Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 мая 2019 года № 231 "Об утверждении Концепции развития лесной отрасли Кыргызской Республики на период до 2040 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-05-27.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-июну № 293 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө Кыргыз Республикасынын токой фондунун жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн сактоо, калыбына келтирүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартында № 131 токтому менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүнө карата приоритеттерин жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин планын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары - Программа);
- 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүүгө карата программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда:
- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын, жылдын жыйынтыгы боюнча 1-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча координациялоону жана мониторингди ишке ашырсын;
- жыл сайын, жылдын жыйынтыгы боюнча 25-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтомо маалымат берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомуна тиркеме
2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программаны турмушка ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№
Иш-чаралар
Күтүлгөн натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөтү
Аткаpууга жооптуу
Өнөктөштөр
Бюджет млн.сом
Бардыгы
анын ичинде
Республикалык бюджет
Анын ичинде токой чарбаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн каражаттары
Донорлор
Токой пайдалануучулардын, фермерлердин жана жеке жактардын ишке катышуусу
1
Грек жаңгагынын плантацияларын түзүү
3600 га
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
173,9
93,9
66,6
50,0
30,0
2
Жыш өскөн жаңгак, бадам, мисте жыш өсүмдүктөрүн жакшыртуу
15350 га
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
246,6
96,6
63,0
120,0
30,0
3
Мисте плантацияларын түзүү
1800 га
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
56,4
21,0
18,0
26,4
9,0
4
Бадам плантацияларын түзүү
2400 га
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
122,2
39,8
33,8
70,4
12,0
5
Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн сапаттуу жана сорттуу көчөт материалдарын өстүрүү
996,0 миң даана
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
255,4
135,4
109,6
91,7
28,3
6
Грек жаңгагынын, мистенин жана бадамдын зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү
77500 га
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, токойду коргоо станциясы, АӨ, ЖС
230,0
81,0
38,0
105,0
44,0
7
Адистештирилген питомниктерде жабык тамырлары тутумундагы көчөттөрдү өстүрүү
717,0 миң даана
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, токойду коргоо станциясы, АӨ, ЖС
385,0
205,0
110,0
155,0
25,0
8
Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн продукциясын кайра иштетүү боюнча цехтерди түзүү
5 цех
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
5,0
5,0
9
Илимий камсыздоо
Илимий сунуштар иштелип чыкты
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, КР УИА
КР УИАнын Токой институту
6,0
6,0
10
Кадрдык потенциалды жогорулатуу (окууларды жана тренингдерди өткөрүү)
Жогорку квалификациялуу кадр потенциалы
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, КР УИА, ЖМА
КР УИАнын Токой институту
19,5
10,3
3,8
9,2
11
Программага мониторинг жана баа берүү
Баанын жыйынтыгы
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, КР УИА, ЖМА
Токой чарбалары, КР УИАнын Токой институту, АӨ
8,6
3,9
2,1
4,7
12
Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу
Ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат
2014-2025-жж.
Токой агенттиги
Токой чарбалары, АӨ
6,0
3,0
3,0
13
Материалдык- техникалык базаны жогорулатуу
4 (төрт) адистештирилген питомник түзүлөт
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
326,0
107,0
87,0
191,0
28,0
14
Маалыматтык камсыздоо
Тийиштүү тараптар маалымат алышат
2014-2025-жж.
Токой агенттиги, ЖМА
Токой чарбалары, АӨ, ЖС
15,4
6,6
1,4
8,8
Жыйынтыгы
1856,0
803,5
533,3 1
846,2
206,3
Негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар Программада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар колдонулат:
- жаңгак-мөмө токойлору - табигый бак-дарактардын, мөмө, жемиш, жаңгак-мөмө, мөмө бербеген жана бадал породаларынын массивдери;
- жаңгак-мөмө породалары - жей турган мөмө - жаңгак берүүчүлөр. Аларга жаңгак, мисте, бадам ж.б. кирет;
- Токой агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
- МТФ - мамлекеттик токой фонду;
- токойлуулук - өлкөнүн жалпы аянтынын же белгилүү аймагынын бак-дарак жана бадал породаларынан турган токой өскөн аянтынын пайызы;
- токой өсүмдүктөрү - жасалма жол менен түзүлгөн токой бак-дарактары;
- плантация - белгилүү сортименттерди жана мөмөлөрдү алуу максатында жасалма жол менен түзүлгөн же калыптанып калган бак-дарактар;
- жапайы өскөн породаларды жакшыртуу - тандалган, жапайы өскөн породада анын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү процесси, натыйжалуу жана бутак-шагын кароо аркылуу жаңгак-мөмө породаларынын мөмөсүнүн сапатын жакшыртуу;
- бак-дарактарды реконструкциялоо - бутактоо, кыйыштыруу жана башка методдорду колдонуу менен токой өсүмдүктөрүн түзүү жана калыптандыруу аркылуу баалуулугу аз жана түшүмдүүлүгү төмөн бак-дарактарды жакшыртуу;
- КР УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
- ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
- АӨ - айыл өкмөтү;
- ЖС - жеке сектор.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 19 декабря 2016 года N 549-р (Об одобрении Национального доклада о состоянии окружающей среды Кыргызской Республики за 2011-2014 годы)Распоряжение · 19.12.2016 · № 549-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2019 · № 231
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасыПрограмма · 28.12.2020 · № 34-12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 368 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2017 · № 368 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2016 · № 395 · Күчүн жоготкон
- "2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча Программа" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 токтому менен…Программа · 02.06.2014 · № 293 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында…Постановление · 17.03.2014 · № 131
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2019 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон