Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-октябры № 587 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 587 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Бул мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-тиркемесинин XVI бөлүмүнө мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чаралардын катышуучуларынын форма кийиминде улуттук кийимдин элементтери камтылуусу керектиги жөнүндө ченемди караган толуктоо киргизүү сунушталган. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи абзацына ылайык мамлекеттик протокол - бул Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде башка мамлекеттер менен расмий иш-чараларда сакталуучу жалпы кабыл алынган эрежелердин, сунуштардын жана шарттуулуктардын жыйындысы экендигин белгилейбиз. Мында ''Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-тиркемесинин XVI бөлүмүнүн биринчи-төртүнчү абзацтарына ылайык протоколдук иш-чараларда бардык катышуучулар үчүн кийимдердин төмөнкү расмий формасы каралат:
- эркектер үчүн - смокинг же кара костюм;
- аялдар үчүн - кечки көйнөк же иш костюму;
- аскер кызматчылары үчүн параддык сый формасы.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу кошумча чыгымдарды карабайт деп көрсөтүлгөн. Бирок. улуттук кийимдердин элементтерин жасоодо белгилүү бир финансылык сарптоолор болушу мүмкүндүгүн белгилейбиз. Анткени "'Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык жогоруда аталган мыйзамдарда көрсөтүлгөн адамдар үчүн кийим республикалык бюджеттин эсебинен камсыз кылынаары жөнүндө ченемдер каралат. "Улуттук кийимдердин элементи" деген термин мыйзам долбоорунун өзүндө дагы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында дагы ачылбагандыгын эске алуу менен, бул улуттук кийимдин элементтери "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-тиркемесинин XVI бөлүмүнүн биринчи-төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн кийим менен айкалышаары тууралуу маселе жаралат. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндөЗакон · 11.04.2012 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон