Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-майы № 231 Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык) Токой экосистемасын туруктуу башкарууну камсыз кылуу, токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 22 жана 23-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын 2019-2023-жылдары ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык;
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
- Иш-аракеттер планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча);
- Иш-аракеттер планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылышсын;
- жылдын жыйынтыгы боюнча, ар жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жыл сайын 25-февралдан кечиктирбестен Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү финансылык жылдын каражаттарынын чегинде, ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык Иш-аракеттер планынын иш-чараларын өткөрүүгө финансылык каражаттарды караштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 "2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 31-майындагы N 46 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын 2019-2023-жылдары ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Иш-чаралардын аталышы
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү жыйынтыктар (продуктулар)
Жооптуу аткаруучулар
1
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары
1-милдет. Экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасын (токой эсебин) киргизүү
1
Ченемдик-укуктук базада табигый капиталды эсепке алуу боюнча терминдерди жана аныктамаларды шайкеш келтирүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн кабыл алынган ЧУА
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
1
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү (токой экосистемаларын) экономикалык баалоонун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Методика Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
3
Токой пайдалануунун токой ресурстарын эсепке алуу нускамасын (табигый капиталды эсепке алууну) иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Нускама Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген
Токой агенттиги
4
Токой пайдалануунун токой ресурстарын эсепке алуу системасын (табигый капиталды эсепке алууну) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Токой ресурстарын эсепке алуу системасы
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
5
Расмий статистикалык байкоо системасына киргизилбеген көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин жана УСК буйруктары менен бекитилген көрсөткүчтөр
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
6
Токой пайдалануунун токой ресурстарын эсепке алуу боюнча окууларды өткөрүү
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
7
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо методикасын колдонуу боюнча окууларды өткөрүү
2021-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча)
8
Токой пайдалануунун токой ресурстарын эсепке алуу (табигый капиталды эсепке алуу) боюнча маалыматты жайылтуу
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Маалыматтык материалдар
Токой агенттиги
9
Экологиялык-экономикалык эсепке алуунун (токой эсебинин) маалыматтык системасын түзүү
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы
Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча)
2-милдет. Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
10
Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды КР Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн кабыл алынган ЧУА
Токой агенттиги
11
Токой чарбасын каржылоонун булагын диверсификациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Кабыл алынган мыйзамдар, Өкмөттүн ЧУА
Токой агенттиги
12
Бюджеттик программаны иштеп чыгуу боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
13
Финансылык отчеттун эл аралык стандарттары менен таанышуу жана аларды токой чарбасы үчүн адаптациялоо
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой чарбасы үчүн адаптацияланган стандарттар
УИА (макулдашуу боюнча), ФМ, Токой агенттиги
14
Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарын токой чарба системасына киргизүү боюнча методиканы иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Методика ФМ, Токой агенттигинин буйруктары менен бекитилген
УИА (макулдашуу боюнча), ФМ, Токой агенттиги
15
Токой чарба иштеринин наркын эсептөө методикасын жана тарифтик ставкаларды иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Методика жана тарифтик ставка Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
16
Токой чарбасын экономикалык пландоо жана болжолдоо боюнча методикалык куралдарды иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу жана УИА Окумуштуулар кеңеши менен бекитилген методикалык куралдар
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
17
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык пландоосун жана болжолдоосун киргизүү
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Пландар, болжолдоолор
Токой агенттиги
18
Токой чарбасынын экономисттерин, бухгалтерлерин Бюджеттик программаны иштеп чыгуу маселелерине окутуу
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Сертификаттар, окутулган экономисттердин жана бухгалтерлердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
19
Токой чарбасынын бухгалтерлерин финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын ченемдерин киргизүүгө окутуу
2022-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Сертификаттар. окутулган бухгалтерлердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
20
Токой чарбасынын иштеринин наркын эсептөө методикасын (эсептөө-технологиялык карталарды) пайдалануу боюнча токой чарбасынын экономисттерин, бухгалтерлерин окутуу
2020-жылдын I-IV кварталы
Сертификаттар, окутулган экономисттердин жана бухгалтерлердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
21
Токой чарбасынын экономисттерин, бухгалтерлерин экономикалык пландоого жана болжолдоого окутуу
2021-жылдын I-IV кварталы
Сертификаттар, окутулган экономисттердин жана бухгалтерлердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
22
Токой чарбасынын финансылык отчеттун эл аралык системасынын, экономикалык пландоонун жана болжолдоонун маалыматтык системасын түзүү
2022-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы
Токой агенттиги
3-милдет. Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын киргизүү
23
Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасы боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн кабыл алынган ЧУА
Токой агенттиги
24
Токой продукцияларынын бизнесин өнүктүрүүнүн иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу
Токой агенттиги
25
МТФ жерлеринде өстүрүлгөн жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча экономикалык кластерди түзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Түзүлгөн экономикалык кластер
Токой агенттиги
26
Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын киргизүү боюнча МТФ мүмкүндүгүн талдоо жана баалоо
2019-жылдын I-IV кварталы
Отчет жана сунуштар
Токой агенттиги
27
Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасы киргизилген
Токой агенттиги
28
Сорттуу жемиш өсүмдүктөрүнүн, чычырканактын көчөттөрүн өстүрүү боюнча питомниктерди түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Техникалык-экономикалык баалоо иштелип чыкты
Токой агенттиги
29
Токой чарбасын башкаруу системасын сертификаттоо
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой чарбасын башкаруу системасынын сертификаттары
Токой агенттиги, Кыргызстанда токой-жер пайдалануучулардын ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
30
Токойдун жыгач эмес продукциясын сертификаттоо
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токойдун жыгач эмес продукциясынын сертификаттары
Токой агенттиги, Кыргызстанда токой-жер пайдалануучулардын ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
31
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн механизмдерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген механизмдер
Токой агенттиги
32
МТФ жерлеринде жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү методикасын иштеп чыгуу
2022-жылдын I-IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши бекиткен методика
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
33
Токой чарбаларынын адистерин жана токой пайдалануучуларды токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчасын ишке киргизүү боюнча окутуу
2019-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
34
Жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча токой чарбалары жана токой пайдалануучулар үчүн окууларды өткөрүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
35
Интенсивдүү бактарды өнүктүрүү үчүн сорттуу жемиш дарактарынын питомниктерин түзүү боюнча токой чарбаларынын адистерин окутуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
36
Чычырканактын питомниктерин (жаңы түрлөрүн) түзүү боюнча токой чарбаларынын адистерин окутуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
37
Чычырканактарды, жер жемиштерин, кызыл карагайдын тобурчагын жана башка токой продукцияларын кайра иштетүү боюнча токой пайдалануучуларын окутуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
38
Кайра иштетилген токой продукциясын Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык сертификаттоо маселелерине токой пайдалануучуларын окутуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистер, окуу материалдары
Токой агенттиги
39
Токой продукциясынын бизнесин илгерилетүү боюнча тематикалык маалымдаманы иштеп чыгуу жана жарыялоо
2019-жылдын I-IV кварталы
Иштелип чыккан маалымдама
Токой агенттиги
40
Токой продукциясынын бизнесин илгерилетүүнүн алдыңкы практикасын жайылтуу боюнча семинарларды жана тегерек столдорду өткөрүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Өткөрүлгөн семинарлар жана тегерек столдор
Токой агенттиги
41
Токой продукциясынын бизнесин илгерилетүүнүн алдыңкы практикасын жайылтуу боюнча тааныштыруучу сапарларды жана тегерек столдорду өткөрүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Өткөрүлгөн семинарлар жана жолугушуулар
Токой агенттиги
