Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 22-декабры № 719 Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 732 токтомдун редакциясына ылайык) “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө Алкактык конвенциясынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунан тышкары, 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3-1. 2016-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын рынокторуна түшкөн бардык тамеки буюмдары, тамекинин зыяндуулугу жөнүндө ушул токтом менен бекитилген иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдү тамеки кутуларына жана таңгактарына жайгаштырбастан толук сатылып бүткөнгө чейин рыноктордо болуусу мүмкүн. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 732 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн ТИЗМЕГИ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 732 токтомдун редакциясына ылайык) Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө АЛКАКТЫК КОНВЕНЦИЯСЫ ( КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 74 Мыйзамы менен ратификацияланган)Конвенция · 21.05.2003
- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясы ратификациялоо жөнүндөЗакон · 02.03.2006 · № 74
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.