Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-апрели № 202 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Н.Торобеков демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтому менен жактырылган
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Н.Торобеков демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй чечимге келет. Мыйзамдын долбоорунда башка мамлекеттердин аймагандагы согуш аракеттеринин катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө кошумча социалдык жардам көрсөтүү жагы каралган. Атап айтканда Мыйзам долбоорунда башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышып, анын натыйжасында алган жаракаттардын, контузиянын жана оорулардын кесепеттеринен каза болгон үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация белгилөө жана Афганстандагы аскерлерди чыгаруу күнүнө карата кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө сунушталат. Ушуну менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана оруктун эмгекчилеринин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларынын санынын жыл сайын кыскарышынан бошогон акча каражаттарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен кошумча социалдык жардам көрсөтүүнү каржылоо сунушталган. Ошол эле учурда аталган жардамды төмөнкүлөрдүн негизинде көрсөтүү мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Афганстандагы согуштан кайтыш болгон ардагерлердин балдары пенсия же баккан адамынан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алууга укуктуу, ал эми алардын жесирлери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине салыштырмалуу көпчүлүгү эмгекке жарактуу куракта жана алар үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү башка принциптерде (жумушка орноштуруу, микрокредиттөө) жүргүзүлүүгө тийиш. Башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттеринен курман болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрү үчүн Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата жыл сайын төлөмдөрдү киргизүү Жеңиш күнүн майрамдоо боюнча азыркы учурда жыл сайын бир жолу берилүүчү төлөмдөрдү албаган, Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгон катышуучулардын жана майыптардын үй-бүлөлөрүнө карата социалдык адилетсиздик болот. Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата кайтыш болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө гана жыл сайынкы жөлөкпулдарды төлөөгө тандамал мамиле жасоо, Афган согушунун ардагерлеринин башка категорияларына карата да социалдык адилетсиздикке жатат. Сунушталган мыйзам долбоорун жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды жана өмүр бою берилүүчү стипендияны төлөөгө жумшалган каражаттардын эсебинен ишке ашырууга мүмкүн эмес, себеби кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жеңилдиктердин жана өмүр бою стипендия төлөөнүн ордуна компенсация алуучулардын табигый азаюусунун натыйжасында бошотулган акча каражаттарын эске алуу менен бекитилет. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринен курман болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө жыл сайын жөлөкпул төлөөгө республикалык бюджеттен жылына эки миллиондон ашык сом талап кылынат, ал республикалык бюджеттин тартыштыгынын жогорулашына алып келет. Ошол эле учурда 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата бир жолку жөлөкпул төлөө каралган эмес. Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европалык Союздун ортосунда финансылык макулдашуу келишими бюджеттик секторалдык колдоо боюнча республикадагы калктын жеңилдик категориясынын санынын көбөйүүсүнө жана жеңилдиктердин ордуна компенсациялык төлөмдөрдү жайылтууга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары мораторий киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул келишимдин шарттарын бузушу республикалык бюджетти колдоонун кезектеги траншын берүү маселесине терс таасир этет, анткени ал республикалык бюджеттин дефицитин жабуунун булактарынын бири болуп саналат. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сотунун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тылаЗакон · 24.05.1997 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп…Указ · 13.11.2009 · № 511 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14