Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 мая 2016 года № 269 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-19.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-апрели № 204 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж.,№ 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 2301 -статья менен толукталсын:
“2301-статья. Айырмалоочу белгилерди орнотпостон, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил такси менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Айдоочулардын айырмалоочу белгилерди орнотпостон, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражатын айдоосу,
- айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн алтымыш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттер администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса,
- айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.”.
2. 516-статьянын биринчи абзацы “222” деген цифралардан кийин “2301” деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 108-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
“7. Автомобилдик транспорт жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына салык кызматынын органдары менен бирге рейддик салык контролун жүргүзүүгө укуктуу:
1) жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын салык органындагы салыктык жана эсепке алуу каттоосунун фактысы;
2) ыктыярдуу патенттин негизинде жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын салык төлөө жана физикалык көрсөткүчтөрүнүн фактысын текшерүү.”.
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 4717-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 28.01.2015 · № 4717-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4960-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 09.04.2015 · № 4960-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 169-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 13.01.2016 · № 169-VI
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 609 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.08.2015 · № 609 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2016 · № 269 · Күчүн жоготкон