Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 ноября 2014 года № 638 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Порядка биометрической регистрации граждан Кыргызской Республики» от 27 августа 2014 года № 492"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-11-11.
КР Өмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябры № 638 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-августу № 492 Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2014-жылдын 28-августунан тартып 2015-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жалпы республика боюнча чогултсун жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары 16 жаш куракка жеткен учурда же Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди алууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын туруктуу негизде чогултсун.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Сот практикасы · Решение · 14.09.2015 · № 11-р
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Решение · 14.09.2015 · № 11-р
- "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун тартиби" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 492 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.08.2014 · № 492
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 638 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 492 “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоонун…Постановление · 11.11.2014 · № 638
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.