Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-майы № 273 "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 273 токтому менен жактырылган
"2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында атайы салыкты төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджет менен региондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүүнүн тартибин, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин белгилөө сунушталат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, ишке киргизүү жана алуу Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Салык кодекси) менен жөнгө салынаарын белгилейбиз. Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер салык боюнча укук мамилелери болуп саналат. Салык кодексинин 5-беренесине ылайык, Салык кодексине каралгандан башка учурларда салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы болуп эсептелбеген мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат. Салык кодексинин 3-беренесине ылайык, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдер белгиленген болсо, ошол эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат. Ушуну менен бирге, салыктык укук мамилелерине тиешелүү маселелер же Салык кодексинде, же эл аралык келишимде чагылдырылышы мүмкүн экендигин белгилейбиз. "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - ратификациялоо жөнүндө Мыйзам) предмети - мамлекет ичиндеги жол-жоболорду ишке ашыруу жана тийиштүү эл аралык келишимдин милдеттүү иштөөсүнө Кыргыз Республикасынын макулдук билдирүүсү болуп саналгандыктан, Мыйзамдын долбоорунда сунушталган атайы салыкты бөлүштүрүү тартибин аныктоочу толуктоо жогоруда аталган ратификациялоо жөнүндөгү Мыйзамдын жөнгө салуу предметинин чегинен чыгып кетет. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн…Закон · 30.12.2013 · № 229
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон