Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-декабры № 742 Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап үч айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- (Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын 4-майы № 165 буйругу менен бекитилген) "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жолдорун курууда…Положение · 04.05.2017 · № 165
- Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын өз ара мамилелери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын…Положение · 26.12.2014 · № 742
- "Курулушта техникалык көзөмөлдөө жана курулушту контролдоо, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө" жобоПоложение · 15.12.2017
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө…Постановление · 18.08.2017 · № 513
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 417 "Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык…Приказ · 28.12.2017 · № 417
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 372 "2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2016 · № 372
Шилтеме берет (3)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон