуна алып келиши мүмкүн. Бул институт укуктук жөпнгө салууда кенемтелерди чечүүнүн натыйжалуу каражаты болуп, ошол эле учурда, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө байланыштуу укуктук колдонулушу мүмкүн эмес. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздерди тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Висид Кенешевич Керимовдун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы № 10 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө Висид Кенешевич Керимовдун кызыкчылыгын көздөгөн Эльмира Шакеновна Чортонованын даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р "Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын…Решение · 26.11.2013 · № 18-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3