15-статья. Транспортто коопсуздукту жана экологиялык ченемдерди камсыз кылуу
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · IV бөлүм
15-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 15-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Транспорт ишканалары жана ташуучулар граждандардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын копсуздугун, транспорт каражаттарынын жүрүү коопсуздугун, ошондой эле курчаган чөйрөнү коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Станциялардын, пристандардын, аэропорттордун, автотранспорт ишканаларынын аймактары, ошондой эле транспорт каражаттары жүргөн жана жүк жүктөө -жүк түшүрүү иштери жүргүзүлгөн темир жол линиялдары жана суу жолдору коркунучу көп зоналар болуп саналат. Коркунучу көп зонада болуу жана анда иш жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Көрсөтүлгөн эрежелердин бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнча коркунучтуу жүктөрдү кайтаруу жана узатуу, ченемдик актыларга ылайык, жүк жеткиче бүткүл жол бою жүктү жөнөтүүчүлөр же алуучулар тарабынан камсыз кылынат. Жардыргыч, тез от алуучу, радоактивдүү, уулу жана башка коркунучтуу жүктөрдү ташыган жүк жөнөтүүчүлөр жана жүк алуучулар аларды ташуу коопсуздугун гарантиялоого, жүк ташууда авариялык кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле авариянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон каражаттары жана шайма-шай бөлүктөрү болууга милдеттүү. Ташуучулар курчаган чөйрөнү, аба бассейнин, суу көлмөлөрүн, жерлерди коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча бардык зарыл чараларды ишке ашырууга милдеттүү. Курчаган чөйрөгө келтирилген зыян үчүн ташуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Пайдалуу кен жаткан аянттарда транспорт ишканаларын долбоорлоого жана курууга, мындай кен бар жерлерге жер астынан өтүүчү курулуштарды жайгаштырууга тыюу салынат. Айрым бир учурларда гана буга атайын ыйгарым укугу бар геология жана жер казынасын коргоо органдарынын уруксаты менен жол берилет. Транспорт ишканалары жаратылышты коргоо иш-чараларын пландаштырууга жана уюштурууга жана финансылоого, курчаган чөйрөнү жана жер казынасын коргоо жагынан өндүрүштүк жана ведомстволук көзөмөл жүргүзүүгө, милдеттүү түрдө экологиялык паспорт алууга тийиш. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/97/st-15" title="15-статья - Транспорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>