Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 февраля 2025 года № 76 "Об утверждении нормативных правовых актов, регулирующих применение дистанционных образовательных технологий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-июну № 354 Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтомуна 1-тиркеме
Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологиясын колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жогорку, орто жана кошумча билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын (мындан ары - билим берүү программалары) ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын (мындан ары - аралыктан окутуу) колдонуунун тартибин аныктайт.
2. Аралыктан окутуу билим берүү технологияларынын жыйындысын колдонуу менен камсыз кылынат, мында окугандар менен окутуучунун максаттуу кыйыр же толук эмес кыйыр өз ара байланышы алардын турган жерине карабастан педагогикалык жактан уюштурулган маалыматтык технологиялардын негизинде, баарыдан мурда телекоммуникациялык технологиялар каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуу колдонулат. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кейс технологиясы, ал маалымат алып жүрүүчүлөрдүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен өз алдынча үйрөнүүгө (кейстерди) арналган окуу-методикалык комплекстердин адистештирилген топтому түрүндөгү маалыматтык билим берүү ресурстарын окугандарга берүүгө негизделет. Окугандарга материалдарды жеткирүү окуу процессин уюштуруу үчүн ар кандай алгылыктуу ыкмалар менен ишке ашырылат;
- интернет-технология, ал окугандардын маалыматтык билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыз кылуу жана анын субъекттеринин турган жерине көз карандысыз окуу процессин ишке ашыруу жана башкаруунун методикалык, уюштуруу, техникалык жана программалык каражаттарынын жыйындысын түзүү үчүн камсыздоо боюнча глобалдык жана локалдык компьютердик тарамдарды пайдаланууга негизделет;
- телекоммуникациялык технология, ал окугандардын окутуучу менен өз ара байланышын, өздөрүнүн бири-бири менен байланышын жана санариптик китепкана, видеодарстар жана окутуунун башка каражаттары түрүндө берилген маалыматтык билим берүү ресурстарына окугандардын жетүүсүн камсыз кылуу үчүн маалыматты берүүнүн жана телекөрсөтүүнүн көбүнчө космостук жана спутниктик каражаттарын, ошондой эле глобалдык жана локалдык тармактарды пайдаланууга негизделет.
Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрүн айкалыштырууда жол берилет. Окутуунун күндүзгү түрүндө билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн башка аралыктан билим берүү технологияларын айкалыштыруу менен гана окутуунун кейс технологиясын толук өлчөмдө колдонууга мүмкүн болот.
4. Аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен билим берүү процесси билим берүү уюмдары тарабынан билим алуунун күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө, экстернат түрүндө жүзөгө ашырылат.
5. Аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутуунун күндүзгү түрүндө билим берүү программаларын ишке ашырууда билим берүү уюму билим берүүнүн тиешелүү деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык толук көлөмдөгү аудитордук жүктөмдү камсыз кылууга милдеттүү.
Билим берүү уюмунун чечими боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарга алардын жеке арызынын негизинде сабактарга эркин катышуу графиги берилет. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Окугандар окуу планындагы сааттардын көлөмүнүн 70 пайызынан кем эмесин аралыктан билим берүү технологиялары аркылуу өздөштүрүшсө билим берүү программалары толук көлөмдө аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен ишке ашырылат.
7. Сырттан окуу түрүндө жол берилбей турган даярдоонун адистиктери жана багыттары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын толук көлөмдө пайдалануу менен билим берүү программаларын ишке ашырууга тыюу салынат.
Билим берүү уюмуна толук көлөмдө аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программалары боюнча окууга кирген адамдар бул шарт менен кол койдуруп тааныштырылышы керек.
8. Аралыктан окутуу процессин камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуунун төмөнкү каражаттары пайдаланылат:
- мультимедиалык коштолуучу адистештирилген окуу китептери;
- электрондук окуу китептерин, окуу куралын, тренингдик компьютердик программаларды, компьютердик лабораториялык практикумдарды, контролдук-тестирлөөчү комплектилерди, окуу видеофильмдерин, аудиожазууларды камтыган электрондук окуу-методикалык комплекстер;
- байланыштын телекоммуникациялык каналдары боюнча берүү үчүн арналган башка материалдар.
9. Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууда негизги маалыматтык ресурс болуп аралыктан окутуунун маалыматтык базасы эсептелет, ал өзүнүн көлөмү жана мазмуну боюнча белгилүү деңгээлдеги негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жана кошумча кесиптик билим берүү программаларынын мазмунунун талаптарына шайкеш келиши керек.
10. Аралыктан окутуунун маалыматтык базасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- негизги окуу жана окуу-методикалык адабияттардын фондун;
- кадрларды даярдоонун багыттарына ылайык келген тармактык басылмалар, маалымдама-библиографиялык, ошондой эле массалык борбордук жана жергиликтүү коомдук-саясий басылмалар менен толук комплекттелген мезгилдүү басылмалардын фондун;
- ар бир билим берүү программасынын багыттары боюнча монографиялар жана мезгилдүү илимий басылмалар түрүндөгү илимий адабияттар фондун.
11. Аралыктан окутууда билим берүү уюму ар бир окуганга тиешелүү билим берүү программасын же анын бөлүгүн өздөштүрүү үчүн зарыл болгон аралыктан окутуу каражаттарына жана окуу планындагы сааттардын көлөмүндө негизги маалыматтык ресурска жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
Окугандардын аралыктан окутуунун маалымат базасына, аралыктан окутуунун башка каражаттарына жетүүсүн камсыз кылуу максатында билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдаланат. Окугандарда зарыл болгон аппараттык-программалык каражаттар жок болгон учурда билим берүү уюму ага ушул каражаттарды берет. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Билим берүү уюму ар бир окуганды окуу жылынын башында бүтүндөй окуу жылына зарыл болгон кагаз жана электрондук түрдөгү окуу-методикалык материалдардын комплектиси менен камсыздоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Аралыктан окутууда билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдалануу менен квалификациялуу окутуучулардын консультациялары аркылуу окугандарга илимий жана окуу-методикалык жардамды берет.
14. Телекоммуникация каналдарынын саны жана өткөрүү жөндөмдүүлүгү, билим берүү уюмунда окугандардын окуу процессинин адистештирилген жана лабораториялык жабдуулары (менчик, ошондой эле ижарага алынган), билим берүү каражаттары менен жабдылышы убакыттын реалдуу режиминде же жазууда аралыктан окутууну ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
15. Билим берүү уюму окугандарды даярдоонун ар бир багыты, адистиктер боюнча телекөрсөтүү, компьютердик, тарамдык жана башка чөйрөлөрдө өткөрүү үчүн дидактикалык камсыздоого ээ сабактарды колдонуу менен аудитордук жүктөмдүн толук көлөмүн камсыз кылат.
Нөөмөттүүлүктү эске алуу менен бардык окугандар аралыктан окутуу үчүн жабдылган окуу-иш орду менен камсыздалышат. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Окуу планында каралган лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн билим берүү уюму окугандарга ушул сабактарга күндүз же аралыктан окутууну (виртуалдык лабораториялык иш, алыскы лабораториядагы иш) колдонуу менен катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн билим берүү уюму аралыктан окутууну колдонуу менен лабораториялык жана практикалык сабактарга катышууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кабыл алынган аралыктан окутуу технологияларына жараша билим берүү уюму мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык бардык сабактар боюнча билим берүү процессин жүргүзүүнү камсыздаган атайын жабдылган жайлардын топтомуна ээ болушу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарды окутуу жеке окуу пландары боюнча атайын түзүлгөн коррекциялоочу группаларда же башка окугандар менен биргеликте инклюзивдик билим берүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Билим берүү уюму окугандарга мамлекеттик билим берүү стандарттарында каралган окуу жана өндүрүштүк практикалардан өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Билим алуучулардын окуу жана өндүрүштүк практикалары (диплом алдындагыны кошуу менен) дайыма катышуу менен өтүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуганга жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун чечими боюнча окуу жана өндүрүштүк практикалардан (дипломдун алдындагыларды кошкондо) өтүүдө эркин катышуу графиги берилет. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Билим берүү уюму жаңы маалыматтык-билим берүү чөйрөсүндө окутуу үчүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен окутуучуларды жана окуу-жардамчы персоналды кесиптик кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Билим берүү уюму тарабынан окугандарды аралыктык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялоо окугандын милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында билим берүү уюму тарабынан аныкталган тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде билим алуучуларды орто аралык аттестациялоого жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет, буга төмөнкү бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо кирбейт:
- жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактар боюнча;
- маданият жана искусство жаатындагы билим берүүчү уюмдарындагы атайын чыгармачылык сабактар боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Аралыктан окутууну уюштурууда окуу процессинин жыйынтыктарын каттоо жана ички иш кагаздарын жүргүзүү кагаз жана (же) электрондук түрдө жүргүзүлөт.
22. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жүргүзүүнүн формалары, жетишүүсүн баалоо системасы билим берүү уюму тарабынан алардын ден соолугунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча билим берүү уюмунун чечими менен ага экзаменде жоопту даярдоо же мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо этаптарынан өтүү үчүн убакыт (мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыруу, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жана магистрдик диссертацияны коргоо убактысы) узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтомуна 2-тиркеме
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" жана "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
Коду
Бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттарынын аталышы
Жогорку кесиптик билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары
бакалавр
магистр
Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика
510100
Математика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
510200
Колдонмо математика жана информатика
Экстернат
Сырттан, экстернат
510300
Информациялык технологиялар
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
510400
Физика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
510500
Радиофизика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
510600
Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
510700
Информациялык тутумдарды математикалык камсыздоо жана администрациялоо
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Табигый илимдер
520100
Химия
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520200
Биология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520300
Геология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520400
География
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520500
Картография жана геоинформатика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520600
Гидрометеорология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
520700
Топурак изилдөө
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
экстернат
520800
Экология жана жаратылышты пайдалануу
Экстернат
Экстернат
520900
Биоэкология
Экстернат
Экстернат
Гуманитардык илимдер
530100
Философия
Экстернат
Сырттан, экстернат
530200
Политология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
530300
Психология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
530400
Тарых
Экстернат
Сырттан, экстернат
530500
Юриспруденция
Экстернат
Экстернат
530600
Журналистика
Экстернат
Экстернат
530700
Жарнама жана коомчулук менен байланыштар
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
530800
Эл аралык мамилелер
Күндүзгү- сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү- сырттан (кечки), сырттан, экстернат
530900
Чыгыш таануу, африка таануу
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
531000
Филология
Экстернат
Экстернат
531100
Лингвистика
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
531200
Компьютердик лингвистика
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
531300
Маданият таануу
Экстернат
Экстернат
531400
Дин таануу
Экстернат
Сырттан, экстернат
531500
Регион таануу
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
531600
Теология
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
531700
Америка таануу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
531800
Европа таануу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
531900
Антропология
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
532000
Дене тарбия
Экстернат
Экстернат
532100
Рекреация жана спорттук-ден соолук чыңдоо туризми
Экстернат
Экстернат
532200
Укук коргоо иши
Экстернат
Экстернат
532300
Кытай таануу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
532400
Эркин искусство жана илимдер
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Социалдык илимдер
540100
Социология
Экстернат
540200
Социалдык иштер
Экстернат
540300
Жаштар менен иштөөнү уюштуруу
Экстернат
Экстернат
Педагогикалык билим берүү
550100
Табигый-илимий билим берүү
Экстернат
Экстернат
550200
Физика-математикалык билим берүү
Экстернат
Экстернат
550500
Технологиялык билим берүү
Экстернат
Экстернат
550700
Педагогика
Экстернат
Экстернат
550800
Кесиптик билим берүү
Экстернат
Экстернат
Саламаттык сактоо
560100
Коомдук саламаттык сактоо
Сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Маданият и искусство
570100
Искусствонун тарыхы жана теориясы
Экстернат
Экстернат
570200
Музыкалык искусство
Экстернат
Экстернат
570300
Театр искусствосу
Экстернат
Экстернат
570400
Дизайн
Экстернат
Экстернат
570500
Көркөм сүрөт искусствосу
Экстернат
Экстернат
570600
Китепкана таануу жана документ жүргүзүү
Экстернат
Экстернат
570700
Костюм жана текстиль искусствосу
сырттан, экстернат
сырттан, экстернат
570800
Басма иштери
Экстернат
Экстернат
570900
Реставрация
Экстернат
Экстернат
571000
Элдик көркөм маданият
Экстернат
Экстернат
571100
Телекөрсөтүү
Экстернат
Экстернат
571200
Музеология жана маданий, табигый мурастар объекттерин коргоо
Экстернат
Экстернат
Экономика жана башкаруу
580100
Экономика
экстернат
экстернат
580200
Менеджмент
экстернат
экстернат
580300
Коммерция
экстернат
экстернат
580400
Соода иши
экстернат
экстернат
580500
Бизнес-информатика
экстернат
экстернат
580800
Персоналды башкаруу
экстернат
экстернат
580900
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
экстернат
экстернат
Маалымат коопсуздугу
590100
Маалымат коопсуздугу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Тейлөө чөйрөсү
600100
Сервис
Экстернат
Экстернат
600200
Туризм
Экстернат
Экстернат
600300
Мейманкана иши
Экстернат
Экстернат
Айыл чарба
610100
Агрохимия жана агрокыртыш таануу
Экстернат
Экстернат
610200
Агрономия
Экстернат
Экстернат
610300
Агроинженерия
Экстернат
Экстернат
610400
Зоотехния
Экстернат
Экстернат
610500
Ветеринария
Экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
610600
Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы
Экстернат
Экстернат
610700
Балык чарба
Экстернат
Экстернат
Геодезия жана жерге жайгаштыруу
620100
Геодезия жана аралыктык байкаштыруу
Экстернат
Экстернат
620200
Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар
Экстернат
Экстернат
Геология, пайдалуу казылмалар кендерин чалгындоо жана иштетүү
630100
Колдонмо геология
Экстернат
Экстернат
630200
Геологиялык чалгындоо технологиясы
Экстернат
Экстернат
630300
Тоо-кен иштери
Экстернат
Экстернат
630400
Мунай-газ иштери
Экстернат
Экстернат
Энергетика жана электр энергетикасы
640100
Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы
Экстернат
Экстернат
640200
Электр энергетика жана электр техника
Экстернат
Экстернат
Материал таануу, металлургия жана машина куруу
650100
Материал таануу жана материалдар технологиясы
Экстернат
Экстернат
650200
Металлургия
Экстернат
Экстернат
650300
Машина куруу
Экстернат
Сырттан, экстернат
650400
Технологиялык машиналар жана жабдуулар
Экстернат
Сырттан, экстернат
650500
Колдонмо механика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Курал-жарак жана куралдануу тутуму
660100
Курал-жарак жана куралдануу тутуму
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Транспорттук техника жана технология
670100
Жер бетиндеги транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер
Экстернат
Экстернат
670200
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу
Экстернат
Экстернат
670300
Транспорттук процесстер технологиясы
Экстернат
Экстернат
Прибор куруу
680100
Прибор куруу
Экстернат
Экстернат
680200
Биотехникалык тутумдар жана технологиялар
Экстернат
Экстернат
Электроника, радиотехника жана байланыш
690100
Электроника жана наноэлектроника
Экстернат
Сырттан, экстернат
690200
Радиотехника
Экстернат
Сырттан, экстернат
690300
Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму
Экстернат
Экстернат
690400
Электрондук каражаттарды конструкциялоо жана технологиясы
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Автоматташтыруу жана башкаруу
700100
Тутумдук талдоо жана башкаруу
Сырттан, экстернат
экстернат
700200
Техникалык тутумдардагы башкаруу
Экстернат
Экстернат
700300
Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу
Экстернат
Экстернат
700500
Мехатроника жана робот техникасы
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
700600
Стандартташтыруу, сапатты башкаруу жана метрология
Экстернат
Сырттан, экстернат
700700
Инноватика
Экстернат
Экстернат
700800
Техникалык физика
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар
710100
Информатика жана эсептөө техникасы
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
710200
Информациялык тутумдар жана технологиялар
Экстернат
Сырттан, экстернат
710300
Колдонмо информатика
Экстернат
Экстернат
710400
Программалык инженерия
Экстернат
Сырттан, экстернат
710500
Интернет-технологиялар жана башкаруу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
Химиялык технология жана биотехнология
720100
Химиялык технология
Экстернат
Сырттан, экстернат
720200
Биотехнология
Экстернат
Сырттан, экстернат
720300
Химиялык технологияда, мунай химияда жана биотехнологияда энергия жана ресурс үнөмдөөчү процесстер
Экстернат
Сырттан, экстернат
Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү
730100
Токой иштери жана ландшафттык курулуш
Экстернат
Экстернат
730200
Жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы
Экстернат
Экстернат
Азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү
740100
Өсүмдүк чийки затынан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү
Экстернат
Экстернат
740200
Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү
Экстернат
Экстернат
740300
Продукциялар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу
Экстернат
Экстернат
740400
Текстиль өнөр жайынын технологиясы жана буюмдарды долбоорлоо
Сырттан, экстернат
Экстернат
740500
Материалдарды көркөм иштетүү технологиясы
Сырттан, экстернат
Экстернат
740600
Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы
Экстернат
Экстернат
740700
Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы
Экстернат
Сырттан, экстернат
Архитектура жана курулуш
750100
Архитектура
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
750200
Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
750300
Архитектуралык чөйрөнү реставрациялоо жана реконструкциялоо
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
750400
Шаар курулушу
Сырттан, экстернат
Сырттан, экстернат
750500
Курулуш
Экстернат
Экстернат
Техносфералык коопсуздук, жаратылышты абаттоо жана гидрометеорология
760100
Жаратылышты абаттоо жана суу пайдалануу
Экстернат
Экстернат
760200
Колдонмо гидрометеорология
Экстернат
Экстернат
760300
Техносфералык коопсуздук
Экстернат
Экстернат
Аскердик билим берүү
770100
Мотоаткыч аскерлердин командалык тактикасы
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
2. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
Коду
Адистиктин аталышы
Кесиптик жогорку билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары
Гуманитардык илимдер
530001
Клиникалык психология
Сырттан, экстернат
530002
Соттук экспертиза
Сырттан, экстернат
530003
Котормо жана котормо таануу
Сырттан, экстернат
530004
Бажы иши
Экстернат
Саламаттык сактоо
560001
Дарылоо иши
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
560002
Педиатрия
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
560003
Медициналык-алдын алуу
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
560004
Стоматология
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
560005
Фармация
Сырттан, экстернат
560006
Медициналык айым иши
Сырттан, экстернат
Маданият жана искусство
570001
Искусство таануу
Экстернат
570002
Театр таануу
Экстернат
570003
Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы
Экстернат
570004
Музыка таануу
Экстернат
570005
Кино таануу
Экстернат
570006
Кинооператорлук
Сырттан, экстернат
570007
Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы
Экстернат
570008
Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча)
Экстернат
570009
Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча)
Экстернат
570010
Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча)
Экстернат
570011
Композиция
Экстернат
570012
Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча)
Экстернат
570013
Үн режиссурасы (колдонулуу багыттары боюнча)
Экстернат
570014
Актердук өнөр
Экстернат
570015
Режиссура (колдонулуу багыттары боюнча)
Экстернат
570016
Театралдык-декорациялык искусство
Экстернат
570017
Хореографиялык өнөр
Экстернат
570018
Хореография режиссурасы
Экстернат
570019
Хореография педагогикасы
Экстернат
570020
Дизайн
Сырттан, экстернат
570021
Интерьер жана жабдуулар
Сырттан, экстернат
570022
Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк
Сырттан, экстернат
570023
Монументалдык-декоративдик искусство
Сырттан, экстернат
570024
Живопись
Сырттан, экстернат
570025
Графика
Сырттан, экстернат
570026
Скульптура
Сырттан, экстернат
570027
Адабий чыгармачылык
Экстернат
570028
Элдик көркөм чыгармачылык
Сырттан, экстернат
570029
Социалдык-маданий иштер
Экстернат
570030
Китеп иштери
Экстернат
570031
Музей иши жана эстеликтерди коргоо
Экстернат
Маалымат коопсуздугу
590001
Маалымат коопсуздугу
Сырттан, экстернат
Айыл чарба
610001
Ветеринария
Экстернат
Геодезия жана жерге жайгаштыруу
620101
Колдонмо геодезия
Экстернат
Геология, пайдалуу казылмалар кендерин чалгындоо жана иштетүү
630001
Колдонмо геология
Экстернат
630002
Геологиялык чалгындоо технологиясы
Экстернат
630003
Тоо-кен иштери
Экстернат
630004
Тоо-кен же мунай газ өндүрүшүнүн физикалык процесстери
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат
Архитектура жана курулуш
750001
Темир жолдун кыймылдуу бөлүгү
Экстернат
750002
Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу
Экстернат
Техносфералык коопсуздук
760001
Өрт коопсуздугу
Экстернат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.К. Нарматованын билими…Постановление · 20.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 "Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 17.02.2025 · № 76
- Постановление Правительства КР от 15 мая 2020 года № 254 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон…Постановление · 15.05.2020 · № 254
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө" Жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470…Положение · 04.07.2012 · № 470 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө" Жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен…Положение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомуПостановление · 20.05.2020 · № 262
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 токтомуПостановление · 11.04.2018 · № 197
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомуПостановление · 11.06.2018 · № 279
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 20.05.2015 · № 307 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу…Постановление · 24.10.2019 · № 572 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну…Постановление · 11.04.2018 · № 197 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 "Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 17.02.2025 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 750 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 27.10.2015 · № 750 · Күчүн жоготкон