Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 5-декабры № 693 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
57-статьянын 4-бөлүгүндөгү «деп эсептелинет» деген сөздөрдөн кийин «жана ага ушул Кодексте каралган бардык укуктар колдонулат» деген сөздөр менен толукталсын.
126-статья төмөнкү мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын: «Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштесе анын эмгек өргүүсүнүн пайдаланылбай калгандыгы үчүн компенсацияга укугу пайда болот.»
157-статья төмөнкү мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын: «Ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пайыздардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. Пайыздардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү иш берүүчү тарабынан эмгек укук мамилелерине байланышкан эмгек акы, өргүү жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү бузулган учурдан тартып жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу жазуу түрүндөгү талап койгонго чейин гана колдонулат. Иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу талап койгондон кийин пайыздардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пайыздар иш жүзүндө эсептешкен күнгө чейин чегерилет.».
2-берене. «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
5-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: «Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн туумдун жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. Туумдардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү бузулган учурдан тартып жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу жазуу түрүндөгү талап койгонго чейин гана колдонулат. Мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешкен күнгө чейин чегерилет.».
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4884-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине…Постановление · 12.03.2015 · № 4884-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 47-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз…Постановление · 19.11.2015 · № 47-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 47-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз…Постановление · 19.11.2015 · № 47-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5320-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине…Постановление · 25.06.2015 · № 5320-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 26.06.1996 · № 23 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон