Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-июлу № 405 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Аскердик кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «бакалавр» академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмесиндеги:
мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын; «аскердик билим берүү» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: «
770200
Чек ара иши
Бакалавр
»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмесиндеги:
мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын; «аскердик билим берүү» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: «
770200
Чек ара иши
Магистр
»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «адис» квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмесиндеги мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 496
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 1179/1 “Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуПриказ · 15.09.2015 · № 1179/1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 496
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон