Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө АЛКАКТЫК КОНВЕНЦИЯСЫ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 74
Мыйзамы менен ратификацияланган
Женева шаары
2003-жылдын 21-майы
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун
тамекиге каршы күрөш жөнүндө
АЛКАКТЫК КОНВЕНЦИЯСЫ
Преамбула
Бул Конвенциянын Тараптары,
Адамдардын саламаттыгын сактоо боюнча өздөрүнүн укуктарына артык-
чылыктуу көњүл бурууга чечкиндүүлүк менен,
тамеки эпидемиясынын таралышы адамдын саламаттыгына олуттуу зыян
келтирүүчү жана мүмкүн болушунча кененирээк эл аралык кызматташууну жа-
на бардык өлкөлөрдүн тийиштүү жана ар тараптуу эл аралык жооп чара
көрүүсүн талап кылган глобалдык проблема экенин моюнга алышып,
тамеки колдонууга жана тамекинин түтүнүнө байланыштуу адамдардын
саламаттыгына келип жаткан кесепеттерге, ошондой эле анын социалдык,
экономикалык жана экологиялык кесепеттерине байланыштуу эл аралык ше-
риктештиктин тынчсыздануусун чагылдырышып,
бүткүл дүйнөдө, айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөрдө сигареттерди жана
башка тамеки буюмдарды колдонуу жана чыгаруу көбөйүп жатканына байла-
ныштуу, ошондой эле мунун натыйжасында үй бүлөлөргө, жакыр адамдарга
жана улуттук саламаттык сактоо системаларына келип жаткан оорчулуктарга
байланыштуу олуттуу тынчсыздангандарын билдиришип,
тамеки колдонуу жана тамекинин түтүнү өлүмдүн, оорунун жана майып-
тыктын себеби экенин илимий маалыматтар даана далилдеп жатканын жана
тамеки чегүүнүн жана тамеки буюмдарды колдонуунун башка түрлөрүнүн таа-
сири менен тамекиге байланыштуу ооруларга чалдыгуунун ортосунда бел-
гилүү бир аралыктагы убакыт өтөөрүн моюнга алышып,
ошондой эле, сигареттер жана тамекилүү айрым башка буюмдар ага бе-
рилүүнү жана көз карандылыкты жаратуучу жогорку технологиялар менен жа-
салган буюмдар экенин, алардын ичиндеги көптөгөн компоненттер жана чык-
кан түтүн фармакологиялык активдүү, уулуу, мутагендүү жана канцеро-
гендүү экенин, ошондой эле тамекиге көз карандылык оорулардын эл аралык
негизги классификацияларында өзүнчө бир бузулуу катары классификация-
ланганын да моюнга алышып,
азыркы учурда тамеки түтүнүнүн пренаталдык таасири балдардын сала-
маттыгынын жана өсүшүнүн абалына жаман таасир этери жөнүндө так илимий
маалыматгар бар экенин моюнга алышып,
бүткүл дүйнөдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, айрыкча улам барган
сайын балдардын эртелеп тамеки тартуусу жана тамекини башкача түрлөрдө
колдонуусу көбөйүп баратканына байланыштуу катуу тынчсызданышып,
бүткүл дүйнөдө аялдар жана кыздар арасында тамеки тартуунун жана
тамекини башкача түрлөрдө колдонунун масштабы өсүп баратканына байла-
ныштуу тынчсызданганын билдиришип, жана тамекиге каршы күрөштүн саяса-
тын түзүүнүн жана ишке ашыруунун бардык дењгээлдеринде аялдардын толук
катышуу зарылдыгын, ошондой эле тамекиге каршы күрөштө гендерлик жаг-
дайларды эске алган стратегиянын зарылдыгын эске алышып,
түпкү элдерде тамеки тартуунун жана башкача түрлөрдө колдонуунун
жогорку дењгээлине байланыштуу терењ тынчсызданганын билдиришип,
тамеки буюмдарына рекламанын, сатууга шарт түзүүнүн жана колдонуу-
га кызыктыруу максатында демөөрчүлүктүн бардык формаларынын таасирине
байланыштуу олуттуу тынчсызданганын билиришип,
сигареттерди жана башка тамеки буюмдарды мыйзамсыз сатуунун бардык
түрлөрүн, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз өндүрүүнү жана жасалма
чыгарууну жоюу үчүн биргелешкен иш-аракеттер керектигин моюнга алышып,
тамекиге каршы күрөштүн бардык дењгээлдери, айрыкча өнүгүп жаткан
өлкөлөрдө жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө тамекиге каршы күрөш
жүргүзүү үчүн азыркы учурдагы жана болжолдонгон керектөөлөргө жетиштүү
өлчөмдөгү финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылаарын
түшүнүшүп,
тамекиге керектөөнү азайтуунун ийгиликтүү стратегияларынын узак
мөнөөттүү социалдык жана экономикалык натыйжаларын кароо үчүн тийиштүү
механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын моюнга алышып,
айрым өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө
тамекиге каршы күрөштүн программалары орто мөөнөттүү жана узак
мөөнөттүү келечекте пайда кылышы мүмкүн болгон социалдык жана экономи-
калык кыйынчылыктарды көњүлгө алышып, жана алардын улуттук дењгээлдерде
түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү стратегияларынын контекстинде техникалык
жана финансылык жардамдарга муктаждыктарын моюнга алышып,
көп мамлекеттер тамекиге каршы күрөш тармагында жүргүзүп жатышкан
баалуу ишти түшүнүшүп, жана тамекиге каршы күрөш тармагындагы иш-чара-
ларды иштеп чыгууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигин,
ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун башка мекемелеринин жана органда-
рынын, башка эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдардын
күч-аракеттерин кубатташып,
өкмөттүк эмес уюмдардын жана граждандык коомдун тамеки өнөр жайына
байланышы жок башка мүчөлөрүнүн, анын ичинде професионал саламаттык
сактоо органдарынын, аялдар топторунун, жаштар топторунун, жаратылышты
коргоочу топтордун жана керектөөчүлөрдүн топторунун, академиялык мекме-
лердин жана саламаттык сактоо мекемелеринин тамекиге каршы күрөшкө
улуттук жана зл аралык дењгээлдерде кошуп жаткан өзгөчө салымдарын,
ошондой эле алардын тамекиге каршы күрөштөгү улуттук жана эл аралык
күч-аракеттерге катышуусунун турмуштук керектүү маанисин баса
көрсөтүшүп,
тамеки өнөр жайынын тамекиге каршы күрөштүн күч-аракетин майтаруу-
га же жокко чыгарууга болгон ар кандай аракеттерине кыраакылык кылуу
зарылдыгын жана тамеки өнөр жайынын тамекиге каршы күрөшкө терс таасир
тийгизип жаткан ишмердиги жөнүндө маалымдар болуп туруу зарылдыгын мо-
юнга алышып,
Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1966-жылдын 16-декабрын-
да кабыл алган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл
аралык пактынын 12-статьясын, анда ар бир адам дене бой жана психикалык
саламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлине жетишүүгө укуктуу
экени жөнүндө айтылганын эскертишип,
ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставынын кириш
сөзүн, анда саламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлине жетишүү
расасына, динине, саясий ынанымына, экономикалык же социалдык абалына
карабастан бардык адамдардын негизги укуктарынын бири болоору жөнүндө
айтылганын да эскертишип,
тамекиге каршы күрөштүн азыркы учурдагы колдоо болгон жана ти-
йиштүү илимий-техникалык жана экономикалык шарртарга негизделген чара-
ларына шарт түзүүгө чечкиндүүлүк менен,
БУУнун Башкы Ассамблеясы 1979-жылдын 18-декабрында кабыл алган
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияда
ал Конвенцияга катышкан мамлекеттер аялдарга карата медициналык-сани-
тардык тармактагы басмырлоону жоюу үчүн тийиштүү чара көрүшөөрү айтыл-
ганын эскертишип,
ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 1989-жылдын 20-ноябрында ка-
был алган Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда ал Конвенцияга катышкан
мамлекеттер баланын саламаттыктын мүмкүн болуучу эњ жогорку дењгээлине
жетишүүгө укуктуу экени жөнүндө айтылганын эскертишип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I бөлүк
Киришүү
1-статья. Терминдердин пайдаланылышы
Бул Конвенцияынын максаты үчүн:
а) "Мыйзамсыз соодалоо" өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээлик кылуу-
га, бөлүштүрүүгө, сатууга же алууга тиешелүү, мыйзамда тыюу салынган
ишти же жүрүм-турумду, анын ичинде мындай иштерге шарт түзүү максатын
көздөгөн иштин же жүрүм-турумдун бардык түрүн билдирет;
b) "Экономикалык интеграциянын региондук уюму" бир нече эгемендүү
мамлекеттен турган жана ал мүчө мамлекеттер өзүнүн бир топ маселелер
боюнча ыйгарым укуктарын, анын ичинде ал маселелер боюнча ошол мүчө
мамлекеттерге милдеттенмелерди салуучу маселелер боюнча чечим кабыл
алуу укугун кошо өткөрүп беришкен ар кандай уюмду билдирет ((1) эс-
кертүүнү карањыз);
c) "Тамекинин сатылышын рекламалоо жана түрткү берүү" коммерциялык
маалыматты, рекомендацияны тамеки буюмдарды сатууга же колдонууга
түздөн түз же кыйыр түрткү берүү максатында берүүнүн же ошондой натый-
жаларга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон аракеттин ар кандай
түрүн билдирет.
d) "Тамекиге каршы күрөш" тамеки буюмдарды колдонууну жоюу же
азайтуу жолу менен калктын саламаттыгын жакшыртууга, ошондой эле тамеки
түтүнүнүн таасирин азайтууга багытталган берүү-жабдуу, суроо-талап жана
зыянды азайтуу тармагындагы стратегиялардын кењири чөйрөсүн билдирет.
е) "Тамеки өнөр жайы" тамеки буюмдарды өндүрүү, дүњ бөлүштүрүү жа-
на импорттоо менен иштегендердин баарын билдирет.
f) "Тамеки буюмдар" толугу менен же айрым бөлүгү сырьеё материал
катары тамеки жалбырагынан жасалган, тартып, соруп, чайнап же жыттап
пайдалануу үчүн ылайыкталган продуктуларды билдирет.
g) "Тамекиге демөөрчүлүк" тамеки буюмдарды сатууга же тамекини
түздөн түз же кыйыр пайдаланууга түрткү берүү максатындагы кайсы болбо-
сун окуяга, иш-чарага же жакка кошкон, ошондой натыйжаларга алып келген
же алып келиши мүмкүн болгон ар кандай салымды билдирет.
2-статья. Ушул Конвенция менен башка келишимдердин жана юридикалык
документтердин ортосундагы байланыш
1. Тараптар адамдардын саламаттыгын жакшылап коргоону камсыздоо
максатында ушул Конвенция жана анын протоколдору талап кылгандан тыш-
каркы чараларды ишке ашырууга умтулушат, мында ал документтердеги эч
нерсе Тараптардын абалдары менен макулдашылган жана эл аралык укуктун
жоболоруна ылайык келген катуураак талаптарды кабыл алуусуна тоскоол
болбойт.
2. Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун жоболору Тараптардын
Конвенцияга жана анын протоколдоруна тиешелүү, же аларга карата кошумча
болуп эсептелген маселелер боюнча эки же көп тараптуу макулдашууларды,
анын ичинде региондук же субрегиондук макулдашууларды түзүүсүнө эч кан-
дай таасир этпейт, мында андай макулдашуулар алардын ушул Конвенция жа-
на анын протоколдору боюнча милдеттенмелерине шайкеш болушу керектүү
шарт. Тийиштүү Тараптар андай макулдашуулар жөнүндө Тараптардын Конфе-
ренциясына Секретариат аркылуу билдиришет.
II бөлүк
Максат, жетектөөчү принциптер
жана жалпы милдеттер
3-статья. Максат
Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаты - тамекиге кар-
шы күрөштүн Тараптар улуттук, региондук жана эл аралык дењгээлдерде иш-
ке ашыруучу тийиштүү чектерин камсыздоо, тамекини колдонуунун таралышын
жана тамекинин түтүнүн такай жана орчундуу азайтуу жолу менен азыркы
жана келечектеги муундарды тамекини колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн
адамдардын саламаттыгына бузуучу кесепеттеринен, ошондой эле социалдык,
экологиялык жана экономикалык кесепеттерден коргоодо турат.
4-статья. Жетектөөчү принциптер
Бул Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү жана
анын жоболорун ишке ашыруу үчүн Тараптар атап айтканда, төмөндө келти-
рилген принциптерге таянышат:
1. Ар бир адам тамекини колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соо-
лукка кесепеттери, наркотиктик мүнөзү жана өмүргө өтө корунучтуулугу
жөнүндө маалымдуу болууга тийиш, жана ушуга байланыштуу бардык адамдар-
ды тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн натыйжалуу мыйзам-
дык, аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды тийиштүү
өкмөттүк дењгээлде кароо керек.
2. Улуттук, региондук жана эл аралык дењгээлдерде төмөнкүлөрдү эс-
ке алуу менен ар тараптуу сектор аралык чараларды жана координациялан-
ган тийиштүү жооп чараларды иштеп чыгуу жана колдоо жагында чечкиндүү
саясий жактоочулук зарыл, алар:
а) адамдарды тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн чара
көрүү зарылдыгы;
Ь) тамеки буюмдарды ар кандай формаларда колдоно баштоону болтур-
боо, токтотууга жана азайтууга шарт түзүү жана көмөктөшүү үчүн чаралар-
ды көрүү зарылдыгы;
с) түпкүлүктүү адамдардын жана жамааттардын тамекиге каршы
күрөштүн социалдык жана маданий жактан алардын керектөөлөрүнө жана ке-
лечектерине ылайык келүүчү программаларын түзүүгө, ишке ашырууга жана
баалоого катышуусуна көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгы;
d) тамекиге каршы күрөштүн стратегияларын түзүүдө ар түрдүү жыныс-
тар үчүн мүнөздүү опурталдуулуктарды эске алуу боюнча чараларды көрүү
зарылдыгы.
3. Тамекиге каршы күрөштүн жергиликтүү маданий шарттар, ошондой
эле социалдык, экономикалык, саясий жана юридикалык факторлор эске
алынган натыйжалуу программаларын түзүү жана ишке ашыруу үчүн эл аралык
кызматташуу, айрыкча технологияларды, билимдерди берүү жана финансылык
жардам көрсөтүү, ошондой эле тийиштүү эксперттик кызматтарды көрсөтүү
ушул Конвенциянын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
4. Бардык тамеки буюмдарды колдонууну азайтуу боюнча улуттук, ре-
гиондук жана эл аралык дењгээлдерде көрүлүп жаткан ар тараптуу көп сек-
тордук жана жооп чаралар тамекини колдонуудан жана тамеки түтүнүнүн та-
асиринен болуучу эрте майыптыкты жана өлүмгө учуроону коомдук саламат-
тык сактоонун принциптерине ылайык болтурбоо үчүн зарыл.
5. Ар бир Тарап өзүнүн юрисдикциясынын чегинде аныктоочу жоопкер-
чиликке байланыштуу маселелер тамекиге каршы ар тараптуу күрөштүн маа-
нилүү бөлүгү болуп эсептелет.
6. Өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарда жана өткөөл экономика-
луу Тараптарда тамеки өстүрүүчү адамдардын жана тамеки өнөр жайынын
кызматкерлеринин жашоого каражат табуусуна олуттуу таасир этүүчү таме-
киге каршы күрөш программаларын ишке ашырууда экономикалык өткөөлгө
көмөктөшүү үчүн техникалык жана финансылык жардамдын маанисин улуттук
дењгээлде түзүлүүчү туруктуу өнуктүрүү стратегияларынын контекстинде
таануу жана эске алуу керек.
7. Конвенциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү үчүн
граждандык коомдун катышуусу зарыл.
5-статья. Жалпы милдеттенмелер
1. Ар бир Тарап өзү Тарабы болгон ушул Конвенцияга жана анын про-
токолдоруна ылайык тамекиге каршы күрөштүн көп сектордуу улуттук стра-
тегияларын, пландарын жана программаларын түзөт, ишке ашырат жана мез-
гил-мезгили менен кайра карайт.
2. Бул максатка жетүү үчүн ар бир Тарап өз мүмкүнчүлүктөрүнө ыла-
йык:
а) тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук координациялык механизмди
же координациялык органдарды түзөт же чыњдайт жана каржылайт; жана
Ь) натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык жана/же
башка чараларды көрөт жана тийиштүү учурларда башка Тараптар менен та-
мекини колдонуунун, никотинге көз карандылыктын жана тамеки түтүнүнүн
алдын алуу жана азайтуу үчүн тийиштүү саясатты иштеп чыгууда кызматта-
шат.
3. Тараптар тамекиге каршы күрөш боюнча өзүнүн коомдук саламаттык
сактоо саясатын түзүүдө жана ишке ашырууда өзүнүн саясатын тамеки өнөр
жайынын коммерциялык жана корпорациялык кызыкчылыктарынын таасиринен
коргоо үчүн улуттук мыйзамдарына ылайык аракеттенишет.
4. Тараптар өздөрү Тараптары болгон ушул Конвенциянын жана анын
протоколдорунун сунушталуучу чараларын, процедураларын жана жетектөөчү
принциптерин иштеп чыгууда кызматташышат.
5. Тараптар тийиштүү учурларда өздөрү Тараптары болгон ушул Кон-
венциянын жана анын протоколдорунун максаттарына жетүү үчүн компе-
тенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдар жана башка ор-
гандар менен кызматташышат.
6. Тараптар өз карамактарындагы каражаттар менен ресурстардын чек-
теринде, ушул Конвенцияны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн финансылык ре-
сурстарды мобилизациялоо максатында эки тараптуу жана көп тараптуу кар-
жылоо механизмдеринин жардамы менен кызматташышат.
III бөлүк
Тамекиге суроо-талапты азайтууга
тийиштүү чаралар
6-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча баалык жана
салыктык чаралар
1. Тараптар баалык жана салыктык чаралар калктын ар кыл топтору-
нун, айрыкча жаштардын тамекини колдонуусун азайтуудагы натыйжалуу жана
маанилүү каражат экенин таанышат.
2. Ар бир Тарап өзүнүн саламаттык сактоо тармагындагы тамекиге
каршы күрөшкө тиешелүү улуттук максаттарын Тараптардын салык салуудага
өз саясатын аныктоого жана белгилөөгө эгемендүү укугуна зыян келтирбес-
тен эске алууга жана тийиштүү учурларда төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн
болгон чараларды киргизүүгө жана сактоого тийиш:
а) тамеки буюмдарга карата салык саясатын, ал эми керектүү учурда
баа саясатын саламаттык сактоонун тамекини колдонууну азайтууга багыт-
талган максаттарына жетүүгө шарт түзгүдөй жүргүзүү;
Ь) эл аралык сапарга чыгуучу адамдарга тамеки буюмдарды салыксыз
жана пошлинасыз алып келүүгө жана/же тийиштүү учурларда сатууга тыюу
салуу же чектөө.
3. Тараптар 21-статьяга ылайык Тараптардын Конференциясына берүүчү
мезгилдүү баяндамаларында тамеки буюмдарга салык салуунун ставкалары
жана тамекини колдонуудагы тенденциялар жөнүндө маалыматтарды беришет.
7-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча баалык эмес
чаралар
Тараптар баалык эмес чаралар тамекини колдонууну азайтуунун натый-
жалуу жана маанилүү каражаты экенин моюнга алышат. Ар бир Тарап өзүнүн
8-13-статьялар боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн керектүү майнаптуу
мыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык же башка чараларын иштеп чы-
гат жана тийиштүү учурларда аларды ишке ашыруу максатында башка Тарап-
тар менен түздөн түз же компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр
аралык уюмдар аркылуу кызматташат. Тараптардын Конференциясы ушул
Статьялардын жоболорун ишке ашыруу үчүн тийиштүү жетектөөчү принциптер-
ди сунуш кылат.
8-статья. Тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо
1. Тараптар тамекинин түтүнү өлүмдүн, оорунун жана майыптыктын се-
беби экенин илимий маалыматтар даана далилдегенин моюнга алышат.
2. Ар бир Тарап улуттук мыйзамдар менен аныкталган улуттук юрис-
дикциянын тармактарында бөлмөнүн ичинде, коомдук транспортто жана жабык
коомдук жайларда жана тийиштүү учурларда башка коомдук жерлерде тамеки-
нин түтүнүнүн таасиринен коргоону камсыздоочу натыйжалуу мыйзамдык, ат-
каруучулук, администрациялык жана/же башка чараларды кабыл алат жана
ишке ашырат, жана юрисдикциянын башка дењгээлдеринде кабыл алынышына
жана ишке ашырылышына көмөк көрсөтөт.
9-статья. Тамеки буюмдарынын ичиндеги курамын жөнгө салуу
Тараптардын Конференциясы компетенттүү эл аралык уюмдар менен
кењешип тамеки буюмдардын ичиндегилердин курамын сыноонун жана
өлчөөнүн, ошондой эле ал курамды жана бөлүнүп чыгуучу продуктуларды
жөнгө салуунун жетектөөчү принциптерин сунуш кылат. Компетенттүү улут-
тук органдарда жактырылган учурларда ар бир Тарап андай сыноо жана
өлчөө, ошондой эле андай жөнгө салуу боюнча натыйжалуу мыйзамдык, атка-
руучулук, администрациялык жана/же башка чараларды кабыл алат жана ишке
ашырат.
10-статья. Тамеки буюмдардын ичиндегилердин курамын ачыкка чыгаруу
Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык тамеки буюмдарды
чыгаруучулардан жана импорттоочулардан тамеки буюмдардын ичиндегилердин
курамы жана алардын чыгуучу продуктулар жөнүндө маалыматтарды өкмөттүк
уюмдарга ачууну талап кылган натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, адми-
нистрациялык же башка чараларды кабыл алат жана ишке ашырат. Андан тыш-
кары ар бир Тарап тамеки буюмдардын жана алар чыгарышы мүмкүн болгон
продуктулардын курамдык бөлүктөрү жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнча
натыйжалуу чараларды көрөт.
11-статья. Тамеки буюмдардын упаковкасы жана маркировкасы
1. Ар бир Тарап бул Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден учур-
дан баштап үч жылдын ичинде өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык натыйжа-
луу чараларды кабыл алат жана ишке ашырат, ал төмөнкүдөй максаттарды
көздөйт:
а) тамеки буюмдардын упаковкасы жана маркировкасы тамеки буюмду
жалган, адаштыруучу же алдоочу, же анын сапаты, адамга таасири, корку-
нучу же бөлүп чыгаруучу продуктулары жөнүндө туура эмес маалымат
берүүчү, ал тамеки буюм башкаларга караганда зыяны азыраак экени
жөнүндө туура эмес пикир түзүүчү ар кандай терминдерди, сыпаттаманы,
соодалык марканы, символдуу же башка ар кандай белгилерди камтыган ар
түрдүү жолдор менен сатууга түрткү бербегидей болушун көздөйт. Ал жол-
дор "чайыры аз", "жењил", "абдан жењил" же "жумшак" деген терминдерди
камтышы мүмкүн;
Ь) тамеки буюмдардын ар бир кутусунда жана упаковкасында жана ан-
дай буюмдардын тышкы упаковкасында жана маркировкасында да тамекини
колдонуунун ден соолукка келтирүүчү кесепеттерин баяндоо менен анын зы-
яны жөнүндө эскертүүлөр болушун, жана башка тийиштүү маалыматтар келти-
рилишин көздөйт. Андай эскертүүлөр жана маалыматтар:
i) компетенттүү улуттук органдар тарабынан бекитилет;
ii) мезгилдүү алмаштырылып турат;
iii) чоњ, даана, көрүнөө болот жана оњой окулат;
iv) маркировкаланган негизги бетинин 50%-ин же андан ашыгын ээ-
лейт, бирок эч качан маркировкаланган негизги бетинин 30%нен кем болбо-
ого тийиш;
v) сүрөт же пиктограмма түрүндө болушу, же аларды камтышы мүмкүн.
2. Тамеки буюмдардын ар бир кутусунда же упаковкасында жана ар
кандай тышкы упаковкасында жана маркировкасында ушул статьянын 1(Ь)
пунктунда каралган эскертүүлөрдөн тышкары, улуттук органдар белгилен-
гендей, тамеки буюмдардын тийиштүү компоненттери жана алар бөлүп чыга-
руучу продуктулар жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
3. Ар бир Тарап ушул Статьянын 1(Ь) пунктунда жана 2-пунктунда
көрсөтүлгөн тексттик маалымат тамеки буюмдардын ар бир кутусунда жана
упаковкасында жана андай буюмдардын ар кандай тышкы упаковкасында жана
маркировкасында анын негизги тилдерде болушун талап кылат.
4. Бул Статьянын максаттары үчүн "тышкы упаковка жана маркировка"
деген термин чекене сатылуучу тамеки буюмдарда колдонулуучу бардык упа-
ковкаларга жана маркировкаларга карата колдонулат.
12-статья. Агартуу, маалымат берүү, даярдоо жана калкты маалымдоо
Ар бир Тарап тийиштүү учурларда маалымат берүүнүн колдо болгон
бардык каражаттарын колдонуу менен тамекиге каршы күрөш маселеси боюнча
калкты маалымдоо системасын колдойт жана чыњдайт. Бул максатта ар бир
Тарап төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган натыйжалуу мыйзамдык,
аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды көрөт жана ишке ашы-
рат, ал чаралардын максаты:
а) тамеки колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соолукка коркунуч-
туулугу, анын ичинде көнүп алуу коркунучу жөнүндө калкты агартуучу жана
маалымат берүүчү натыйжалуу жана ар тараптуу программаларга кењири жет-
киликтүүлүккө көмөк көрсөтүү;
Ь) тамеки колдонуунун жана тамеки түтүнүнүн ден соолукка коркунуч-
туулугу жөнүндө, ошондой эле 14.2-статьяда көрсөтүлгөндөй тамеки колдо-
нууну токтотуунун жана тамекисиз жашоонун артыкчылыктары жөнүндө калкка
маалымдоо;
с) улуттук мыйзамдарга ылайык, калктын тамеки өнөр жайы жөнүндө
ушул Конвенциянын максаттарына тиешелүү ар кыл маалыматтарга жетки-
ликтүүлүгүнө көмөктөшүү;
d) саламаттык сактоо кызматкерлерине, жамааттардын кызматкерлери-
не, социалдык кызматкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарынын профес-
сионал кызматкерлерине, мугалимдерге, чечим кабыл алуучу адамдарга, же-
текчилерге жана башка тийиштүү адамдарга багытталган тамекиге каршы
күрөшкө даярдоо боюнча натыйжалуу жана тийиштүү программаларды же маа-
лымдуулукту арттыруу программаларына көмөктөшүү;
е) тамеки өнөр жайына байланышы жок мамлекеттик жана жеке менчик
мекемелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын маалымдалышына жана тамекиге
каршы күрөш тармагындагы секторлор аралык программаларды жана стратеги-
яларды түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусуна көмөктөшүү;
f) калкка тамекини өндүрүүнүн жана колдонуунун адамдын ден соолу-
гуна зыяны, ошондой эле анын экономикалык жана экологиялык терс таасир-
лери жөнүндө маалыматдоого жана андай маалыматтарга жеткиликтүүлүгүнө
көмөктөшүү.
13-статья. Тамеки буюмдарды рекламалоо, сатылышына түрткү берүү
жана демөөрчүлүк
1. Тараптар тамеки буюмдардын рекламасына, сатылышына түрткү
берүүгө жана демөөрчүлүккө толук тыюу салуу тамеки буюмдарды колдонуу-
нун азайышына алып келет деп билишет.
2. Ар бир Тарап өзүнүн Конституциясына же конституциялык принцип-
терине ылайык, тамеки буюмдардын рекламасына, сатылышына түрткү берүүгө
жана демөөрчүлүккө толук тыюу салат. Бул ошол Тарапта болгон укуктук
шарттардын сакталышын жана техникалык каражаттардын болушун эске алуу
менен анын аймагында болуучу трансчегаралык рекламаны, сатууга түрткү
берүүнү жана демөөрчүлүктү толук тыюуну камтыйт. Ушуга байланыштуу ар
бир Тарап Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден кийин беш жылдын
ичинде тийиштүү мыйзамдык, аткаруучулук администрациялык жана/же башка
чараларды көрөт жана 21-статьяга ылайык тийиштүү баяндамаларды берет.
3. Өзүнүн конституциясына же конституциялык принциптерине байла-
ныштуу толук тыюу салууга мүмкүндүгү жок Тарап тамеки буюмдардын бардык
рекламасына, сатууга түрткү берилишине жана демөөрчүлүккө чек коет. Бул
ошол Тарапта болгон укуктук шарттардын сакталышын жана техникалык кара-
жаттардын болушун эске алуу менен анын аймагында болуучу жана трансче-
гаралык натыйжа берүүчү рекламаны, сатууга түрткү берүүнү жана
демөөрчүлүктү чектөөнү же толук тыюуну камтыйт. Ушуга байланыштуу ар
бир Тарап тийиштүү мыйзамдык, аткаруучулук администрациялык жана/же
башка чараларды көрөт жана 21-статьяга ылайык тийиштүү баяндамаларды
берет.
4. Ар бир Тарап өзүнүн конституциясына же конституциялык принцип-
терине ылайык:
а) тамеки буюмдарды рынокко анын сапаты, ден соолукка таасири,
коркунучу же бөлүп чыгаруучу продуктулары жөнүндө туура эмес маалымат
берүүчү, жалган, адаштыруучу же башкача жолдор менен алдоочу ыкмалар
менен рекламалоонун, сатууга түрткү берүүнүн жана демөөрчүлүк кылуунун
бардык формаларына тыюу салат;
Ь) тамеки буюмдардын бардык рекламасында же сатууга түрткү берүүчү
жана демөөрчүлүк кылган башка тийиштүү учурларда анын ден соолукка зы-
яндуулугу жөнүндө эскертүү менен коштолушун талап кылат;
с) калктын тамеки буюмдарды сатып алуусуна түрктү болуучу тике же
кыйыр өбөлгөлөрдүн колдонулушун чектейт;
d) эгер толук тыюу салбаса, тамеки өнөр жайынын тыюу салынбаган
рекламага, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүк кылууга жумшаган чы-
гымдары жөнүндө маалыматтын тийиштүү мамлекеттик органдарга ачылышын
талап кылат. Ал органдар улуттук мыйзамдарга ылайык, ал маалыматтарды
коомчулукка жана Тараптардын Конференциясына 21-статьяны аткаруу ире-
тинде берүү жөнүндө чечим чыгара алышат;
е) толук тыюу салат же, өзүнүн конституциясына же конституциялык
принциптерине байланыштуу толук тыюу сала албаган Тарап болсо, радио,
теле көрсөтүү, жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттары, жана ти-
йиштүү учурларда Интернет сыяктуу башка маалымат каражаттарында рекла-
малоого, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө беш жыл бою чектөө
коет; жана
f) эл аралык окуялардын, иш-чаралардын убагында же аларга катышуу-
чулардын арасында тамеки буюмдарын рекламалоого тыюу салат, же өзүнүн
конституциясына же конституциялык принциптерине байланыштуу толук тыюу
сала албаган Тарап болсо чектөө коет.
5. Тараптар 4-пунктта баяндалган милдеттенмелердин чегинен тышкар-
кы иш-чараларды аткарууга шыктандырылышат.
6. Тараптар трансчегаралык рекламаны жоюуга көмөктөшүү үчүн ке-
ректүү технологияларды жана башка каражаттарды иштеп чыгууда кызматта-
шышат.
7. Тамекини рекламалоого, сатууга түрткү берүүгө жана
демөөрчүлүккө тыюу салган Тараптар анын аймагына келүүчү трансчегаралык
рекламага, сатууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө тыюу салууга эге-
мендүү укукка ээ жана өзүнүн аймагында тамекини ички рекламалоого, са-
тууга түрткү берүүгө жана демөөрчүлүккө карата улуттук мыйзамдарына
ылайык колдонулгандай эле санкцияларды колдоно алат. Бул пункт кайсы
бир конкреттүү санкцияны колдогондукту же бекиткендикти билдирбейт.
8. Тараптар трансчегаралык рекламалоого, сатууга түрткү берүүгө
жана демөөрчүлүккө толук тыюу салуу максатында эл аралык кызматташууну
талап кылган тийиштүү чараларды баяндоо менен протокол иштеп чыгуу
жөнүндө маселени карашат.
14-статья. Тамекиге суроо-талапты азайтуу боюнча, тамекиге көз
карандылыкка жана тамеки колдонууну токтотууга тийиштүү
чаралар
1. Ар бир Тарап улуттук шарттарды жана приоритеттерди эске алуу
менен, илимий маалыматтардын жана жакшы тажрыйбанын негизинде тамеки
колдонууну токтотууга жана тамекиге көз карандылыктын тийиштүү дарыла-
нышын камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү, ар тараптуу жана комп-
лекстүү жетектөөчү принциптерди иштеп чыгат, таратат жана натыйжалуу
чараларды көрөт.
2. Бул максаттарга жетүү үчүн ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат:
а) тамеки колдонууну, анын ичинде окуу жайлар, медициналыксанитар-
дык мекемелер, иш орундар жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жерлер
сыяктуу жайларда тамеки колдонууну токтотууга жардамдашууга багытталган
натыйжалуу программаларды түзүүгө жана ишке ашырууга;
Ь) тамекиге көз карандылыкты диагностикалоону, дарылоону жана та-
меки колдонууну токтотуу жагында консультация берүү боюнча кызматтарды
тийиштүү учурларда саламаттык сактоо кызматкерлеринин, жамааттардын
кызматкерлеринин жана социалдык кызматкерлердин катышуусу менен сала-
маттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы улуттук программаларга,
пландарга жана стратегияларга киргизүүгө;
с) медициналык-санитардык жардам мекемелеринде жана реабилитация
борборлорунда тамекиге көз карандылыкты диагностикалоо, дарылоо, кон-
сультация берүү, алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды түзүүгө;
d) Башка Тараптар менен тамекиге көз карандылыкты дарылоонун жет-
киликтүүлүгүн жана 22-статьяга ылайык фармацевттик препараттарды кошо
камтуу менен дарылоо боюнча баанын жеткиликтүүлүгүн жењилдетүүдө кыз-
матташууга. Андай препараттар жана алардын компоненттери дары каражат-
тарды, дары каражаттарды киргизүү үчүн, ошондой эле тийиштүү учурларда
диагностика үчүн колдонулуучу препараттарды камтышы мүмкүн.
IV бөлүк
Тамекинин берилишин азайтууга тиешелүү чаралар
15-статья. Тамеки буюмдардын мыйзамсыз соодаланышы
1. Тараптар тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоонун бардык формала-
рын, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз өндүрүүнү жана жасалма чыга-
рууну жоюу, ошондой эле субрегиондук, региондук жана глобалдык макулда-
шуулардан тышкары тийиштүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аткаруу
тамекиге каршы күрөштүн зарыл компоненттери экенин моюнга алышат.
2. Ар бир Тарап тамеки буюмдардын бардык кутулары, упаковкалары
жана бардык тышкы упаковкалары Тараптарга тамеки буюмдун чыгарылган же-
рин аныктоого жардамдашуу үчүн маркировкаланышын камсыздоо максатында,
жана улуттук мыйзамдарга, тийиштүү эки тараптуу жана көп тараптуу ма-
кулдашууларга ылайык аныктоого, ошондой зле мониторингдөөгө документ-
тештирүүгө жана жүгүртүлүшүн, юридикалык стаиусун контролдоого жардам-
дашуу үчүн натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучулук, администрациялык же баш-
ка чараларды көрөт жана ишке ашырат. Андан тышкары, ар бир Тарап:
а) тамеки буюмдардын анын ички рыногунда чекене жана дүњ сатуу
үчүн бардык өзүнчө кутуларында жана упаковкаларында: "Сатууга (өлкөнүн,
субулуттук, региондук же федералдык аймактык бирдиктин аты жазылат) га-
на уруксат берилет" деген жазуу болушун, же арналган акыркы пунктту
көрсөткөн же органдарга ал буюм ички рынокто сатууга мыйзамдуу келгенин
аныктоого жардамдашуучу маркировка болушун талап кылат;
Ь) тийиштүү учурларда бөлүштүрүү системасын коргоочу жана мыйзам-
сыз соодалоо учурларын тергөөгө жардам берүүчү практикалык байкоого
алуу системасын жана байкоого алуу режимин түзүү жөнүндө маселени ка-
райт.
3. Ар бир Тарап ушул Статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн упаковкада-
гы же маркировкадагы маалымат даана жана/же негизги тилде же негизги
тилдерде жазылышын талап кылат.
4. Тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоону жоюу максатында ар бир
Тарап:
а) тамеки буюмдарды трансчегаралык соодалоого, анын ичинде мыйзам-
сыз соодалоого мониторинг жүргүзүү жана ал жөнүндө малыматтарды чогул-
тат, ошондой эле тийиштүү учурларда улуттук мыйзамдарга ылайык бажы,
салык жана башка органдардын ортосунда эки жана көп тараптуу макулдашу-
уларга колдонулуучу маалыматтарды алмашат;
Ь) тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоого, анын ичинде жасалма жана
контрабандалык сигареттерди мыйзамсыз соодалоого каршы багытталган ти-
йиштүү санкциялар жана теске салуучу чаралар менен мыйзамдарды кабыл
алат же чыњдайт;
с) конфискацияланган өндүрүштүк жабдуулардын, жасалма жана контра-
бандалык сигареттердин жана башка тамеки буюмдардын бардыгы практикада
ишке ашыруу мүмкүн болгон учурда экологиялык таза ыкмаларды колдонуп
жок кылынышын, же ички мыйзамдарга ылайык жоготулушун камсыздоо боюнча
зарыл чараларды көрөт;
(d) салыксыз же пошлинасыз режимде сакталуучу же ташылуучу тамеки
буюмдардын сакталышын жана бөлүштүрүлүшүн мониторингдөө, документтеш-
тирүү жана контролдоо максатында өзүнүн юрисдикциясынын чектеринде чара
көрөт жана ишке ашырат; жана
е) тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоодон түшкөн кирешелерди кон-
фискациялоо максатында зарыл чараларды көрөт.
5. Ушул Статьянын 4(а) жана 4(b) пунктчаларынын негизинде чогул-
тулган маалыматтарды Тараптар тийиштүү учурларда жалпыланган түрдө
өздөрүнүн Тараптардын Конференциясына 21-статьяга ылайык берүүчү мез-
гилдүү баяндамаларында беришет.
6. Тараптар тийиштүү учурларда жана улуттук мыйзамдарына ылайык,
тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоону жоюу максатындагы тергөөлөргө,
соттук куугунтуктоолорго жана процедураларга тийиштүү чекте улуттук ме-
кемелердин ортосундагы, ошондой эле тийиштүү региондук жана эл аралык
өкмөттөр аралык уюмдар менен ортосундагы кызматташууга, көмөк
көрсөтүшөт. Тамеки буюмдарды мыйзамсыз соодалоого каршы күрөш максатын-
да региондук жана субрегиондук дењгээлдерде кызматташууга өзгөчө көњүл
бурулат.
7. Ар бир Тарап мыйзамсыз соодалоону болтурбоо максатында тамеки
буюмдарды өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү контролдоо үчүн тийиштүү учурлар-
да лицензиялоону кошо камтыган андан аркы чараларды көрөт жана ишке
ашырат.
16-статья. Жашы жете электерге сатуу жана жашы жете электердин
сатуусу
1. Ар бир Тарап тамеки буюмдардын ички мыйзамдарда, улуттук мый-
замдарда белгиленген куракка, же он сегиз жашка жете элек адамдарга са-
тууга тыюу салуу үчүн тийиштүү өкмөттүк дењгээлде натыйжалуу мыйзамдык,
аткаруучулук, администрациялык же башка чараларды көрөт. Ал чаралар
төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, ал:
а) тамеки буюмдарды сатуучулар сатуу үчүн пункттун ичинде көрүнөө
жерге жашы жете электерге тамеки буюмдарды сатууга тыюу салынганы
женүндө кулактандырууну илишин, ал эми күмөнсүү жаралган учурда тамеки
буюмдарды сатып алуучулардын ар биринен ал мыйзамда белгиленген жетилүү
курагына жеткенин далилдөөчү документти көрсөтүүнү сурашын талап кылуу;
Ь) тамеки буюмдарды эркин сатып алууну, мисалы, дүкөндүн текчеси-
нен алууну камсыздоочу ар кандай ыкмалар менен сатууга тыюу салуу;
с) конфеттерди, закускаларды, оюнчуктарды жана башка буюмдарды та-
меки буюмдардын формасында, жашы жете электердин көњүлүн бургудай кылып
жасоого тыюу салуу;
d) өзүнүн юрисдикциясында турган тамеки буюмдарды сатуучу автомат-
тар жашы жете электер бара албагыдай болушун жана тамеки буюмдарды жашы
жете электерге сатууга түрткү болбошун камсыздоо.
2. Ар бир Тарап тамеки буюмдарды калк арасында, айрыкча жашы жете
электер арасында бекер таратууга тыюу салат же тыюу салынышына шарт
түзөт.
3. Ар бир Тарап сигареттердин жашы жете электер үчүн жетки-
ликтүүлүгүн көбөйтүүчү дааналап же чакан упаковкаларда сатылышына тыюу
салууга умтулат.
4. Тараптар тамеки буюмдарды жашы жете электерге сатууну болтурбоо
боюнча чаралар натыйжалуулугун арттыруу үчүн зарыл учурда ушул Конвен-
циядагы башка жоболор менен айкалыштырып ишке ашырылууга тийиштигин мо-
юнга алышат.
5. Конвенцияга кол коюуда, ратификациялоодо, кабыл алууда, бе-
китүүдө же ага кошулууда, же андан кийинки кайсы убакта болбосун Тарап
милдеттүү күчкө ээ жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу ал тамеки буюмдарды са-
туучу автоматтардын колдонууга киргизилишине өз юрисдикциясынын чекте-
ринде тыюу салууга, же тийиштүү учурларда тамеки буюмдарды сатуучу ав-
томаттардын колдонууга толук тыюу салууга милдеттенээрин билдире алат.
6. Ар бир Тарап ушул Статьянын 1-5-статьяларында айтылган милдет-
тенмелердин аткарылышын камсыздоо максатында натыйжалуу мыйзамдык, ат-
каруучулук, администрациялык же башка чараларды, анын ичинде чекене жа-
на дүњ сатуучуларга каршы санкцияларды колдонот жана ишке ашырат.
7. Ар бир Тарап тийиштүү учурларда тамеки буюмдарды ички мыйзамда,
улуттук мыйзамда белгиленген куракка, же он сегиз жашка жете элек адам-
дардын сатышына тыюу салуу максатында натыйжалуу мыйзамдык, аткаруучу-
лук, администрациялык же башка чараларды, анын ичинде чекене жана дүњ
сатуучуларга каршы санкцияларды колдонууга жана ишке ашырууга тийиш.
17-статья. Экономикалык жактан алгылыктуу иштин альтернативдүү
түрлөрүн колдоо
Тараптар башка Тараптар жана компетенттүү эл аралык жана региондук
өкмөттөр аралык уюмдар менен кызматташып, тамеки өндүрүү жана өстүрүү
менен иштеген адамдардын, жана тийиштүү учурларда жеке сатуучулардын
кызыкчылыгы үчүн иштин экономикалык жактан алгылыктуу альтернативалары-
на шарт түзүшөт.
V бөлүк
Айлана-чөйрөнү коргоо
18-статья. Айлана-чөйрөнү жана адамдардын саламаттыгын коргоо
Тараптар ушул Конвенция боюнча өз аймактарында тамеки өстүрүүгө
жана тамеки буюмдарды өндүрүүгө тийиштүү милдеттенмелерин аткарууда ай-
лана-чөйрөнү жана адамдардын айланачөйрө менен байланыштуу саламаттыгын
сактоо маселелерин тийиштүү түрдө эске алууга макул.
VI бөлүк
Жоопкерчиликке байланыштуу маселелр
19-статья. Жоопкерчилик
1. Тараптар тамекиге каршы күрөшүү максатында зарыл учурда кылмыш-
тык жана граждандык жоопкерчилик маселелерин, анын ичинде тийиштүү
учурларда компенсация маселесин чечүү үчүн мыйзамдык чараларды көрүү же
болгон мыйзамдарды өркүндөтүү мүмкүндүгүн карашат.
2. Тараптар 21-статьяга ылайык Тараптардын Конференциясы аркылуу
бири бири менен маалымат алмашуу боюнча кызматташышат, анын ичинде:
а) 20.3-статьяга ылайык, тамекини колдонуунун жана тамеки
түтүнүнүн саламаттыкка зыяны жөнүндө маалыматтарды; жана
Ь) колдонуудагы мыйзамдар жана эрежелер жөнүндө, ошондой эле ти-
йиштүү соттук практика жөнүндө маалыматтарды.
3. Тараптар тийиштүү учурларда жана өз ара макулдашуу боюнча бири
бирине улуттук мыйзамдардын, саясаттын, укуктук практиканын жана колдо-
нууга болуучу келишимдик механизмдердин чектеринде ушул Конвенцияга
ылайык граждандык жана кылмыштык жоопкерчиликке тийиштүү процесстик
иш-аракеттерди жүргүзүүгө жардам беришет.
4. Конвенция Тараптардын бири биринин ушундай укуктар бар болгон
сот органдарына жеткиликтүүлүк укуктарына эч кандай тиешеси болбойт жа-
на чектебейт.
5. Тараптардын Конференциясы алардын мыйзамдык жана ушул Статьяга
ылайык башка иштериндеги жоопкерчиликке байланыштуу маселелерди ал ма-
селелерге карата тийиштүү эл аралык мамиле жана Тараптарга колдоо
көрсөтүү боюнча тийиштүү каражаттар менен кошо, аларды өтүнүчтөрү боюн-
ча мүмкүн болушунча алгачкы стадиясында, тийиштүү эл аралык форумдарда
жүргүзүлүүчү ишти эске алуу менен карай алат.
VII бөлүк
Илимий-техникалык кызматташуу
жана маалымат берүү
20-статья. Илимий изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл жана
маалымат алмашуу
1. Тараптар тамекиге каршы күрөшүү тармагындагы улуттук
изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү, илимий-изилдөөчү программа-
ларды координациялоо боюнча региондук жана глобалдык дењгээлдерде чара
көрүшөт. Бул максатка жетүү үчүн ар бир Тарап:
а) өзү түздөн түз же компетенттүү эл аралык жана региондук
өкмөттөр аралык уюмдар жана башка органдар аркылуу изилдөөлөрдү жана
илимий баа берүүлөрдү жүргүзүүгө демилге көтөрөт жана кызматташтык
жүргүзөт, мында детерминантты жана тамеки колдонуунун кесепеттерин
изилдөөгө багытталган изилдөөлөргө, ошондой эле альтернативдүү
өсүмдүктөрдү аныктоону көздөгөн изилдөөлөргө жардамдашат жана колдоо
көрсөтөт; жана
Ь) компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдардын
жана башка органдардын колдоосу менен тамекиге каршы күрөш боюнча иш
жүргүзгөндөрдүн баарына, анын ичинде илимий изилдөөлөргө жардам
көрсөтүүнү жана колдоону даярдайт, өнүктүрөт жана чыњдайт.
2. Тараптар тийиштүү учурларда, тамеки колдонуунун кесепеттеринин
жана тамеки түтүнүнүн масштабдарына, структураларына, детерминанттарына
улуттук, региондук жана глобалдык эпидемиологиялык көзөмөл программала-
рын түзүшөт. Тараптар бул максатта тийиштүү учурларда маалыматтарды ре-
гиондук жана эл аралык дењгээлдерде салыштыруу жана талдоо мүмкүндүгүн
камсыздоо үчүн тамекинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө программаларын ден
соолуктун абалын эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн улуттук, региондук жана
глобалдык программаларына киргизишет.
3. Тараптар компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык
уюмдар жана башка органдар тарабынан финансылык жана техникалык жардам
болуусунун маанисин моюнга алышат. Ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат:
а) тамекини колдонууга эпидемиологиялык көзөмөлдүн улуттук систе-
масын жана тийиштүү социалдык, экономикалык көрсөткүчтөрдү жана сала-
маттыктын көрсөткүчтөрүн бара-бара түзүүгө;
Ь) компетенттүү эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдар
жана башка органдар, анын ичинде өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар ме-
нен тамекини региондук жана глобалдык эпидемиологиялык көзөмөлдөөдө жа-
на ушул Статьянын 3(а) пунктунда айтылган көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат
алмашууда кызматташууга; жана
с) жалпы жетекчиликке алуучу принциптерди же тамекиге байланыштуу
эпидемиологиялык көзөмөлдөө маалыматтарын чогултуу, талдоо жана таратуу
үчүн процедураларды аныктоодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен
кызматташууга.
4. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Конвенцияга
тиешеси бар ачык илимий-техникалык, социалдык-экономикалык, коммерция-
лык жана юридикалык маалыматтарды, ошондой эле тамеки өнөр жайындагы
жана тамеки өстүрүүдөгү практикага тиешелүү маалыматтарды алмашууга кө-
мөк көрсөтүшөт жана жењилдетишет, мында өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон
Тараптардын жана өткөөл зкономикалык Тараптардын өзгөчө керектөөлөрүн
эске алышат. Ар бир Тарап төмөнкүлөргө умтулат:
а) тамекиге каршы күрөштү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана тийиштүү
учурларда алардын сакталышы жөнүндө, ошондой эле тийиштүү соттук прак-
тика жөнүндө маалыматтарды камтыган жањыртылган маалыматтык базаны ба-
ра-бара түзүүгө жана кармоого, жана региондук жана эл аралык дењгээл-
дерде тамекиге каршы күрөш тармагындагы программаларды түзүүдө кызмат-
ташууга;
Ь) ушул Статьянын 3(а) пунктуна ылайык улуттук зпидемиологиялык
көзөмөл программаларынан алынуучу жањыртылган маалымат базаларын ба-
ра-бара түзүүгө жана кармоого; жана
с) компетенттүү эл аралык уюмдар менен тамекинин өндүрүлүшү жана
жасалышы, ошондой эле тамеки өнөр жайынын иши жөнүндө, ушул Конвенцияга
же тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук ишке таасир этүүчү маалымат-
тарды такай алуу жана таратуу үчүн глобалдык системаны бара бара түзүү
жана кармоо максатында кызматташууга.
5. Тараптар өздөрү мүчө болгон региондук жана эл аралык өкмөттөр
аралык уюмдар жана финансылык мекемелердин, ошондой эле өнүктүрүү масе-
лелери боюнча иштеген мекемелердин алкагында, өнүгүп жаткан өлкөлөр
болгон Тараптарга, жана өткөөл экономикалуу Тараптарга алар өздөрүнүн
изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл жана маалымат алмашуу боюнча мил-
деттенмелерин аткарышына жардам көрсөтүү үчүн Секретариатка техникалык
жана финансылык ресурстарды берүүгө колдоо көрсөтүү жана кызыктыруу
максатында кызматташуусу керек.
21-статья. Отчет жана маалымат алмашуу
1. Ар бир Тарап Секретариат аркылуу Тараптардын Конференцияларына
Конвенцияны аткаргандыгы жөнүндө мезгилдүү баяндамаларды берип турат,
алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) Конвенцияны ишке ашыруу максатында көрүлгөн мыйзамдык, аткаруу-
чулук, администрациялык же башка чаралар жөнүндө маалыматтарды;
Ь) тийиштүү учурларда Конвенцияны ишке ашырууда болгон ар кандай
тоскоолдуктар же бөгөттөр жөнүндө жана ал тоскоолдуктарды жоюу үчүн
көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;
с) тийиштүү учурларда, тамекиге каршы күрөш боюнча иш үчүн берил-
ген же алынган финансылык жана техникалык жардам жөнүндө маалыматтарды;
d) 20-статьяда көрсөтүлгөндөй. эпидемиологиялык көзөмөл жана
изилдөөлөр жөнүндө маалыматтарды;
е) 6.3, 13.2, 13.3, 13.4(d), 15.5, жана 19.2-статьяларда
көрсөтүлгөн маалыматтарды.
2. Бардык Тараптардын мындай баяндамаларды берүүсүнүн мез-
гилдүүлүгүн жана формасын Тараптардын Конференциясы аныктайт. Ар бир
Тарап Конвенция ал Тарап үчүн күчүнө киргенден кийин эки жылдын ичинде
өзүнүн алгачкы баяндамасын даярдайт.
3. Тараптардын Конференциясы 22 жана 26-статьяларга ылайык өнүгүп
жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга, жана өткөөл экономикалуу Тараптарга
алардын өтүнүчтөрү боюнча, алардын ушул Статья боюнча өз милдеттенмеле-
рин аткарышына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды карайт.
4. Ушул Конвенция боюнча баяндамаларды берүү жана маалымат алмашуу
улуттук мыйзамдардын жеке турмуштун жашырындыгын жана кол тийгистигин
камсыздоо жагындагы бөлүгүнө ылайык ишке ашырылат. Тараптар өз ара ма-
кулдашуу боюнча өздөрү алмашуучу ар кандай маалыматтын жашырындыгын
камсыздашат.
22-статья. Илимий-техникалык жана юридикалык тармактарда
кызматташуу жана тийиштүү тажрыйбаны үйрөтүү
1. Тараптар ушул Конвенциядан келип чыгуучу милдеттенмелерин атка-
руу боюнча потенциалдарын чыњдоо максатында өздөрү түэдөн түз же компе-
тенттүү эл аралык органдар аркылуу, өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тарап-
тардын жана өткөөл экономикалуу Тараптардын муктаждыктарын эске алуу
менен кызматташат. Мындай кызматташуу тамекиге каршы күрөш тармагындагы
улуттук стратегияларды, пландарды жана программаларды түзүү жана чыњдоо
максатында илимий-техникалык жана юридикалык тажрыйбаны жана технологи-
яларды өз ара макулдашуу боюнча берүү максатын, атап айтканда
төмөнкүдөй багыттарды көздөйт:
а) тамекиге каршы күрөшкө байланыштуу технологияларды, билимдерди,
маштыктарды, потенциалды жана тажрыйбаны иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү
жана алууну;
Ь) Конвенцияны ишке ашырууга багытталган, тамекиге каршы күрөш
тармагындагы улуттук стратегияларды, пландарды жана программаларды
түзүү жана чыњдоо үчүн илимий-техникалык, юридикалык жана башка тажрый-
баны берүү, атап айтканда алар:
i) тийиштүү өтүнүч боюнча бекем мыйзамдык негиз, ошондой эле тех-
никалык программаларды, анын ичинде тамеки колдоно баштоонун алдын
алуу, аны колдонууну токтотуу жана тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо
боюнча программаларды түзүүгө жардам көрсетүү;
ii) тийиштүү учурларда тамеки секторунда иштеген адамдарга эконо-
микалык жактан жетиштүү жашоого каражат табуунун экономикалык жана юри-
дикалык жактан алгылыктуу альтернативдүү жолдорун иштеп чыгууга жардам
көрсөтүү; жана
iii) тийиштүү учурларда тамеки өстүргөн адамдарга айыл чарбалык
өндүрүштү экономикалык жактан алгылыктуу жол менен альтернативдүү
өсүмдүктөргө алмаштырууга жардам көрсөтүү;
с) 12-статьяга ылайык тийиштүү персоналды даярдоонун же маалымдуу-
лугун жогорулатуунун тийиштүү программаларын колдоо;
d) тийиштүү учурларда керектүү материалдарды, жабдууларды берүү
жана тамекиге каршы күрөш тармагындагы стратегияларды, пландарды жана
программаларды материалдык-техникалык колдоо;
е) тамекиге каршы күрөштүн методдорун аныктоо, анын ичинде нико-
тинге көз карандыкты ар тараптуу дарылоо; жана
f) тийиштүү учурларда никотинге көз карандылыкты ар тараптуу дары-
лоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн илимий изилдөөлөргө колдоо
көрсөтүү.
2. Тараптардын Конференциясы 26-статьяга ылайык финансылык колдоо
көрсөтүүдө илимий-техникалык жана юридикалык тажрыйбаны жана технологи-
яны өткөрүп берүүгө жардам беришет.
VIII бөлүк
Уюштуруу чаралары жана финансылык ресурстар
23-статья. Тараптардын Конференциясы
1. Муну менен Тараптардын Конференциясы түзүлдү. Конференциянын
биринчи сессиясын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ушул Конвенция күчүнө
киргенден кийин бир жылдан кечиктирбестен чакырат. Конференция өзүнүн
биринчи сессиясында кезектеги кийинки сессияларды өткөрүүнүн ордун жана
убактысын белгилейт.
2. Тараптардын Конференциясынын кезексиз сессиялары Конференция
керек деп эсептеген башка убактарда, же ар кандай Тараптын жазуу
жузүндөгү талабы боюнча, ал талап жөнүндө билдирүү Конвенциянын Секре-
тариатына берилгенден кийин алты айдын ичннде жок дегенде Тараптардын
үчтөн бири колдогон шартта өткөрүлөт.
3. Тараптардын Конференциясы биринчи сессиясында өзүнүн Процедура-
лар эрежесин консенсус менен кабыл алат.
4. Тараптардын Конференциясы ушул Конвенциянын ишке ашырылышын та-
кай карайт жана аны ийгиликтүү ишке ашырууга жардамдашуу үчүн керектүү
чечимдерди кабыл алат, жана 28, 29 жана 33-статьяларга ылайык протокол-
дорду, Конвенцияга тиркемелерди жана оњдоолорду кабыл ала алат. Бул
максатта ал:
а) 20 жана 21-статьяларга ылайык маалымат алмашууга көмөктөшөт жа-
на жењилдетет;
Ь) 20-статьяда каралгандарга кошумча ушул Конвенцияны ишке ашыруу-
га тиешелүү илимий изилдөөлөрдүн жана маалыматтарды чогултуунун салыш-
тырылуучу методологияларын түзүүгө көмөктөшөт жана алардын түзүлүшүнө
жана мезгил-мезгили менен өркүндөтүлүшүнө багыт берет;
с) тийиштүү учурларда, стратегияларды, пландарды жана программа-
ларды, ошондой эле саясатты, мыйзамдарды жана башка чараларды иштеп чы-
гууга жана жүзөгө ашырууга жана баалоого көмөк көрсөтөт;
d) Тараптар ушул Конвенциянын 21-статьясына ылайык беришкен баян-
дамаларды карайт, Конвенциянын ишке ашырылышы жөнүндө такай берилчү ба-
яндамаларды бекитет;
е) 26-статьяга ылайык ушул Конвенцияны ишке ашыруу үчүн керектүү
финансылык ресурстарды мобилизациялоого жардамдашат жана шарт түзөт;
f) ушул Конвенциянын максаттарына жетүү үчүн керектүү көмөкчү ор-
гандарды уюштурат;
g) тийиштүү учурларда Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы уюм-
дар жана органдар жана башка эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык
уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар жана органдар Конвенцияны ишке ашыруу
боюнча ишти чыњдоого каражат катары кызматтарды көрсөтүшү жана кызмат-
ташуусу, ошондой эле маалыматтарды бериши жөнүндө өтүнүч менен кайры-
лат; жана
h) тийиштүү учурларда ушул Конвенциянын максаттарына жетүү үчүн
аны ишке ашыруу процессинде топтолгон тажрыйбанын негизинде башка иш-
терди карайт.
6. Тараптардын Конференциясы байкоочулардын анын ишине катышуусу-
нун критерийлерин белгилейт.
24-статья. Секретариат
1. Тараптардын Конференциясы туруктуу секретариатты дайындайт жана
анын иштешине шарттарды камсыздайт. Тараптардын Конференциясы муну
өзүнүн биринчи сессиясында аткарууга умтулат.
2. Турукту секретариат дайындалганга жана уюшулганга чейин секре-
тариаттын функцияларын ушул Конвенцияга ылайык Дүйнөлүк саламаттык сак-
тоо уюму камсыздайт.
3. Секретариаттын функциялары төмөнкүдөй:
а) Тараптардын Конференциясынын жана башка ар кандай көмөкчү ор-
гандардын сессияларын уюштуруу жана аларды керектүү кызмат көрсөтүүлөр
менен камсыздоо;
Ь) өзү ушул Конвенцияга ылайык алган баяндамаларды өткөрүп берүү;
с) Тараптарга, айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жа-
на өткөөл экономикалуу Тараптарга алардын өтүнүчтөрү боюнча ушул Кон-
венциянын жоболоруна ылайык талап кылынган маалыматты чогултууга жана
берүүгө жардам көрсөтүү;
d) Тараптардын Конференциясынын жеткчилиги менен Конвенцияга ыла-
йык өзүнүн иши жөнүндө баяндамаларды даярдоо жана аны Тараптардын Кон-
ференциясына берүү;
е) Тараптардын Конференциясынын жетекчилиги астында компетенттүү
эл аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдар жана башка органдар ме-
нен керектүү координацияны камсыздоо;
f) өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектелиши мүмкүн болгон ад-
министрациялык же контракттык макулдашууларды Тараптардын Конференция-
сынын жетекчилиги менен түзүү;
g) Конвенцияда жана анын протоколдорунун кайсынысында болбосун
көрсөтүлгөн башка секретариаттык функцияларды, ошондой эле Тараптардын
Конференциясы белгилеши мүмкүн болгон башка функцияларды аткаруу.
25-статья. Тараптардын Конференциясы менен өкмөттөр аралык
уюмдардын ортосундагы мамиле
Тараптардын Конференциясы ушул Конвенциянын максаттарына жетүүдө
техникалык жана финансылык кызматташууну камсыздоо үчүн компетенттүү эл
аралык жана региондук өкмөттөр аралык уюмдарга, анын ичинде өнүктүрүү
маселелери боюнча иштеген финансылык уюмдарга жана мекемелерге өтүнүч
менен кайрыла алат.
26-статья. Финансылык ресурстар
1. Тараптар ушул Конвенциянын максаттарына жетүүдө финансылык ре-
сурстар ойноочу маанилүү ролду таанышат.
2. Ар бир Тарап ушул Конвенциянын максаттарына жетүүгө багытталган
өзүнүн улуттук ишмердигине карата финансылык колдоону өзүнүн улуттук
пландарына, приоритеттерине жана программаларына ылайык камсыздайт.
3. Тараптар тийиштүү учурларда эки тараптуу, региондук, субрегион-
дук жана башка көп тараптуу каналдарды өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Та-
раптардын жана өткөөл экономикалуу Тараптардын тамекиге каршы күрөштөгү
көп сектордуу ар тараптуу программаларын түзүүнү жана чыњдоону каржыло-
ону камсыздоо үчүн пайдаланууга көмөк көрсөтүшөт. Ошого жараша, улуттук
дењгээлде иштелип чыгуучу туруктуу өнүктүрүү стратегияларынын контекс-
тинде тамеки өндүрүүнүн экономикалык жактан алгылыктуу альтернативала-
рын, анын ичинде өсүмдүктөрдү диверсификациялоону да кароо жана колдоо
керек.
4. Тийиштүү региондук жана эл аралык өкмөттөр аралык уюмдарга,
ошондой эле финансылык мекемелерге жана өнүктүрүү маселелери боюнча иш-
теген мекемелерге кирген Тараптар ал уюмдардын жана мекемелердин өнүгүп
жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөл экономикалуу Тараптарга ал
уюмдарга катышуу укуктарын чектебестен ушул Конвенция боюнча милдеттен-
мелерин аткаруусуна жардамдашуу максатында финансылык колдоо
көрсөтүүсүн колдошот.
5. Тараптар төмөнкүлөргө макул болушту:
а) Тараптарга ушул Конвенция боюнча милдеттенмелерин аткарууга
жардам көрсөтүү үчүн бардык Тараптар үчүн, айрыкча өнүгүп жаткан
өлкөлөр жана өткөөл экономикалуу өлкөлөр үчүн бардык болгон потенциал-
дуу жана учурдагы ресурстарын - финансылык, техникалык жана тамекиге
каршы күрөштөгү иш-чаралар үчүн болуучу башка мамлекеттик дагы, жеке
дагы ресурстарын мобилизациялоо жана пайдалануу керек;
Ь) Секретариат өнүгүп жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөл
экономикалуу Тараптарга алардын өтүнүчтөрү боюнча алардын ушул Конвен-
ция боюнча милдеттенмелерди аткаруусун жењилдетүү үчүн каржылоонун бу-
лактары жөнүндө консультация берет;
с) Тараптардын Конференциясы өзүнүн биринчи сессиясында Секретари-
ат тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жана башка тийиштүү маалыматтардын
негизинде жардам көрсөтүүнүн потенциалдуу булактарына жана механизмде-
рине сереп салат жана алардын ылайыктуулугун караштырат;
d) бул сереп салуунун жыйынтыгы Тараптардын Конференциясында колдо
болгон механизмдерди чыњдоо жана ыктыярдуу глобалдык фонд же өнүгүп
жаткан өлкөлөр болгон Тараптарга жана өткөөл экономикалуу Тараптарга
ушул Конвенциянын максаттарына жетүүгө жардамдашуу үчүн зарыл учурда
кошумча финансылык ресурстарды берүү максатында тийиштүү финансылык ме-
ханизмдерди түзүү зарылдыгын аныктоодо эске алынат.
IX бөлүк
Талаштарды жайгаруу
27-статья. Талаштарды жайгаруу
1. Ушул Конвенцияны чечмелөө же колдонуу боюнча эки же андан көп
Тараптын ортосунда талаш чыккан учурда тийиштүү Тараптар талашты
сүйлөшүүлөр же өз тандоолору боюнча башка тынч жолдор, анын ичинде ак
ниет кызмат көрсөтүүлөр, ортомчулук же элдештирүү аркылуу дипломатиялык
каналдар боюнча жайгарууга умтулушат.
2. Ушул Конвенцияны ратификациялоодо, бекитүүдө же расмий жактыру-
уда же кошулууда же андан кийин кайсыл убакта болбосун мамлекет же эко-
номикалык интеграциянын региондук уюму ушул Статьянын 1-пунктуна ылайык
чечилиши мүмкүн болбогон талаш боюнча алар мажбурлоо чарасы иретинде,
Тараптардын Конференциясы консенсустун негизинде кабыл алуучу атайын
арбитраж жүргүзүүгө макул экендиги жөнүндө Депозитарийге жазуу жүзүндө
билдире алат.
3. Бул Статьянын жоболору, Тараптардын ортосундагы талашка карата
кайсы протоколго болбосун, ал протоколдо башкача каралбаган шартта кол-
донулат.
X бөлүк
Конвенциянын мындан аркы жазылышы
28-статья. Конвенцияга оњдоолорду киргизүү
1. Кайсы Тарап болбосун бул конвенцияга оњдоолорду киргизүүнү су-
нуштай алат. Андай оњдоолор Тараптардын Конференциясында каралат.
2. Конвенцияга оњдоолорду Тараптардын Конференциясы кабыл алат.
Конвенцияга киргизүү сунуш кылынган ар кандай оњдоонун текстин Секрета-
риат Тараптарга аны кабыл алуу сунушталган сессиядан кеминде алты ай
мурда жиберет, Секретариат ошондой эле сунушталган оњдоолордун текстин
Конвенцияга кол койгон Тараптарга, ал эми маалымат үчүн - Депозитарийге
жиберет.
3. Тараптар ушул Конвенцияга киргизүү сунушталган кайсы оњдоо бол-
босун консенсустун негизинде макулдукка жетишүү үчүн бардык аракетин
жумшашат. Эгер консенсуска жетишүү боюнча бардык аракеттер жумшалгандан
кийин да макулдукка жетишилбесе, анда акыркы чара катары, оњдоо заседа-
ниеге катышкан Тараптардын добушунун басымдуулук кылган төрттөн үч
бөлүгү менен кабыл алынат. Бул Статьянын максаттары үчүн заседаниеге
катышкан жана добуш берүүгө катышкан Тараптар деп заседаниеге катышып
отурган жана "макул" же "каршы" деп добуш берген Тараптар эсептелет.
Кабыл алынган кайсыл оњдоо болбосун Секретариат тарабынан Депозитарийге
жиберилет, ал аны бардык Тараптарга кабыл алуу үчүн таратат.
4. Оњдоонун кабыл алынганы жөнүндө документтер Депозитарийге сак-
тоого жиберилет. Ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык кабыл алынган оњдоо
аны кабыл алган Тараптар үчүн - Депозитарий аны ушул Конвенциянын Та-
раптарынын жок дегенде үчтөн экиси кабыл алганы жөнүндө документти ал-
гандан кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет.
5. Башка бардык Тараптар үчүн оњдоо ал Тарап жогоруда аталган
оњдоону кабыл алганы жөнүндө өзүнүн документин Депозитарийге сактоого
жибергенден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет.
29-статья. Конвенцияга тиркемелерди кабыл алуу жана аларга
оњдоолорду киргизүү
1. Бул Конвенцияга тиркемелер жана аларга оњдоолор 28-статьяда
белгиленген процедура боюнча сунушталат, кабыл алынат жана күчүнө ки-
рет.
2. Бул Конвенциянын тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болушат жана
эгер башкача каралбаса, Конвенцияга жасалган шилтеме ошол эле учурда
анын бардык тиремелерине да шилтеме болуп эсептелет.
3. Тиркемелер процедуралык, илимий, техникалык же администрациялык
маселелерге тиешелүү тизмелер, формалар жана башка ар кандай баяндоочу
материалдар менен чектелишет.
XI бөлүк
Корутунду жоболор
30-статья. Кошумча эскертүүчү маалыматтар
Бул Конвенцияга карата эч кандай кошумча эскертүүчү маалыматтарды
жазууга жол берилбейт.
31-статья. Чыгуу
1. Бул Конвенция кайсы бир Тарап үчүн күчүнө кирген күндөн тартып
эки жыл өткөндөн кийин ал Тарап Депозитарийге жазуу жүзүндө билдирүү
жиберүү менен Конвенциядан чыга алат.
2. Мындай ар кандай чыгуулар Депозитарий чыгуу жөнүндө билдирүүнү
алган күндөн баштап бир жыл өткөндөн кийин же билдирүүдө чыгаары
жөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кийинчерээк датада күчүнө кирет.
3. Бул Конвенциядан чыгуучу ар кандай Тарап ошондой эле өзү каты-
шуучу болгон бардык протоколдордон да чыкты деп эсептелет.
32-статья. Добуш берүү укугу
1. Бул Конвенциянын бардык Тараптары ушул Статьянын 2-пунктунда
көрсөтүлгөндөн башка учурларда бир добушка ээ.
2. Экономикалык интеграциянын региондук уюмдары алардын компетен-
циясына кирген маселелерде ушул Конвенциянын Тараптары болгон мүчө мам-
лекеттердин санына барабар добуштардын санына ээ болуу менен, өздөрүнүн
добуш берүү укуктарын пайдаланышат.
33-статья. Протоколдор
1. Ар бир Тарап протоколдорду сунуш кыла алат. Андай сунуштарды
Тараптардын Конференциясы карайт.
2. Тараптардын Конференциясы Конвенцияга карата протоколдорду ка-
был ала алат. Андай протоколдорду кабыл алууда консенсуска жетишүү үчүн
бардык аракеттер көрүлөт, эгер бардык аракеттер көрүлгөндөн кийин ма-
кулдукка жетишилбесе, анда акыркы чара катары, протокол заседаниеге ка-
тышкан Тараптардын добушунун басымдуулук кылган төрттөн үч бөлүгү менен
кабыл алынат. Бул Статьянын максаттары үчүн заседаниеге катышкан жана
добуш берүүгө катышкан Тараптар деп заседаниеге катышып отурган жана
"макул" же "каршы" деп добуш берген Тараптар эсептелет.
3. Сунушталган ар кандай протоколдун текстин Секретариат Тараптар-
га аны кабыл алуу сунушталган сессияга чейин алты ай мурда жиберет.
4. Ушул Конвенциянын Тараптары гана протоколдун Тараптары боло
алышат.
5. Бул Конвенцияга карата ар кандай протокол тийиштүү протоколдун
тараптары үчүн гана милдеттүү болот. Кайсы бир протоколго гана тиешелүү
маселелер боюнча чечимди ошол протоколдун катышуучулары гана кабыл алы-
шат.
6. Ар кандай протоколдун күчүнө кирүү шарттары ошол протоколдо
белгиленет.
34-статья. Кол коюу
Бул Конвенция Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө бардык мамле-
кеттер жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө эмес, бирок Бириккен
Улуттар Уюмуна мүчө болгон мамлекеттер үчүн, жана экономикалык интегра-
циянын региондук уюмдары үчүн Женевада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму-
нун штаб-квартирасында 2003-жылдын 16-июнунан 22-июнуна чейин, ал эми
андан ары Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында
2004-жылдын 30-июнунан 29-июлуна чейин кол коюуга ачык.
35-статья. Ратификация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактыруу же
кошулуу
1. Бул Конвенцияны мамлекеттер ратификациялоого, кабыл алууга, бе-
китүүгө же кошулууга, ошондой эле региондук экономикалык интеграция
уюмдары расмий жактырууга же кошулууга тийиш. Ал Конвенция кол коюу
үчүн жабылган күндөн кийинки күндөн баштап кошулуу үчүн ачылат. Ратифи-
кация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө доку-
менттер Депозитарийге сактоого жиберилет.
2. Ушул Конвенцияга Тарап болгон ар кандай региондук экономикалык
интеграция уюмдары алардын мүчө мамлекеттеринин бири да Тарап болбогон
учурларда Конвенция боюнча бардык милдеттенмелерди алышат. Андай уюм-
дардагы бир же андан көп мүчө мамлекет Конвенцияга Тарап болсо, ал уюм
жана ага мүчө мамлекеттер алардын Конвенция боюнча тийиштүү милдеттен-
мелери жөнүндө чечим кабыл алышат. Мындай учурларда уюм жана ага мүчө
мамлекеттер Конвенциядан келип чыгуучу укуктарды параллель ишке ашыра
алышпайт.
3. Региондук экономикалык интеграция уюмдары өздөрүнүн расмий жак-
тыруу же кошулуу жөнүндө документтеринде ушул Конвенция менен жөнгө са-
лынуучу маселелердеги өздөрүнүн компетенцияларынын чектери жөнүндө бил-
диришет. Ал уюмдар ошондой эле Депозитарийге билдиришет, ал болсо өз
кезегинде Тараптарга алардын компетенцияларындагы орчундуу өзгөрүүлөр
жөнүндө маалымдайт.
36-статья. Күчүнө кириши
1. Бул Конвенция ратификация, кабыл алуу, бекитүү, расмий жактыруу
же кошулуу жөнүндө кыркынчы документ Депозитарийге сактоого тапшырыл-
гандан кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет.
2. Бул Конвенцияны ратификациялаган, кабыл алган, бекиткен, расмий
жактырган же кошулган ар бир мамлекет үчүн Конвенция ушул Статьянын
1-пунктунда айтылган шарттарды аткарган соњ ал ратификация, кабыл алуу,
бекитүү, расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документтерди сактоого бер-
генден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет.
3. Ушул Статьянын 1-пунктундагы күчүнө кирүү жөнүндө айтылган
шарттарды аткарган соњ расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документти
сактоого берип жаткан ар бир региондук экономикалык интеграция уюму
үчүн Конвенция ал расмий жактыруу же кошулуу жөнүндө документти сактоо-
го бергенден кийин токсонунчу күнү күчүнө кирет.
4. Бул Конвенциянын максаттары үчүн, региондук экономикалык интег-
рация уюму сактоого тапшырган ар кандай документ ал уюмга мүчө мамле-
кеттер тапшырган документтерге кошумча болуп эсептелбейт.
37-статья. Депозитарий
Бул Конвенциянын, ошондой эле 28, 29 жана 33-статьяларга ылайык
кабыл алынган анын протоколдорунун жана тиркемелеринин Депозитарийи Би-
риккен Улуттар Уюмунун Башкы секретары болот.
38-статья. Бирдей күчтөгү тексттер
Бул Конвенциянын англис, араб, испан, кытай, орус жана француз
тилдериндеги тексттеринин бирдей маанидеги түп нускалары Бириккен Улут-
тар Уюмунун Башкы секретарына сактоого берилет.
Ушуну күбөлөндүрүү үчүн кол коюуга тийиштүү түрдө ыйгарым укук бе-
рилгендер төмөндө ушул Конвенцияга кол коюшту.
Эки мињ үчүнчү жылдын жыйырма биринчи майында Женевада түзүлдү.
Эскертүү:
(1) Тийиштүү учурларда "улуттук" деген аныктама экономикалык ин-
теграциянын региондук уюмдарына да тиешелүү болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 719 "Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык…Постановление · 22.12.2014 · № 719
- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясы ратификациялоо жөнүндөЗакон · 02.03.2006 · № 74
Шилтеме берет (2)
- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясы ратификациялоо жөнүндөЗакон · 02.03.2006 · № 74
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КОНВЕНЦИЯ о ликвидации всех форм дискриминации в отношении женщин (Кыргызская Республика присоединилась постановлениями ЗС Жогорку Кенеша КР от 25 января 1996 года З № 320-1 и…Конвенция · 18.12.1979
- МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПАКТ об экономических, социальных и культурных правах (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1406-XII)Пакт · 16.12.1966
- Конвенция о правах ребенка (КР присоединилась постановлением Жогорку Кенеш от 12 января 1994 года № 1402-XII)Конвенция · 20.11.1989
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-майындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 04.05.2006 · № 322 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-майындагы № 321 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргшүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 04.05.2006 · № 321 · Күчүн жоготкон