Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-июну № 360 Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
Тармактарда жана байланыш каналдарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү кылмыштуу кол салууларды аныктоо, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 211-статьяларына, "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө иштеген мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2014-жылдын 30-июнунда № 11-12 (464-465) жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-Р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун…Сот практикасы · Решение · 22.04.2015 · № 7-р
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-Р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун…Решение · 22.04.2015 · № 7-р
- "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз…Инструкция · 30.06.2014 · № 360
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы № 360 "Электр байланышынын…Постановление · 16.11.2022 · № 626
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 16.11.22 ж. №626 токтомуПостановление · 16.11.2022 · № 626
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Контрчалгындоо иши жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 58
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон