14-статья. Ташуучунун жоопкерчилги
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · IV бөлүм
14-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 14-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ташуучу жүктү, кол жүгүн жана почтаны кабыл алган учурдан тартып ээсине бергенге чейин сакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды кошпогондо, ташуучунун жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен жоопкерчиликти чектөө же четтетүү жөнүндө макулдашуусу жараксыз. Ташуучу ташууга кабыл алынган жүктүн жоголушу, жетпей калышы жана зыянга учурашы үчүн жооп берет, өз күнөөсү менен келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга төлөп берет. Ташуучу зыян тартуу жабырлануучунун арамзалыгынын же табияттын баш ийгис күчүнүн кесепетинен пайда болгондугун далилдей албаса, ташуу учурунда жүргүнчүнүн өлүмүнүн же саламаттыгына залал келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан зыян тартуу үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жоопкерчиликтин башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/97/st-14" title="14-статья - Транспорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>