Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Курулушта техникалык көзөмөлдөө жана курулушту контролдоо, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө» жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017 жылдын 15-декабрынадагы №11-нпа буйругу менен бекитилген
Курулушта техникалык көзөмөлдөө жана курулушту контролдоо, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобо
Мазмуну:
1. Жалпы жоболор
2. Негизги терминдер
3. Техникалык көзөмөлдүн уюштуруу-укуктук түзүмү
4. Техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз инженердик уюмдун негизги милдеттери
5. Техникалык көзөмөл кызматынын функциялары
6. Техникалык көзөмөл кызматынын милдеттери
7. Техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз инженердик уюмдун укуктары
8. Заказчынын, подрядчынын жана көз карандысыз инженердик уюмдун өз ара мамилелери жана жоопкерчилиги
9. Курулуштагы курулуштук (техникалык) аудиттин өзгөчөлүктөрү
10. Көз карандысыз техникалык көзөмөл жана техникалык аудит жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим
1. Жалпы жоболор
1.1 Жобо уюмдардын жана алардын кызматкерлеринин, ошондой эле ишканалардын, заказчынын кызматынын курамында иштеген имараттардын жана курулмалардын курулушун техникалык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган жеке ишкерлердин, заказчы менен түзүлгөн келишимдин шарттарында инжиниринг кызмат көрсөтүүлөрүн аткарган инженердик уюмдардын, инженердик консультациялык компаниялардын жана жеке ишкерлердин (мындан ары – көз карандысыз инженердик уюм) милдеттерин, функцияларын, милдеттенмелерин, укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктайт. Техникалык көзөмөл кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, долбоордун жана ченемдик документтердин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын объектти куруунун уюштуруу-укуктук тартибин, курулуш-куроо иштеринин (мындан ары КИИ) сапатын жана аларды кабыл алуунун тартибин сактоо маселелери боюнча көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алышы керек.
1.2 Жобо курулушта, реконструкциялоодо жана оңдоодо курулуш-куроо иштеринин сапатын техникалык көзөмөлдөө жана курулушту контролдоо жаатында ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдар, анын ичинен Заказчынын жана подрядчынын функцияларын аткарган уюмдар үчүн иштелип чыкты жана курулуштун, реконструкциялоонун жана оңдоонун сапатын камсыздоо, техникалык регламенттердин, башка укуктук ченемдик актылардын жана долбоордук документтердин талаптарынын бузулушунун алдын алуу, аныктоо жана токтотуу жана көз карандысыз инженердик уюмду (же компанияны) тартуу менен курулган, реконструкцияланган, оңдолгон объекттин курулуш-куроо иштеринин техникалык регламенттердин, башка укуктук ченемдик актылардын жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө корутундуларды даярдоо максатында Заказчынын курулуш, реконструкция жана оңдоо объекттеринде көз карандысыз техникалык көзөмөлдү жана курулуштук контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун регламенттейт.
1.3 Ушул жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан автоунаа жолдорун куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү, оңдоо боюнча иштерге жайылтылбайт.
Бул министрликтин автоунаа жолдорун куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү, оңдоо боюнча иштери төмөнкүлөр менен жөнгө салынат:
- “Автоунаа жолдору жөнүндө” КР Мыйзамы;
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген Автоунаа жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө Жобо;
- эл аралык макулдашууларга жана FIDIC шарттарына ылайык түзүлгөн, кол коюлган контракттардын инвестициялык долбоорлору-шарттары боюнча жөнгө салынат.
2 Негизги терминдери Ушул Жободо төмөнкү терминдер колдонулат:
- автордук көзөмөл – аткарылган курулуш-куроо иштеринин долбоордук чечимге ылайык келүүсүн контролдоо, курулуштун жана бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алуунун жалпы мезгилинде долбоордун иштеп чыгуучулары жүргүзүшөт.
- кирүүчү контролдоо – тиешелүү коштоочу документтердин, колдонулган техникалардын, жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана буюмдардын бар экенин текшерүү.
- инженердик уюм (инженер) – Заказчынын атынан иш-аракет жүргүзгөн жана объекттердин курулушунун жүрүшүн контролдоону жана техникалык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.
- инженердик консультациялык кызмат көрсөтүүлөр – курулушта, реконструкциялоодо жана оңдоодо көз карандысыз техникалык көзөмөл жана курулушту контролдоо жүргүзүү жана курулуш-куроо иштерин уюштуруу жана өндүрүштүн технологиялары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу (подрядчы аткарууга милдеттүү болгон) боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Инженердик консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
-инженердик консультациялык компания – консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берген жана заказчынын же подрядчынын түзүмдүк бөлүнүшү болбогон юридикалык жак.
- курулуш-куроо иштери – объекттерди курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо аткарылуучу иштер.
- техникалык көзөмөл жана курулуштук контролдоо – заказчы тарабынан, же келишимдин негизинде заказчы тарабынан ишке тартылган юридикалык жак тарабынан, же подрядчы тарабынан аткарылган иштердин жүрүшүн, сапатын жана көлөмүн контролдоо жана көзөмөлдөө, иштердин долбоордук жана жумушчу документтердин, техникалык регламенттердин жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү максатында объекттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоо процессинде техникалык көзөмөл жүргүзүүгө тиешелүү квалификациялык сертификаттары бар болгон кызмат адамдары (инженердик уюм, инженер) тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
- Курулуштук (техникалык) аудит – көз карандысыз уюмдун атайын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылган, курулуш долбоорунун перспективасын жана инвестициялык чечимдердин тууралыгын аныктоого мүмкүндүк берген аудит, корпоративдик талаштарда, соттук териштирүүдө, курулуштагы уурулук предметине финансылык тергөө жүргүзүүдө курулуш боюнча мурда аткарылган жана учурда аткарылып жаткан иштердин документтерин жана ар кандай аспекттерин: сапатын, колдонулган материалдарды, баасын, мөөнөттөрүн кесипкөй текшерүү жүргүзүү.
- Комплекстүү инжиниринг - курулушту уюштуруу жана коштоо боюнча кесипкөй кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде баштапкы уруксат берүү документтерди тариздөө, техникалык шарттарды, зарыл болгон макулдашууларды алуу, техникалык көзөмөлдөө, инвестицияланган каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо, объектти пайдаланууга тапшыруу.
- көз карандысыз инженердик уюм – долбоорду жүзөгө ашыруунун бардык баскычтарында курулушту техникалык көзөмөлдөө жүргүзүүгө адистеринин квалификациялык сертификаттары бар болгон атайын ыйгарым укуктуу орган (инженердик уюм, инженердик-консультациялык компания, инженер, ишкер).
3. Техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз техникалык көзөмөлдүн уюштуруу-укуктук түзүмү
3.1 Ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын курулушун техникалык көзөмөлдөө жана курулуштук контролдоо (мындан ары – техникалык көзөмөл) Заказчы тарабынан курулуш объекттеринин технологиялык, архитектуралык-курулуштук жана инженердик-техникалык чечимдерге, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө, ошондой эле ченемдик документтерде каралган талаптарга ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн уюштурулат. Бул учурда техникалык көзөмөл көз карандысыз инженердик уюмду, ошондой эле техникалык көзөмөлдөө милдеттерин аткаруу үчүн келишимдик негизде техникалык аудитти тартуу менен туруктуу же зарыл болгондо жүргүзүлөт.
3.2 Техникалык көзөмөлдү (туруктуу) жалпы курулуш жүргөн, курулуп бүткөн объекттерди кабыл алуу жана пайдаланууга берүү мезгилинде жүргүзүү керек. Техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча иштин башы жана аягы объектти курууга же реконструкциялоого даярдык көрүү боюнча иштердин комплексин аткара баштоо жана объектти пайдаланууга берүү менен регламенттелет.
3.3 Инжиниринг кызмат көрсөтүүлөрү тартибинде техникалык көзөмөл жүргүзгөн көз карандысыз инженердик уюмдар заказчы менен өздөрүнүн мамилелерин келишимдин негизинде түзүшөт, объект курулган мезгилде анын өкүлү болот жана ушул Жобо жана ушул Жобого каршы келбей турган келишим менен белгиленген компетенциясынын алкагында иш-аракет жүргүзүшөт.
3.4 Туруктуу техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн курамында курулушта техникалык көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга укугун тастыктаган шайкештик сертификаты бар болгон квалификациялуу персоналы, курулуш-куроо иштеринин, колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапатын контролдоону жүргүзүү үчүн ченемдик-техникалык жана инструменталдык базасы бар юридикалык жактарды жана ишкерлерди тартууга болот.
3.5 Техникалык көзөмөл үчүн курулушта 3 жылдан кем болбогон практикалык иш стажы бар техникалык профилдеги жогорку билимдүү адистер жана 5 жылдан кем болбогон практикалык иш стажы бар кесиптик орто билимдүү, ыйгарым укуктуу органда кеминде 3 жылда бир жолу өткөрүлүп турган аттестациядан өткөн адистер жоопкерчиликтүү боло алышат. Өзгөчө татаал шарттарда (карсттар, чөкмө кыртыштар, гравитациялык процесстер, жер көчкүлөр) курулуп жаткан объекттер боюнча техникалык көзөмөлдөө адистерине мындай шарттарда объекттерди куруу боюнча 1 жылдан аз эмес иш тажрыйбасы бар болуу талабы коюлат.
3.6 Курулушка техникалык көзөмөл жүргүзүү функцияларын ККИ өндүрүшү же көзөмөлдөгөн объектте автордук көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу адам, ошондой эле башка долбоордук уюмдардын жана топтордун адистери тарабынан аткарууга жол берилбейт.
3.7 Ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын курулушун техникалык көзөмөлдөөнүн бар болушу курулуштун сапатын камсыздоо жана объекттерди кабыл алууга жана пайдаланууга даярдоо үчүн подрядчы уюмдардан жоопкерчиликти албайт.
3.8 Техникалык көзөмөлдүн ушул Жободо белгиленген компетенциясынын алкагында берилген көрсөтмөлөрү, жазуу түрүндөгү эскертүүлөрү иштердин өндүрүшүнүн жалпы журналына жазылышы керек жана долбоорду жана подрядчы уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
3.9 Заказчынын-курдуруучунун имараттардын жана курулмалардын курулушуна техникалык көзөмөлү аткарылып жаткан курулуш-куроо иштеринин баасынын жана сапатынын бекитилген долбоорлорго жана сметаларга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсүн, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын системалуу түрдө текшерип турууга багытталган.
3.10 Туруктуу техникалык көзөмөлдүн милдеттери заказчынын (курдуруучунун) түзүмдүк бөлүнүшүнө, ишкананын же уюмдун оңдоочу кызматтарына же өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнө, ошондой эле башка көз карандысыз инженердик уюмга жүктөлүшү мүмкүн.
3.11 Техникалык көзөмөлдөөнү жүргүзгөн кызматкерлер заказчынын (курдуруучунун) курулуштагы жооптуу өкүлдөрү болушат жана өздөрүнүн функцияларын ушул Жобого ылайык аткарышат.
3.12 Контролдонуучу объекттердин татаалдыгына жараша техникалык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган кызматкерлерге заказчынын буйруктары менен техникалык көзөмөл жүргүзүү үчүн объекттер бекитилип берилет.
3.13 Заказчынын техникалык көзөмөлү долбоордук уюмдун автордук көзөмөлү менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.
3.14 Техникалык көзөмөлдүн кызматкерлерине бекитилген долбоордук-сметалык документтерге курулуш процессинин жүрүшүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.
3.15 Толуктоолор жана өзгөртүүлөр ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын курулушуна долбоордук уюмдардын автордук көзөмөлү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автордук көзөмөлдөө жүргүзгөн уюмдар тарабынан гана киргизилиши мүмкүн.
3.16 Заказчы-курдуруучунун техникалык көзөмөлү имараттардын жана курулмалардын жаңы башталган курулушу жана реконструкциясы жүргөн жалпы мезгилде жүзөгө ашырылат.
3.17 Техникалык көзөмөл катары тартылган көз карандысыз инженердик уюмдарга (компанияларга) коюлуучу талаптар:
- заказчы курулуш-куроо иштеринин көлөмүнө жана шарттарына жараша көз карандысыз инженердик уюмду (юридикалык жак) ишке тартат;
- көз карандысыз инженердик уюмду тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Көз карандысыз инженердик уюмду тандоо инженердик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, багытын, техникалык жабдууларын, көз карандысыз техникалык көзөмөлдүн финансылык абалын, адистеринин квалификациясынын деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо тутумунун бар болушун, конкреттүү чөйрөдө инженердик кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйбасын эске алуу менен жүргүзүлөт;
- көз карандысыз инженердик уюмдун курулуш-куроо иштеринин белгилүү түрлөрүнө техникалык көзөмөл жүргүзүү укугун тастыктаган шайкештик сертификаттары бар квалификациялуу персоналы бар болушу керек;
- көз карандысыз инженердик уюмду тандап алууда Заказчы адистин (персоналдын) тажрыйбасына жана квалификациясына, иштерди сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларынын бар экенине жана түрүнө талап коюуга укуктуу (курулуш-куроо иштеринин көлөмүнө жана шарттарына жараша).
3.17.1 Көз карандысыз инженердик уюмдун уюштурулушу жана башкаруусу:
- көз карандысыз инженердик уюмдун техникалык функцияларын квалификациялуу аткарууну камсыздай турган уюштуруучулук түзүмү бар болушу керек;
- көз карандысыз инженердик уюм уюмдагы жоопкерчиликтин түрлөрүн, отчеттуулуктун түзүмүн жана тартибин аныктап жана документ түрүндө тариздеши керек;
- заказчы Подрядчы менен келишим түзүүдө көз карандысыз инженердик уюмдун функцияларын, анын Подрядчыга карата укуктарын алдын ала карашы керек. Эгер техникалык көзөмөл жана курулуштук контролдоо кызматтарын көрсөтүүгө келишим курулуш подрядына келишим (курулуш-куроо иштерине) түзүлгөндөн кийин түзүлсө, анда Заказчы курулуш-куроо иштерине подряд келишими боюнча Подрядчыга көз карандысыз инженердик уюм менен түзүлгөн келишим жөнүндө, анын функциялары жөнүндө билдириши керек. Мындай билдирүүдө Заказчынын атынан жана Заказчынын кызыкчылыгында жүргүзүлүп жаткан техникалык көзөмөл жана курулуштук контролдоо боюнча көз карандысыз инженердик уюмдун иш-аракеттеринин тизмеги берилиши керек.
3.17.2 Көз карандысыз инженердик уюм:
- иштердин белгилүү түрлөрү боюнча сертификатталган, квалификациялуу персонал менен комплекттелген болушу керек;
- Заказчы менен келишим түзүүдө курулуш-куроо иштеринин татаалдыгы эске алынган техникалык көзөмөлдү жана курулуштук контролдоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн макулдашуусу керек. Техникалык көзөмөлдү жана курулуштук контролдоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү (иш-аракеттердин тизмеги) келишимдин ажырагыс бөлүгү болот жана негизги келишимге милдеттүү тиркеме түрүндө таризделет;
- татаал долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн Заказчы курулуштун сапатын техникалык көзөмөлдөөнү жана курулуштук контролду жүргүзүүгө ар башка технологиялык багыттагы бир нече уюмду (компанияларды) тартууга укуктуу.
3.17.3 курулуш-куроо иштеринин процессинде техникалык көзөмөл жана курулуштук контроль жүргүзүү тартибине коюлган талаптар:
- подрядчы курулуш-куроо иштерин баштоого уруксат алгандан кийин курулуш иштеринин план-графигин иштеп чыгат, аны Заказчы, көз карандысыз техникалык көзөмөл менен макулдашат жана долбоорду жүзөгө ашырууга киришет;
- көз карандысыз инженердик уюм функцияларына жана милдеттерине ылайык курулуш-куроо иштеринин сапатын көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууну камсыздайт. Курулуш-куроо иштеринин процессинде көз карандысыз инженердик уюм Заказчынын алдында отчет берип турат;
- курулуш бүткөндө жана объектти сыноо аяктаганда Подрядчы пайдаланууга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияга курулуп бүткөн даяр объектти көрсөтөт жана Заказчыга аткаруу документтеринин комплектин берет.
4. Техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз инженердик уюмдун негизги милдеттери
4.1 Туруктуу техникалык көзөмөлдүн башкы максаты – тургузулуп жаткан курулуш объектинин архитектура-пландоо жана инженердик-техникалык чечимдерге ылайык келүүсүн камсыздоо, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана долбоордук жана ченемдик документтерге ылайык келүүсүн контролдоо. Курулушту көзөмөлдөөнү жүргүзгөн адистер автордук көзөмөлдүн эскертүүлөрүнүн жана көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына, жабдууларды жана коммуникацияларды куроону жүргүзүп жаткан субподрядчы уюмдар тарабынан талаптардын аткарылышын, мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын жазма эскертүүлөрүнүн аткарылышына көз салат.
4.2 Туруктуу техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз инженердик уюмдун негизги милдеттери курулуштун башка катышуучулары менен бирге өзүнүн компетенциясынын алкагында төмөнкүлөрдү камсыздоо болуп саналат:
- аткарылып жаткан курулуш-куроо иштеринин, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын көлөмүнүн, баасынын жана сапатынын бекитилген долбоорлорго жана сметаларга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсүн системалуу түрдө текшерип туруу;
- иштердин айрым түрлөрүн жана курулушу аяктаган объекттерди кабыл алуунун белгиленген тартибин сактоо;
- иштердин өндүрүшүнүн сапатынын долбоордук чечимдерге, мөөнөттөргө жана ченемдик документтерге ылайык келүүсүн, анын ичинен курулуш-куроо иштеринин сапатын, курулуш-куроо иштеринин баасынын белгиленген тартипте бекитилген долбоорлорго жана сметаларга ылайык келүүсүн контролдоо.
5. Техникалык көзөмөл кызматынын функциялары
5.1 Жүктөлгөн милдеттерге ылайык туруктуу техникалык көзөмөл кызматы төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
- аткарылып жаткан курулуш-куроо иштеринин, колдонулуп жаткан материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын жана жеткирилип жаткан жабдуулардын долбоордук чечимдерге, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, стандарттардын, техникалык шарттардын жана башка ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсүн контролдоо;
- бекитилген график боюнча иштердин өндүрүшүнүн темптерин, көлөмдөрдү материалдык ресурстар жана техникалык каражаттар менен комплекттөөнүн жүрүшүн баалоо;
- иштерди аткаруунун мөөнөттөрүн узартууга, кошумча жана алдын ала каралбаган иштердин жана чыгымдардын ордун толтурууга тиешелүү подрядчынын дооматтарын текшерүү жана заказчыга (курдуруучуга) сунуштамаларды берүү;
- подряд келишимин жүзөгө ашырууда пайда болгон же пайда болушу мүмкүн болгон көйгөйлөр же мүмкүн болуучу көйгөйлөр тууралуу заказчыга (курдуруучуга) маалымат берүү, сунуштамаларды берүү;
- долбоорлорго өзүнүн пикири боюнча иштерди мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, анын ичинен контракттык баа жана курулушту бүтүрүү мөөнөттөрү боюнча сунуштарды заказчыга (курдуруучуга) бекитүүгө берүү, бекитилген өзгөртүүлөр боюнча зарыл буйруктарды даярдоо;
- бардык материалдарга, конструкцияларга, жабдууларга бардык кепилдик документтерин жана сертификаттарын кабыл алууну жана сактоону камсыздоо жана долбоор аяктаганда аларды заказчыга (курдуруучуга) берүү;
