Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 „Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 21 июня 2021 года № 34 "Об уполномоченных государственных органах по осуществлению государственного контроля (надзора) за соблюдением требований технических регламентов Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-февралы № 107 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу - жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган көмүр суутек газга талаптар (ЕАЭБ ТР 036/2016);
- электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында зыяндуу заттарды колдонууну чектөө жөнүнде (ЕАЭБ ТР 037/2016);
- аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 038/2016);
- балдар ойноочу аянтчаларга арналган жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 042/2017);
- өрт коопсуздугун камсыздоочу жана өрт өчүрүүчү каражаттарга коюлуучу талаптар жөнүндө (ЕАЭБ ТР 043/2017).".
- "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- минералдык жер семирткичтерге коюлуучу талаптар жөнүндө (ЕАЭБТР 039/2016);
- балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 040/2016), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүндө.".
- "в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"- тамеки продукциясына (ББ ТР 035/2014);
- балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 040/2016);
- химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 041/2017);
- идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 044/2017).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду…Постановление · 21.06.2021 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу…Постановление · 27.04.2015 · № 260 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду…Постановление · 21.06.2021 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу…Постановление · 27.04.2015 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон