Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» токтому
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 134 токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 4-декабры № 690 Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу, мыйзам менен жөнгө салынганга чейин төмөнкүлөр белгиленсин:
- энергетикалык компаниялар белгиленген тартипте бекитилген шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жараша экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоого чегерүүлөрдү жүргүзөөрү;
- курулуш уюмдары мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүүгө чыгымдарды жабуудан ашпаган өлчөмдө, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн ишке ашыргандыгы үчүн чегерүүлөрдүн ушул токтом менен бекитилген эсебине ылайык чегерүүлөрдү жүргүзөөрү.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына, жылуулук энергиясына жана газга тарифтерди экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоого каражат карасын.
3. Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзгөндүгү үчүн чегерүүлөрдүн тиркелген эсеби бекитилсин.
4. Мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын бюджетинен каржылануучу социалдык объекттерге мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү аны жүргүзүүгө акы чегерүүсүз ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция энергетика жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү инспекция жана көзөмөл жүргүзүүнү регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында 2014-жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин кирешесине алынбай турган атайын каражаттардын тизмеги:
- төмөнкү мазмундагы 43-пункт менен толукталсын:
"43. Энергетикалык компаниялар, шаар куруу жана архитектура объекттеринин заказчылары тарабынан чегерилүүчү каражаттар.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу жободо:
- 3-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- контролдоо-көзөмөлдөө иш милдеттерин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун камсыздоо.".
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу" токтомунун 3-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 638 токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом 2014-жылдын 31-июлунан тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 1-апрелине чейин жарактуу болот.
11. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Т.Сарпашев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзгөндүгү үчүн чегерүүлөрдүн ЭСЕБИ
№
Объекттин аталышы
Наркы 1м2 (сом)
Баа менен курулуш наркынын салыштырма көрсөткүчтөрү(*)
1
Турак жай имараттары
40,24
1,2
2
Жеке турак үйлөр
28,51
0,85
3
Кыштан салынган турак үйлөр
25,15
0,75
4
Административдик имараттар
37,9
1,13
5
Банк мекемелери
57,01
1,7
6
Билим берүү мекемелери
53,66
1,6
7
Бала бакчалар
37,9
1,13
8
Гараждар
34,54
1,03
9
Жеке турак үйлөрдүн алдындагы гараждар
18,78
0,56
10
Саламаттык сактоо объектилери
57,01
1,7
11
Амбулатордук типтеги бейтапканалар
29,52
0,88
12
Коомдук-соода борборлору, дүкөндөр
53,99
1,61
13
Коомдук-тиричилик багытындагы объектилер
48,63
1,45
14
Турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары
52,32
1,56
15
Коомдук тамактануу объектилери
48,63
1,45
16
Мейманканалар
48,29
1,44
17
Дүкөндөр
58,7
1,75
18
Жеңил конструкциялар менен салынган соода павильондору жана кафелер
23,48
0,7
19
Кампалар
12,41
0,37
20
Өндүрүштүк цехтер
64,73
1,93
21
Чакан наабайканалар
59,03
1,76
22
Соода катарлары, бастырмалар
3,35
0,1
23
Тышкы соода үчүн ачык жайкы аянтчалар
1,34
0,04
24
Бассейндер
13,41
0,39
25
Дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекстери
71,77
2,14
26
Стадиондор, теннис корттору
9,73
0,29
27
Жер төлө кабаттарына кирүү жерлери, кире бериштер
6,71
0,2
28
Токтоочу жайлардын павильондору, токтоочу жайлардын бастырмалары
23,48
0,7
Инженердик тармактар (100 п/метрине)
29
Траншеяларга диаметри 80 мм чейинки болот түтүк төшөө
189,15
5,6
30
Траншеяларга диаметри 100 мм чейинки болот түтүк төшөө
329,33
9,8
31
Имараттардын фасады боюнча диаметри 59 мм газ түтүк төшөө
34,21
1,01
32
Имараттардын фасады боюнча диаметри 100 мм газ түтүк төшөө
138,17
4,11
33
Суу түтүк тармактары (п/м)
167,7
5
34
Каналдар, ирригациялык тармактар
436,02
13
35
Суу түтүк насос станциясы, суу алгычтар (1м3 имараттар)
22,36
0,66
36
Д-300 мм чоюн түтүктөрдөн магистралдык тармактар
1286,14
38,34
37
Д-200 мм чоюн суу түтүктөрүнөн аянтчадан тышкаркы суу түтүк тармактары
640,56
19,1
38
Д-150 мм чоюн суу түтүктөрүнөн аянтчанын ичиндеги суу түтүк тармактары
284,39
8,47
39
Д-150 мм чейин чоюн канализация тармактары
939,12
28
40
Канализациялык коллектор темир-бетон түтүк Д-600 мм
939,12
28
41
Отканалар
22,36
0,66
42
Каналдарга Д-150-400 мм болот түтүктөрүн төшөө
939,12
28
43
Ушундай эле Д-45-130 мм
939,12
90,7
44
Жер төлөдө Д-100 мм кош катар болот түтүк төшөө
11006,11
30
45
Калыңдыгы 7 см асфальт-бетон менен жабуу
177,76
5,3
46
Калыңдыгы 15 см. асфальт-бетон менен жабуу
236,12
7,04
47
Калыңдыгы 17 см асфальт-бетон менен жабуу
250,21
7,46
48
Калыңдыгы 15смдан жогору шагыл менен жабуу
32,87
0,98
49
Брусчатка менен жабуу
32,87
0,98
50
Тротуарларды темир-бетон такталары менен жабуу
167,7
5
51
Металл дарбазасы бар кыш тосмо (туюк) - 1м2
57,69
1,72
52
Бордюр ташы (1 п/метрге 0,045 м3)
157,64
4,7
53
Ушундай эле (1 п/метрге 0,035 м3)
135,17
4,03
54
Блоктордон салынган арыктар тарамы
167,7
5
55
Металл дарбазасы бар темир-бетон тосмо
637,26
9
түрдүү
56
Каналдар, ирригациялык тармактар м2
436,02
13
57
Жолдор (п/м)
167
5
58
Темир жолдор (п/м)
234,78
7
59
Көпүрөлөр (п/м)
637,26
19
60
Кичи шаарлардын инфратүзүмү (м2)
1073,28
32
61
Дамбалар, селден-суудан сактоо (м2)
905,58
27
62
Суу жээгин бекемдөөчү жана селден коргоочу системалар (м2)
268,32
8
63
Энергетика, байланыш, электр тарамдарынын кабелдери, троллейбус линиялары (п/м)
234,78
7
64
ТТО, оңдоо мастерскойлор, автомашиналарга күйүүчү май куюучу жайлар (м2)
322,63
9,62
65
ЖЭБ, ГЭС (м2)
234,78
7
66
Тоннелдер (п/м)
637,26
19
Эскертүү:
1. 1-15, 17, 18, 22-пункттардагы аталыштардын наркы инженердик коммуникациялар жана жанаша жайгашкан аймакты абаттоо боюнча чыгымдарды эске алат. Бул көрсөткүчтөрдү мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү боюнча иштердин наркын аныктоо үчүн колдонууга уруксат берилет.
2. (*) Капиталдык салымдардын индексациялоо коэффициентин пайдалануу менен курулуш наркынын салыштырма көрсөткүчүнүн негизинде 1 м2 объектинин мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн наркы аныкталды.
3. Наркка КНС жана сатуудан салык киргизилген эмес.
4. Эсептөөлөр улуттук валютада келтирилген.
5. Эсептөө формуласы:
ЧЭ - чегерүүлөр эсеби; СК - курулуш наркынын салыштырма көрсөткүчү; ИК - индексациялоо коэффициенти (11179); БК - белгиленген көрсөткүч (0,3); ТК - туруктуу көрсөткүч (100).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 "Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды…Постановление · 23.03.2015 · № 134
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн…Постановление · 12.10.2009 · № 638
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 291 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк…Постановление · 10.02.2009 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 "Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды…Постановление · 23.03.2015 · № 134
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн…Постановление · 12.10.2009 · № 638
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 291 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.