- долбоордук документтерде аныкталган кемчиликтерди жоюунун өз убагындагы чараларды көрүү жана контролдоо, аны кайра кароо (зарыл болгондо) жана курулуштун баасын негизсиз көбөйтүүнүн алдын алуу;
- пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкциялардын сапатын күбөлөндүрүүчү документтердин болушун текшерүү (сапат паспорттору, сертификаттар, лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары ж.б.);
- курулуш процессинде геодезиялык иштерди аткарууга контроль жүргүзүү;
- курулуш-куроо уюмдарынын жумушчулары менен биргеликте аткарылган иштерди жана кийинки иштерди жүргүзүүдө жашырылган конструкциялык элементтерди күбөлөндүрүү жана баалоо, ошондой эле жашыруун иштерди күбөлөндүрүүгө актыларды тариздөөдө андан аркы иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча талаптарды камсыздоо;
- даяр болушуна жараша башкы подряддык жана адистештирилген (куроо) уюмунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле долбоордук уюмдардын катышуусу менен имараттардын жана курулмалардын жооптуу конструкцияларын орто аралык кабыл алууну жүргүзүү;
- мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан өткөрүлгөн куроого түшкөн жабдуунун абалын жана долбоорго ылайык келүүсүн текшерүүлөргө, аны куроонун сапатын баалоого, комплекстүү сыноого жана кабыл алууга катышуу;
- аткарылган жана төлөөгө коюлган курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн жана сапатынын долбоордук-сметалык документтерге ылайык келүүсүн контролдоо;
- кабыл алынган жана төлөнгөн курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана баасын, ошондой эле подряддык уюм тарабынан сапатсыз аткарылган курулуш-куроо иштеринин баасын, кемтиктерди жоюуга жана кайра жасоого чыгымдарды эсепке алууну жүргүзүү;
- баштапкы аткаруу техникалык документтерин (куралган конструкциялардын, имараттардын, курулмалардын жана инженердик коммуникациялардын бөлүктөрүнүн инструменталдык сүрөткө тартууларынын аткаруу схемалары, жалпы жана атайын иштердин журналдары) жүргүзүүнүн жана курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдөгү кемчиликтерге жана кемтиктерге байланыштуу ага киргизилген өзгөртүүлөрдүн болушун жана тууралыгын контролдоо;
- курулуш-куроо уюмдарынын аткарылган курулуш-куроо иштеринин жана колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапаты маселелерине тиешелүү автордук көзөмөлдүн жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн жана эскертүүлөрүн, ошондой эле заказчынын техникалык көзөмөлүнүн талаптарын аткаруусун контролдоо, иштердин өзүнчө түрлөрүн, имараттардын, курулмалардын жана жалпысынан объекттердин конструкциялык элементтерин кабыл алууда аныкталган кемтиктерди жана чала аткарылган иштерди өз убагында жоюуну камсыздоо;
- жумушчу комиссияларынын (кабыл алуу комиссияларынын) өзүнчө конструкцияларды жана түйүндөрдү, курулуш-куроо иштеринин түрлөрүн, жабдууларды жана механизмдерди кабыл алууда алардын сапатын текшерүүнү жүргүзүүсүнө катышуу;
- консервациялоого жаткан объекттерди, имараттарды күбөлөндүрүүгө жана конверсациялоого же ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды курууну убактылуу токтотууга документтерди тариздөөгө, ошондой эле объекттерди ишти улантуу үчүн курулуш-куроо уюмдарына берүүдө алардын техникалык абалын баалоого катышуу;
- мамлекеттик көзөмөл органдары, инспекциялар жана комиссиялар өткөрүүчү текшерүүлөргө катышуу;
- мамлекеттик көзөмөл органдарына курулуш объекттериндеги авариялык абалдардын бардык учурлары жана аварияларды жоюу боюнча иштердин көлөмү жөнүндө кабарлоо.
5.2 Талап кылынган сапатты камсыздоо жана долбоордук чечимдерди сактоо боюнча:
- мыйзам жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык, өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыган объектти курууну баштоого даярдоо боюнча иштердин комплексин аткарууну уюштурат жана контролдойт:
долбоордук документтердин кирүүчү контролу жана контролдун жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү; подряддык уюмдар тарабынан даярдалган иштерди жүргүзүү долбоорлорунун, жалпы жана атайын иштердин журналдарынын болушун контролдоо; подрячынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана көзөмөл органдарында керектүү уруксаттарды алуусун контролдоо;
- аткарылган ККИ бекитилген долбоордук-сметалык документтерге ылайык келүүсүнө, ченемдик документтерин талаптарын, жалпы курулуш, куроо жана атайын иштерди аткаруу технологияларын сактоого, пайдаланылуучу материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапатына контроль жүргүзөт;
- курулуштун катышуучуларынын техникалык жана автордук көзөмөл, мамлекеттик көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин жалпы жана атайын иштердин журналдарында, автордук көзөмөл журналында, көзөмөл органдарынын эскертүүлөрүндө уюштуруу-укуктук тартип, аткарылган ККИ жана колдонулган конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана жабдуулардын сапаты маселелерине тиешелүү берилген талаптарын жана көрсөтмөлөрү өз убагында жана сапаттуу аткаруусуна жетишет;
- ченемдик документтер менен заказчыга жүктөлгөн, долбоор менен каралган геодезиялык иштерди өткөрүүнү камсыздайт, ошондой эле ченемдик документтер менен подрядчыга жүктөлгөн геодезиялык иштерди аткаруунун өз убактылуулугун жана сапатын контролдойт.
5.3 Курулушту толук көлөмдө жана келишимдик мөөнөттө аяктоону камсыздоо боюнча:
- бекитилген долбоордук-сметалык документтердин аткарылган жана төлөөгө берилген ККИ көлөмүнө ылайык келүүсүн контролдоо.
- келишим менен белгиленген ККИ аткаруу мөөнөтүн сактоону контролдойт.
5.4 Кабыл алуунун белгиленген тартибин камсыздоо боюнча:
- талап кылынган документтерди тариздөө менен иштердин айрым түрлөрүн кабыл алууну өткөрөт.
- заказчынын подрядчыдан курулушу бүткөрүлгөн объектти кабыл алуусуна катышат.
6. Техникалык көзөмөлдөө кызматынын милдеттери
Техникалык көзөмөл кызматы милдеттүү:
6.1 5.2 пунктта берилген функцияларды аткарууда:
- долбоордук-сметалык документтердин комплекттүүлүгүн жана сапаттуу курулушту камсыздоо үчүн жетиштүүлүгүн белгилөө менен аны кирүүчү контролду жүргүзүү;
- долбоордук-сметалык документтерди кайра кароо боюнча өз убагындагы чараларды көрүү (зарыл болгон учурда), долбоорлордогу аныкталган кемтиктерди жоюуну контролдоо, долбоордук чечимдерди начарлатууга жана курулуштун сметалык баасын негизсиз көбөйтүүгө жол бербөө;
- долбоордун авторунун долбоордук документтерге макулдашылган өзгөртүүлөрдү өз убагында жана толук киргизүүсүн камсыздоо;
- подряддык уюмдардын жана жеткирүүчүлөрдүн объектти курууда пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын, буюмдардын, жабдуулардын жана башка алынган продукциялардын (мындан ары - продукциялар) кирүүчү контролун туура өткөрүүнү контролдоо, ошондой эле объектти куруу үчүн кирүүчү контролунан өтпөгөн продукцияларды пайдалануусунун алдын алуу. Бул максаттарда техникалык көзөмөл кызматы контролдоого милдеттүү:
- продукцияны керектөөчүлөрдө бул продукцияны регламенттөөчү документтердин, продукцияны инструменталдык кирүүчү контролун өткөрүү үчүн керектүү өлчөө каражаттарынын жана контролдоо-өлчөө приборлорунун болушу, ошондой эле алардын метрология талаптарына, тактык классына жана өлчөө методдоруна ылайык келиши;
- продукцияны керектөөчүлөрдүн объекттерде, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларында кирүүчү контролун уюштуруу жана ишке ашыруу;
- продукциянын кирүүчү контролунун жыйынтыктары боюнча тиешелүү документтерди өз убагында тариздөө;
- ишканалардын өкүлдөрүнүн – жеткирүүчүлөрдүн кирүүчү контролу менен аныкталган продукциядагы кемтиктерди жоюусу;
- ишти жүргүзүүдө долбоордук жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык келген гана продукцияларды колдонуу;
- иштерди жүргүзүүдө чектелүү сактоо мөөнөтү бар продукцияларды өз убагында колдонуу;
- продукцияларды кампаларда жана сактоо үчүн аянтчаларда эсепке алууну жана сактоону уюштуруу, мында сактоо шарттарына карата ченемдик-техникалык документтердин талаптарын сактоо;
- курулуш лабораторияларынын шарттарында сыноо үчүн продукциянын сынамдарын тандоону өз убагында өткөрүү;
- объект алындагы кампаларда жана курулуш аянтчаларында жараксыздандырылган продукцияларды же сактоо мөөнөтү аяктаган продукцияларды изоляциялоо;
- объектти курууга жеткирилген продукциялардын мамлекеттик стандарттардын талаптарына жана тамгалоонун жана маркалоонун техникалык шарттарына ылайык келиши;
- курулушта пайдаланылуучу конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана жабдуулардын сапатын күбөлөндүргөн туура толтурулган ярлыктардын, этикеткалардын жана коштоочу документтердин (паспорттор, сертификаттар) болушу, аларды белгиленген тартипте каттоону жана заказчыга бергенге чейин сакталышын камсыздоо;
- ишканалар - жеткирүүчүлөр кайрадан колдонгон же кайрадан өздөштүргөн продукциялардын түрлөрүнүн деталдуу кирүүчү контролун өткөрүү;
- продукциянын ишти жүргүзүүдө колдонууга даярдыгын ырастаган, кирүүчү контролунун жыйынтыктарын документтештирүүнү жана кирүүчү контролунан өткөн продукцияны маркалоону аткаруу;
- ККИ сапатын текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш өндүрүшүнүн технологияларын сактоого, өзүнө текшерүүнү камтыган, курулуш өндүрүшүнүн түзүмүн жана мүнөзүн эске алуу менен өндүрүштүк контролдун натыйжалуулугуна контроль жүргүзүү;
- объектте иштерди жүргүзүүгө техникалык жана технологиялык документтердин болушу жана абалы;
- подрядчынын керектүү өлчөө куралдары жана сыноо жабдуулары менен камсыздалышы, анын толук болушу жана өлчөө куралын жана сыноо жабдууларын пайдалануу боюнча метрологиялык эрежелерди сактоо менен алардын жумушчу абалы;
- курулуштун ишти аткаруунун керектүү тактыгын камсыздоочу жабдуу, жабдыктар, өлчөө жана сыноо каражаттары менен технологиялык жабдылышы, ошондой эле алардын абалына подрядчы тарабынан контроль жүргүзүү;
- ишти аткаруучулардын курулуштун технологиялык процессин сактоочу, операциялык контроль жүргүзүү;
- подряддык уюмдардын заказчы менен бирге кабыл алынган чечимдерди жана иш-чараларды, ошондой эле курулуштун жүрүшүндө берилген, техникалык көзөмөлдүн эскертүүлөрүн аткаруусу;
- жеке сыноолорду өткөрүүнүн тууралыгын жана толуктугун жана сыналган жабдуунун комплекттүүлүгүн;
- бардык деңгээлдеги көзөмөлдөө органдарынын текшерүүлөрүндө аныкталган иштерди жүргүзүүдө кемчиликтерди өз убагында жоюу;
- аткарылган этаптарды жана күбөлөндүрүүгө жаткан жашыруун иштердин болушун эске алуу менен, КИИ сапатын контролдоону туруктуу өткөрүү. Мында контроль алдындагы объектти куруунун сапатынын төмөндөшүнө алып келүүчү, контролдоодогу тыныгууларга жол бербөө;
- жалпы жана атайын иштер журналдарын өз убагында жана туура жүргүзүүнү контролдоо, курулуш ченемдери жана эрежелери менен каралган, башка өндүрүштүк жана аткаруу документтерин тариздөө;
- иштердин айрым түрлөрүн, имараттардын, курулмалардын жана жалпысынан объекттин конструкциялык элементтерин кабыл алууда аныкталган кемтиктерди жана чала аткарылган иштерди өз убагында жоюуну контролдоо;
- мамлекеттик көзөмөл органдары, каржылоочу курулуш банктары, ведомстволук комиссиялар жана инспекциялар өткөргөн текшерүүлөргө катышуу;
- аныкталган курулуш технологияларын бузууларды бул бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү үчүн башкы подрядчыга маалымдоо. Курулуш технологияларын жана өндүрүштүк контролду бир нече жолу бузууда башкы подрядчынын жогору турган инстанцияларында жана компетенциясы боюнча мамлекеттик көзөмөл органдарына билдирүү;
- архитектура-курулуш ишмердиги чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өкүлдөрүнө курулуш объекттериндеги авариялык абал учурлары жана аварияларды жоюу боюнча иштердин көлөмдөрү жөнүндө кабарлоо: заказчынын жазуу жүзүндөгү талаптарына карабастан, подрядчы тарабынан жоюлбаган, объекттеги аныкталган жараксыздык жөнүндө; мурдагы иштерди кабыл алууда техникалык көзөмөлдүн баш тартуусуна карабастан подрядчынын кийинки иштерди аткаруусу жөнүндө;
- курулуш процессинде геодезиялык иштерди аткарууну контролдоо жана геодезиялык контролдун жыйынтыктарын өз убагында тариздөө. Контролдук геодезиялык сүрөткө тартууларды өткөрүү;
- долбоор жана ченемдик документтер менен каралган имараттардын жана курулмалардын негиздеринин деформацияларынын геодезиялык өлчөөлөрүн аткарууну контролдоо;
- аткарылган ККИ визуалдык жана инструменталдык күбөлөндүрүүнү өткөрүү;
- подрядчыдан кабыл алынган жана заказчы тарабынан төлөнгөн ККИ көлөмүн эсепке алууну жүргүзүү;
- ККИ аткарылган көлөмүнүн келишим менен белгиленген мөөнөттө аткарууга жаткан көлөмгө ылайык келүүсүн салыштырып текшерүү;
- ККИ көлөмүн аткарууда келишим менен белгиленген мөөнөттөрдөн артта калуу аныкталганда артта калууну жоюу жөнүндө подрядчыга сунуштарды берүү жана бул тууралуу заказчыга маалымдоо;
- подрядчынын ККИ аткаруу көлөмү жана мөөнөтү боюнча заказчынын башкаруу чечимдерин аткаруусун контролдоо.
6.2 5.3 пунктта берилген функцияларды аткарууда:
- долбоордо көрсөтүлгөн милдеттүү контролдоо жана ККИ айрым түрлөрүн кабыл алуу тизмегине ылайык кийинки иштерди аткаруунун техникалык мүмкүндүгүн ырастаган күбөлөндүрүү актыларын тариздөөнү камсыздоо менен бул иштерди кабыл алууну жүргүзүү. Подрядчыга сапатсыз аткарылган ККИ кабыл алуудан баш тартууда кемчиликтерди жойгонго чейин кийинки иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жана жашыруун иштерди күбөлөндүрүү актыларын тариздөө;
- иштер журналында ККИ татаал түрлөрүнүн айрым операцияларын кабыл алуунун жыйынтыктарын жазуу;
- башкы подряддык, адистештирилген (куроочу) жана долбоордук уюмдар менен биргеликте жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алууну өткөрүү;
- консервациялоого жаткан объекттерди, имараттарды жана курулмаларды күбөлөндүрүүгө жана консервациялоого же ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды курууну убактылуу токтотууга документтерди тариздөөгө, ошондой эле ишти улантуу үчүн объекттерди курулуш-куроо уюмдарына берүүдө алардын техникалык абалын баалоого катышуу.
6.3 5.4 пунктта берилген функцияларды аткарууда:
- подрядчыдан курулушу аяктаган объектти кабыл алуунун жүрүшүндө өндүрүштүк жана аткаруу документтерин кабыл алууну жүргүзөт, заказчынын подрядчыдан объектти кабыл алуусун ырастаган документти тариздөөгө катышат;
- заказчы тарабынан подрядчыдан кабыл алынган курулушу аяктаган объектти пайдаланууга киргизүүгө даярдоого катышат, мында иштетүү-жөндөө иштерин аткарууну, сынамдык продукцияны чыгаруу менен жабдууну комплекстүү сыноону контролдойт.
- кабыл алуу комиссиясын дайындоо үчүн берилүүчү жана курулуш бүткөрүлгөн объектти кабыл алуу актысына тиркелүүчү, кабыл алуу эрежелери менен белгиленген документтердин тизмегине ылайык, заказчынын кабыл алуу комиссиясына берүүсүнө жаткан документтерди комплекттөө.
6.4 Көз карандысыз инженердик уюмдун техникалык көзөмөл функцияларын аткаруудагы милдеттери:
- курулуш-куроо иштеринин, колдонулган конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана жеткирилүүчү жабдуулардын долбоордук чечимдерге, спецификацияларга, тиешелүү техникалык регламенттердин жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсүн көзөмөлдөө;
- курулуш-куроо иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүнө жана процессине туруктуу же үзгүлтүксүз кайталануучу көзөмөлдү (объекттерде) жүргүзүү жана долбоордон, ченемдик документтерден жана техникалык регламенттерден четтөөлөрүн аныктоо;
- төмөндөгү маселелер боюнча эскертүүлөрдү берүү жана алардын аткарылышына контроль жүргүзүү:
- аныкталган ченемдик документтердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык эместиктерди жоюу;
- Подрядчынын пайдалануу мезгилинде имараттардын жана курулмалардын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү курулуш-куроо иштерин аткарууда кемтиктерди жоюусу;
- технологиялык документтерден, курулуш-куроо иштерин аткаруунун техникалык эрежелеринен четтөөдө жол берилген иштерди жүргүзүү технологияларын жана эрежелерин бузууларды жоюу;
- Подрядчынын курулуш-куроо иштерин жүргүзүү объекттерине (орундарына) түшкөн материалдардын, буюмдардын жана жабдуулардын сапатын кирүүчү контролун жүргүзүүсүн көзөмөлдөө;
- Подрядчыда курулуш-куроо иштеринде пайдаланылып жаткан жабдуулардын, конструкциялардын, буюмдардын жана материалдардын сапатын күбөлөндүрүүчү документтердин болушун текшерүү (техникалык паспорттор, сертификаттар, лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары);
- Подрядчынын долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди аткарууга даярдыгын текшерүү;
- баштапкы аткаруучу техникалык документтердин болушун жана аларды Подрядчынын туура жүргүзүүсүн контролдоо;
- техникалык көзөмөлдүн жана курулуш контролунун алкагында аткарылган иштердин сапатынын жана көлөмүнүн шайкештигин контролдун визуалдык, инструменталдык жана физикалык методдорун пайдалануу менен тандап контролдоо жүргүзүү;
- Подрядчынын өкүлдөрү менен биргеликте аткарылган иштерди жана кийинки иштерди жүргүзүүдө ачылуучу конструкциялык элементтерди күбөлөндүрүү жана баалоо;
- жашыруун иштерди күбөлөндүрүү актыларын өз убагында түзүүнү контролдоо;
- даяр болушуна жараша Подрядчынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле долбоордук уюмдардын катышуусу менен имараттардын жана курулмалардын жооптуу конструкцияларын орто аралык кабыл алууну жүргүзүү;
- аткарылган жана төлөөгө коюлган курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн жана сапатынын долбоордук-сметалык документтерге ылайык келүүсүн контролдоо;
- кабыл алынган жана төлөнгөн курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана баасын, ошондой эле Подрядчы тарабынан сапатсыз аткарылган курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана баасын эсепке алуу;
- Подрядчынын Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкарламыгынын, автордук көзөмөлдүн көрсөтмөлөрүн жана эскертүүлөрүн, ошондой эле Заказчынын талаптарын аткаруусун контролдоо;
- иштерди жүргүзүүнүн темптеринин бекитилген графикке ылайык келүүсүн, материалдык ресурстар жана техникалык каражаттар менен комплекттөөнүн жүрүшүн баалоо;
- иштерди аткаруунун мөөнөтүн узартууга, кошумча жана күтүүсүз иштерди жана чыгымдарды компенсациялоого байланыштуу Подрядчынын дооматтарын текшерүү жана Заказчыга сунуштарды берүү;
- подряд келишимин ишке ашырууга байланыштуу пайда болгон же пайда болушу мүмкүн болгон көйгөйлөр же мүмкүн болуучу көйгөйлөр жөнүндө Заказчыга маалымдоо, сунуштарды берүү;
- алардын пикиринде, ишти мөөнөтүндө аяктоо үчүн керектүү болгон, долбоорлордогу өзгөртүүлөрдү Заказчыга бекитүүгө берүү, анын ичинде контракттык баа жана курулушту аяктоо мөөнөттөрү боюнча сунуштар, бекитилген өзгөртүүлөр боюнча бардык керектүү тескемелерди даярдоо;
- бардык материалдарга, конструкцияларга, жабдууга бардык кепилдик документтерин жана сертификаттарды кабыл алууну жана сакталышын камсыздоо жана долбоор аяктаганда аларды Заказчыга берүү;
- Заказчы тарабынан бекитилген курулуш-куроо иштеринин графигин аткарууну сактоого, курулуш объекттерин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга киргизүүгө контроль жүргүзүү;
- келишим менен белгиленген мөөнөттөрдө курулуштун сапатына техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун токтотуу же токтото туруу жөнүндө Заказчыга маалымдоо;
- объекттерди эксплуатациялоо боюнча иштердин сапатынын ченемдик талаптарга ылайык эместигин өз убагында аныктоо;
- долбоордук уюм менен биргеликте Подрядчынын сапатты жогорулатуу, бааны төмөндөтүү жана иштерди жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө сунуштарын кароого катышуу;
- аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо жана аткаруунун сапатынын бекитилген долбоорго жана техникалык шарттарга, ченемдерге жана спецификацияларга ылайык келүүсүүнүн шарттарында аларды Подрядчыдан кабыл алуу, ошондой эле бул иштерге төлөө үчүн актыларды тариздөө.
7. Техникалык көзөмөлдүн жана көз карандысыз инженердик уюмдун укуктары
7.1 Курулуш-куроо иштерин жүргүзүүгө техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө техникалык көзөмөл жана техкөзөмөл функцияларын жүргүзүүчү көз карандысыз инженердик уюм төмөндөгү укуктарга ээ:
- Подрядчыдан иштерди бекитилген долбоордук документтерге ылайык аткарууну, курулуш ченемдерин, эрежелерин жана иштерди жүргүзүүгө жана кабыл алууга карата техникалык шарттарды так сактоону талап кылуу. Подряддык уюмдарга техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын колдонууга тыюу салуу;
- курулуштун, колдонулуучу материалдардын, деталдардын жана конструкциялардын сапаты жөнүндө, ошондой эле бекитилген долбоордук-сметалык документтердин талаптарын сактоо жөнүндө талаптарды жана көрсөтмөлөрдү берүү;
- бекитилген долбоорго, техникалык шарттарга жана курулуш-куроо иштерин жүргүзүү эрежелерине ылайык аткарылган иштерге төлөөнү ырастоо;
- Подрядчыдан объект боюнча керектүү аткаруу документтерин суроо;
- иштерди жүргүзүү эрежелерин жана ченемдик документтердин талаптарын системалуу түрдө бузган подрядчылар менен подряд келишимин бузуу жөнүндө Заказчыга сунуштарды киргизүү;
- төлөө үчүн берилген документтерди оңдоо же өзгөртүү же долбоордук документтердин ченемдик талаптарына ылайык келбеген иштердин көлөмдөрүнүн баасын төлөөдөн чыгаруу боюнча Заказчыга сунуштарды киргизүү;
- Подрядчынын кызмат адамдарына кемтиктерди жана алардын пайда болуу себептерин жоюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талаптарды коюу;
- белгиленген мөөнөттөрдө кемтиктерди жоюуну контролдоо;
8. Заказчынын, Подрядчынын, көз карандысыз инженердик уюмдун өз ара мамилелери жана жоопкерчилиги
8.1 Заказчынын, көз карандысыз инженердик уюмдун жана Подрядчынын өз ара мамилелери Заказчынын жана Подрядчынын, ошондой эле Заказчынын жана көз карандысыз инженердик уюмдун ортосундагы келишимдер (контракттар) менен жөнгө салынат.
8.2 Техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүүгө Заказчынын жана көз карандысыз инженердик уюмдун ортосунда келишим түзүүгө Подрядчынын макулдугу талап кылынбайт.
8.3 Көз карандысыз инженердик уюм тарабынан Подрядчыга жөнөтүлүүчү, техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүү үчүн кабарларда, эскертүүлөрдө, ошондой эле башка керектүү кабарлоолордо аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт, кабарлоонун көчүрмөсү Заказчыга жөнөтүлөт.
8.4 Көз карандысыз инженердик уюмдун ар бир кабарлоону аткаруусу иштерди аткаруу жөнүндө Подрядчынын маалыматын камтышы керек.
8.5 Иштерди жүргүзүү технологиясына тиешелүү көз карандысыз инженердик уюмдун жана Подрядчынын ортосундагы кабарлоолор жана башка кат алышуулар аткарылган курулуш-куроо иштерине карата кепилдик мөөнөт аралыгында сакталат.
8.6 Иштерди жүргүзүү долбооруна тиешелүү көз карандысыз инженердик уюмдун жана Подрядчынын ортосундагы кат алышуулар курулуш-куроо иштерин жүргүзгөндөн кийин мүмкүн болуучу кемтиктер үчүн жоопкерчиликтүү тараптарды аныктоо үчүн негиз катары кызмат кылат.
8.7 Көз карандысыз инженердик уюм тарабынан эки жана андан көп жолу жол берилген милдеттерди аткарбоо үчүн Заказчы бул уюмга персоналды алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндө кабарлайт. Бул кабарлоону аткарбаган учурда Заказчы көз карандысыз инженердик уюм менен келишимди бир тараптуу тартипте бузат.
8.8 Заказчы көз карандысыз инженердик уюмдун “ак ниеттүү эмес” персоналын каттоого алууну жүргүзөт жана эки жыл аралыгында аларды ишке киргизбөөгө укуктуу.
8.9 Көз карандысыз инженердик уюм тарабынан келишимдик милдеттенмелерди системалуу түрдө бузуу үчүн Заказчы келишимди бир тараптуу тартипте бузат жана кийинки эки жыл аралыгында көз карандысыз техникалык көзөмөл жана курулуш контролу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерге катышууга киргизбейт, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органына кабарлайт.
8.10 Техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүү ишин жүргүзүүнү жетектеген адамдардан аткарылган иштердин сапаты үчүн жоопкерчиликти албайт.
8.11 Техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн көз карандысыз инженердик уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчилик тартат.
8.12 Көз карандысыз инженердик уюмдун жана Подрядчынын өз ара аракеттенүүсү макулдашылган жана Заказчы тарабынан бекитилген иштерди жүргүзүү графигине ылайык ишке ашырылат.
8.13 Техникалык көзөмөлдүн жана курулуш контролунун убактысын иштерди жүргүзүү графигине ылайык бөлүштүрүү Заказчы менен макулдашылат.
8.14 Иштерди жүргүзүү графигинин убактысын ашырганы үчүн, ошондой эле Подрядчынын күнөөсү боюнча жол берилген кемтиктерди жоюу үчүн, техникалык көзөмөлгө жана курулуш контролуна кошумча чыгымдар Подрядчынын каражаттарынын эсебинен компенсацияланат жана Жобонун бул пункту Заказчынын жана Подрядчынын ортосунда түзүлгөн Келишимде көрсөтүлүшү керек.
9. Курулушта техникалык аудитти уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
9.1 Курулуштагы техникалык аудит (мындан ары – техникалык аудит) курулуш долбоорунун финансылык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн толугу менен талдоо боюнча иштердин комплексин аткарууну түшүндүрөт жана көз карандысыз уюмдун атайын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
9.2 Техникалык аудит курулуш долбоорунун перспективалуулугун жана инвестициялык чечимдердин тууралыгын аныктоону шарттайт жана курулуш боюнча документтерди жана иштерди аткаруунун ар кандай аспекттерин кесипкөй текшерүүнү түшүндүрөт:
- корпоративдик талаштарда жүргүзүлүүчү пайдаланылган материалдардын сапаты, баасы, мөөнөтү;
- соттук териштирүүдө, курулуштагы уурулук предметине финансылык иликтөө жүргүзүү.
9.3 Техникалык аудиттин негизги максаты болуп саналат:
- акча каражаттарын рационалдуу пайдаланууну контролдоо;
- курулуш долбоорунун алынган параметрлеринин келишимдерге, долбоордук-сметалык документтерге карата тактык жана шайкештик деңгээлин талдоо;
- объекттин тапшыруу мөөнөтүн белгилөө.
9.4 Жалпысынан техникалык аудит аткарылган жана аткарылуучу иштер мезгилинде төмөндөгү милдеттерди ишке ашырууну карайт:
- алгачкы документтерди кайта кароо;
- аткаруу мөөнөтүн, курулуш иштеринин сапатын жана көлөмүн контролдоо;
- курулуштун баасын талдоо жана анын тууралыгын ырастоо;
- долбоордун бюджетин изилдөө жана сметада көрсөтүлгөн баанын жана анык баалардын ортосундагы шайкештикти аныктоо;
- пайдаланылган материалдардын сапатын контролдоо;
- колдонулуучу конструкциялардын, материалдардын, жабдуулардын сапатын ырастаган документтерди текшерүү: техникалык паспорттор, сертификаттар, тестирлөөнүн жыйынтыктары;
- рыноктук бааларды жана сметада белгиленген бааларды салыштыруу;
- иштин реалдуу баасына таасирин тийгизүүчү себептерди аныктоо;
- чыгымдарды азайтуу боюнча сунуштамаларды түзүү;
- бузуктарды жана кемтиктерди өз убагында жок кылууну контролдоо;
- акыркы сметаны түзүү жана долбоордун баасын көрсөтүү.
9.5 Техникалык аудит жүргүзүүчү уюмду тандоодо анын ишмердигинин көз карандысыз экспертиза жөнүндө колдонуудагы мыйзамга шайкештигин текшерүү керек.
9.6 Заказчынын жана техникалык аудит жүргүзүүчү компаниянын ортосунда аткаруучу тарабынан техникалык аудит боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталган келишимди түзүү аркылуу укуктук мамилелер орнотулат;
9.7 Техникалык аудит жүргүзүүчү көз карандысыз инженердик уюм (компания) төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- иштерди аткаруу мөөнөтүн сактабоо;
- жетишсиз контролдоонун кесепетинде сапатсыз жүргүзүлгөн иштер;
- аудиторлор жүргүзгөн иштердин жана келишимде көрсөтүлгөн тапшырмалардын шайкеш эместиги.
9.8 Техникалык аудит төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
Алгачкы этапта төмөндөгү материалдар талдоого алынат:
- укук белгилөөчү документтер;
- долбоорлоого техникалык тапшырма жана курулушка уруксат;
- архитектуралык, конструкциялык, инженердик чечимдердин бөлүмдөрүн камтыган долбоордук документтер, ошондой эле курулушту жана ишти жүргүзүүнү уюштуруу долбоорлору;
- сметалык документтер;
- ишти жүргүзүү журналын, геодезиялык схемаларды, жашыруун иштердин актыларын, жооптуу конструкциялардын орто аралык иштерин кабыл алуу актыларын камтыган аткаруу документтери;
- келишимдер (материалдарды жеткирүүгө, адамдарды ишке ашуу боюнча);
- аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
Талдоонун негизинде материалдардын баалары текшерилет, аткарылган иштердин көлөмү изилденет жана жаңы смета түзүлөт. Курулуш мезгилинде техникалык жана технологиялык процесстер талдоого алынат жана эсептик чоңдуктар талданат:
- имараттын конструкциялык өзгөчөлүктөрү;
- пайдаланылган курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана алардын элементтеринин курамы;
- инженердик коммуникациялардын жана трассалардын мүнөздөмөлөрү;
- долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жана куроо иштеринин көлөмү;
- реалдуу аткарылган курулуш-куроо иш-чараларынын өлчөмү;
- иш жүзүндө жасалбаган иштердин көлөмү;
- курулушта аныкталган бузуктардын жана кемтиктердин өлчөмү;
- долбоордук документтерге ылайык курулуш-куроо иштеринин баасы;
- реалдуу аткарылган көлөмдөргө карата курулуш жана куроо иш-чараларына чыгымдар.
Акыркы баскычта объект пайдаланууга тапшырылат, ал эми аудитти аткарган уюм заказчыга түзүлгөн документтердин орнотулган ченемдерге жана финансылык отчетко ылайык келиши жөнүндө корутундуну берет.
10. Техникалык көзөмөл жана курулуш контролун жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим
10.1 Заказчынын жана көз карандысыз инженердик уюмдун ортосундагы келишим инженердик кызматтарды сатып алууга өткөрүлгөн тендердин жана ушул Жобонун негизинде түзүлөт.
10.2 Заказчынын жана көз карандысыз инженердик уюмдун ортосундагы техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун (техникалык аудит) жүргүзүүгө карата келишимде төмөндөгүлөрдү караган пункттар киргизилет:
- иштерди өндүрүү графигин сактоо, ошондой эле Подрядчынын күнөөсү менен жол берилген, Подрядчынын каражаттарынын эсебинен компенсациялануучу кемчиликтерди жоюу менен көз карандысыз техникалык көзөмөлдү жана курулуш контролун жүргүзүү менен байланыштуу кошумча чыгымдар;
- долбоорго же оңдоо иштеринин көлөмүнө ылайык ар бир объект боюнча иштерди жүргүзүүнүн деталдуу графиктерин даярдоо мөөнөтү;
- ишти жүргүзүү графигине ылайык көз карандысыз техникалык көзөмөлдүн жана курулуш контролунун убактысын деталдуу бөлүштүрүнүү даярдоо мөөнөтү.
Деталдуу графиктер Келишимге өзүнчө тиркеме катары таризделет.
10.3 Көз карандысыз инженердик уюмдун же техникалык аудиттин Заказчынын алдындагы отчеттуулугунун формасы Келишимге өзүнчө тиркеме катары таризделет.
10.4 Келишимге ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башка пункттар киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону…Постановление · 26.12.2014 · № 742
- КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 15-декабря №11-нпа "Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу…Постановление · 15.12.2017 · № 11-нпа
- Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын өз ара мамилелери жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын…Положение · 26.12.2014 · № 742
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон