Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-марты № 155 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 8, 376-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"Товарлардын тышкы соодасы - товарлардын импорту жана (же) экспорту."; "Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга лицензия - белгилүү сандагы товарлардын айрым өзгөчө түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого укукту ырастаган документ. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү - товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоонун жана (же) импорттоонун динамикасын мониторингдөө максатында белгиленген убактылуу чара.".
2. 6-статьяда:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасына алып кирүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгууга байланыштуу милдеттүү талаптарга товарлардын шайкештигин ырастоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу;";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын, аларды иштетүүнүн калдыктарын жана баалуу металлдарды камтыган химиялык кошулмаларды алып кирүүнүн жана алып чыгуунун тартибин аныктоо;".
3. 9-статьяда:
- 2-бөлүктүн 2-5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;
3) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;
4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;
5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөө киргизет;";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоого ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда лицензиялоо
1. Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо аларды аткаруу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн максаттарына караганда товарларды экспорттоонун же импорттоонун ашыкча чектелген же бурмаланган таасирине ээ болбошу керек.
Экспортко жана (же) импортко лицензияны жана уруксатты берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
2. Лицензияны берүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук жана экономикалык коопсуздугуна негизденип, товардын экспортунун жана (же) импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистештирилген уюмдун-эксперттин корутундусу эсептелет.
3. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды берүү жөнүндө чечимди макулдашуучу адистештирилген уюмдар-эксперттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''15-статья. Импорттук товарларга карата коргоо чаралары Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товарларды ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товарларды импорттоодо атайын коргоо чаралары, демпингге каршы чаралар жана компенсациялык чаралар киргизилиши мүмкүн.".
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-статья менен толукталсын:
"17-1-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уруксатты берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.06.2015 · № 128 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон