Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 21 июня 2021 года № 34 "Об уполномоченных государственных органах по осуществлению государственного контроля (надзора) за соблюдением требований технических регламентов Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-апрели № 260 Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 780, 2018-жылдын 22-февралындагы № 107 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленсин:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 006/2011);
- машина жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 010/2011);
- газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 016/2011);
- жарылуу коркунучу бар чөйрөдө иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 012/2011);
- лифттердин коопсуздугу (БС ТР 026/2012);
- чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 026/2012);
- ашыкча басым менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 032/2013);
- майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга коюлган талаптар жөнүндө (БС ТР 030/2012);
- автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө (БС ТР 013/2011);
- төмөнкү вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 004/2011);
- техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги (БС ТР 020/2011);
- темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жѳнүндѳ (БС TP 001/2011);
- темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу жөнүндө (БС TP 003/2011);
- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жѳнүндө (БС TP 018/2011);
- автомобиль жолдорунун коопсуздугу (БС TP 014/2011);
- айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө (БС TP 031/2012);
- жардыргыч заттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 028/2012).
- отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган көмүр суутек газга талаптар (ЕАЭБ ТР 036/2016);
- электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында зыяндуу заттарды колдонууну чектөө жөнүнде (ЕАЭБ ТР 037/2016);
- аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 038/2016);
- балдар ойноочу аянтчаларга арналган жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 042/2017);
- өрт коопсуздугун камсыздоочу жана өрт өчүрүүчү каражаттарга коюлуучу талаптар жөнүндө (ЕАЭБ ТР 043/2017).
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- дандын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 015/2012);
- эпизоотиялык жактан сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 033/2013);
- эпизоотиялык жактан эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 034/2013).
- минералдык жер семирткичтерге коюлуучу талаптар жөнүндө (ЕАЭБТР 039/2016);
- балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 040/2016), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүндө.
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти - Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- жеке коргоо каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 019/2011);
- таңгактын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 005/2011);
- балдарга жана өспүрүмдөргө арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 007/2011);
- оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 008/2011);
- парфюмерия-косметикалык продукциялардын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 009/2011);
- жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 017/2011);
- тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 021/2011);
- тамак-аш продукцияларын маркалоо бөлүгүндө (БС ТР 022/2011);
- мөмө - жемиш жана жашылчалардан алынган шире продукцияларына техникалык регламент (БС ТР 023/2011);
- май продукцияларына техникалык регламент (БС ТР 024/2011);
- тамак-аш продукцияларынын адистештирилген өзүнчө түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык алдын алуучу тамак-аштарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 027/2012);
- тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчү жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар (БС ТР 029/2012);
- эмерек продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 025/2012);
- сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 033/2013);
- эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 034/2013).
- тамеки продукциясына (ББ ТР 035/2014);
- балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 040/2016);
- химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 041/2017);
- идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 044/2017).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 780, 2018-жылдын 22-февралындагы № 107 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтом менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына туура келбеген продукциялар Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө бар экендиги жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдү) жүргүзүүдө бирдиктүү форма боюнча тариздөөнүн ылайык келүүсү жөнүндө декларациялардын же шайкештик сертификаттарынын жана алардын түп нуска экенин жана шайкештигин, сыноолорду, контролдоону ырастоо жол-жоболорун, ошондой эле декларацияларды кабыл алуу жол-жоболорун сактоого карата текшерилген талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын берип турсун.
3. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
5. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду…Постановление · 21.06.2021 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун)…Постановление · 06.06.2019 · № 280
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-февралындагы № 107 токтомуПостановление · 22.02.2018 · № 107
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 780 "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого…Постановление · 18.11.2015 · № 780 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин…Постановление · 22.02.2018 · № 107 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду…Постановление · 21.06.2021 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.