4-милдет. Токой экосистемаларынын рекреациялык потенциалын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо
42
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Кабыл алынган мыйзамдар, ЧУА
ММТМ, Токой агенттиги
43
Токой экосистемаларында туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн кабыл алынган ЧУА
ММТМ, Токой агенттиги
44
Токой экосистемаларында туризмдин ар кандай түрүн кластердик инновациялык өнүктүрүү механизмдерин киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой экосистемаларында колдонууга киргизилген тоо лыжа кластерлери; токой экосистемаларында колдонууга киргизилген бардык сезондук курорттук-рекреациялык кластерлер
ММТМ, Токой агенттиги
45
Токой экосистемаларына рекреациялык жүктөмдүн ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген ченемдер
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
46
Токой экосистемаларында туризмди башкаруу маселелери боюнча окутуу
2021-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
ММТМ, Токой агенттиги
47
Токой чарбасынын маалыматтык системасын токой экосистемаларында туризмди өнүктүрүү жөнүндө маалымат менен толуктоо
2021-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин жаңыртылган сайты, жарыяланган материалдар (макалалар, китепчелер, буклеттер ж.б.), токой чарбасынын маалыматтык системасы
Токой агенттиги
2
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык артыкчылыктары
1-милдет. Токойлорду биргелешип башкарууну камсыздоо
48
Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү үчүн жана токой пайдалануунун түрлөрү боюнча МТФ жерлерин зоналаштыруу жөнүндөгү нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой чарбасынын буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
49
КР Өкмөтүнүн 10.04.2018-ж. № 192 "Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой чарбасынын буйругу менен бекитилген нускамалар
Токой агенттиги
50
Лимиттен сырткары токой пайдалануу төлөмүн эсептөө методикасын жана токой экосистемаларында токой пайдалануунун ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой чарбасынын буйругу менен бекитилген ченемдер жана методика
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
51
Токой ресурстарын калыбына келтирүүгө жана коргоого төлөмдү эсептөө методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой чарбасынын буйругу менен бекитилген методика
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
52
Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү үчүн жана токой пайдалануунун түрлөрү боюнча МТФ жерлерин зоналаштырууну жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген карта-схемалар, аларга түшүндүрмө тил каттар
Токой агенттиги
53
Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү жана токой пайдаланууну уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы, картографиялык материалдар, отчеттор
Токой агенттиги
54
Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү жана токой пайдалануунун мониторинги
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
55
"Кыргыз токой аңчылык түзүлүш" МБ, токой чарба адистерин токой пайдалануунун түрлөрү боюнча жана токой чарбасын жамааттык жүргүзүүгө окутуу
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
56
МТФ жерлерин пайдалануу жана башкаруу ченемдерине токой чарба адистерин окутуу
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги , Кыргызстанда токой-жер пайдалануучулардын ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
57
Токой чарба адистерин Токой пайдалануу үчүн төлөмдү эсептөө методикасына окутуу
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги , УИА (макулдашуу боюнча)
58
Токой чарбасынын маалыматтык системасын токой пайдалануу жөнүндө маалымат менен толуктоо
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Токой чарбасынын маалыматтык системасы
Токой агенттиги
59
Токой агенттигинин сайты, ЖМК жана публикациялар аркылуу маалыматты жайылтуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
2-милдет. Киреше булактарын диверсификациялоо
60
Мультифункционалдык токой пайдалануу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген техникалык колдонмо
Токой агенттиги
61
Мультифункционалдык токой пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
62
Мультифункционалдык токой пайдалануу механизмдерине токой чарба адистерин жана токой пайдалануучуларды окутуу
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
63
Токой чарбасынын маалыматтык системасын көп функционалдуу токой пайдалануу жөнүндө маалымат менен толуктоо
2020-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токой чарбасынын маалыматтык системасы
Токой агенттиги
64
Көп функционалдуу токой пайдалануу жөнүндө маалыматты Токой агенттигинин сайты, ЖМК жана публикациялар аркылуу жайылтуу
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
3-милдет. Табигый ресурстардын интеграциялуу башкаруусун киргизүү
65
Табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу пландарын иштеп чыгуу боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген колдонмо
Токой агенттиги
66
Табигый ресурстарды интеграциялап башкарууну киргизүү үчүн коомдошторду мобилизациялоо
2019-жылдын I-IV кварталы
Тартылган коомдоштордун саны
Токой агенттиги
67
Токой чарбалардын деңгээлинде табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген план
Токой агенттиги
68
Токой чарбалардын деңгээлинде табигый ресурстарды интеграциялап башкаруу планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү
2020-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Баалоонун жыйынтыктары, сунуштар
Токой агенттиги
69
Республикалык жана региондук деңгээлде табигый ресурстарын интеграциялап башкаруу планын иштеп чыгуу маселелери боюнча окутуу
2020-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Окутулган кызыкдар тараптардын саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
70
Табигый ресурстарын интеграциялап башкарууну киргизүү боюнча маалыматтык компанияны өткөрүү
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Семинарлардын, конференциялардын, тегерек столдордун, жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
3
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экологиялык артыкчылыктары
1-милдет. Токойду эсепке алуу системасын өркүндөтүү
71
Чектеш жер пайдалануучулар менен МТФ чектерин колдонуунун талаш маселелерин чечүү боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2020-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн кабыл алынган ЧУА
Токой агенттиги
72
Токой күтүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы кайра карап чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
73
Токой күтүүнүн талаа маалыматтары менен камералык иштөө боюнча колдонмону кайра карап чыгуу жана бекитүү
2022-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген колдонмо
Токой агенттиги
74
Токойлордун улуттук инвентаризациялоосун өткөрүү боюнча колдонмону кайра карап чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
75
Кыргыз Республикасынын токойлорунун экинчи Улуттук инвентаризациялоосун жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Республиканын, облустардын, райондордун деңгээлиндеги токой ресурстарынын статистикалык маалыматы
Токой агенттиги
76
Токойлордун экинчи Улуттук инвентаризациялоосунун жыйынтыктарын бекитүү
2023-жылдын I-IV кварталы
Өкмөттүн токтому менен бекитилген жыйынтыктар
Токой агенттиги
77
МТФ, ӨКЖА жерлеринде жана МТФ менен ӨКЖАга кирбеген токойлордо токой күтүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы, картографиялык материалдардын санариптик моделдери, токой күтүү долбоорлору
Токой агенттиги
78
Токой фондун эсепке алуу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Маалымат базасы
Токой агенттиги
79
Пилоттук токой чарбаларынын МТФ чектерин пайдалануу боюнча талаш маселелерди билүү
2019-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Картографиялык материалдар, юридикалык сунуштар
Токой агенттиги
80
Токой күтүүдө токой чарбасынын иш-чараларын пландоону өркүндөтүү боюнча илимий сунуштарды иштеп чыгуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши тарабынан каралган сунуштар
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
81
Токой күтүүдө токойду инвентаризациялоону өркүндөтүү боюнча илимий сунуштарды иштеп чыгуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши тарабынан каралган сунуштар
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
82
Токойлорду Улуттук инвентаризациялоо боюнча колдонмону пайдалануу маселелери боюнча окутуу
2020-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
83
Токой күтүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча колдонмону пайдалануу маселелери боюнча окутуу
2021-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
84
Токой күтүүнүн талаа маалыматтары менен камералык иштөө боюнча колдонмону пайдалануу маселелери боюнча окутуу
2023-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
85
Токойлорду Улуттук инвентаризациялоо, токой күтүү маалыматы менен токой чарбасынын маалыматтык системасын толуктоо
2021-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Маалымат базасы, картографиялык материалдар, отчеттор
Токой агенттиги
86
Токойлорду Улуттук инвентаризациялоо маалыматын Токой агенттиги, ЖМК жана публикациялар аркылуу жайылтуу
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
2-милдет. Токой бузуудан жана өрттөн токойду коргоону күчөтүү
87
Токой бузуудан жана өрттөн токойду коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Кабыл алынган мыйзамдар, Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары
Токой агенттиги
88
Кыдырып кароону ревизиялоо боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу
Токой агенттиги
89
Токойду кесүү үчүн тамга пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу, Юстиция министрлигинде каттоо
Токой агенттиги
90
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу предметтерин алып салуу, эсепке алуу, сактоо жана өткөрүп берүү тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
91
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын административдик бузуу жөнүндө иштердин өндүрүшү боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
92
Токой бузуудан жана өрттөн токойлорду коргоонун ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Өкмөттүн токтому менен бекитилген ченемдер
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
93
Токой бузуудан жана өрттөн токойлорду коргоо иш-чараларын өткөрүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
94
Токой бузуудан токойду коргоонун мониторингин жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
95
Өрттөн токойду коргоонун мониторингин жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
96
Токой бузуудан жана өрттөн токойду коргоо иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча токой чарба адистерин окутуу
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
97
Токой бузуудан жана өрттөн токойду коргоо боюнча маалымат менен токой чарбасынын маалыматтык системасын толуктоо
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
98
Маалыматты Токой агенттигинин сайты, ЖМК жана публикациялар аркылуу жайылтуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
3-милдет. Зыянкечтерден жана оорулардан токойду коргоону күчөтүү
99
Токой патологиясынын мониторингин жүргүзүү нускамасын иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген нускама
Токой агенттиги
100
Токой патологиясынын мониторингин жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, картографиялык материалдардын санариптик моделдери, отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
101
Зыянкечтер жана оорулар менен күрөшүү үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Өндүрүлгөн биологиялык препараттардын көлөмү
Токой агенттиги
102
Зыянкечтерден жана оорулардан токойду коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Маалымат базалары, отчеттор
Токой агенттиги
103
Кыргыз Республикасынын токойлорунда зыянкечтерден жана оорулардан токойду коргоо технологияларын иштеп чыгуу
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши бекиткен технологиялар
УИА (макулдашуу боюнча)
104
Кыргыз Республикасынын токойлорунда зыянкечтер жана оорулар менен күрөшүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши бекиткен сунуштар
УИА (макулдашуу боюнча)
105
Токой патологиясынын мониторингин жүргүзүү боюнча токой чарбаларынын адистеринин потенциалын жогорулатуу
2020-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
106
Кыргыз Республикасынын токойлорунда зыянкечтер жана оорулар менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө токой чарбасынын адистеринин потенциалын жогорулатуу
2020-жылдын I- IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
Токой агенттиги
107
Токойду зыянкечтерден жана оорулардан коргоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен токой чарбасынын маалыматтык системасын толуктоо
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токой чарбасынын маалыматтык системасы
Токой агенттиги
108
Маалыматты Токой агенттигинин сайты, ЖМК жана башка каражаттар аркылуу жайылтуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
4-милдет. Токой ресурстарын кайра өндүрүүнүн аянтын көбөйтүү жана өркүндөтүү
109
Токой ресурстарын кайра өндүрүү боюнча колдонмону жана техникалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген колдонмолор, техникалык көрсөтмөлөр, нускамалар
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
110
Отургуза турган материалды өстүрүү, токой үрөнүнүн иши боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Токой агенттигинин буйругу менен бекитилген колдонмолор жана нускамалар
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
111
Токой үрөнчүлүк чарбасын түзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токой үрөн базасы жана токой үрөн участоктору түзүлгөн
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
112
Жаңгак өсүмдүктөрүнүн сорттуу көчөттөрүн жана жыгач-бадал уругунун отургуза турган материалын өстүрүү үчүн питомник чарбасын түзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Түзүлгөн токой питомниктери
Токой агенттиги
113
Токой өсүмдүктөрүн түзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Түзүлгөн токой өсүмдүктөрүнүн аянттары
Токой агенттиги
114
Токой плантацияларын жана жаңгак өсүмдүктөрүнүн плантацияларын түзүү жана аларды асылдандыруу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Түзүлгөн жаңгак токой плантацияларынын аянттары
Токой агенттиги
115
Токойду кадимки калыбына келтирүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токойдун кадимки калыбына келишине көмөктөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн аянттар
Токой агенттиги
116
Мөңгүлөрдүн эришинин көйгөйү жана ушул процессти кармоодо токойлордун ролун аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
УИА окумуштуулар кеңеши бекиткен отчеттор, сунуштар
УИА (макулдашуу боюнча)
117
Токой ресурстарын кайра өндүрүү маселелери боюнча токой чарба адистерин окутуу
2020-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
118
Токой үрөн базаларын жана токой питомниктерин түзүү маселелери боюнча токой чарба адистерин окутуу
2020-жылдын I-IV кварталы
Окутулган адистердин саны, окуу материалдары
УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги
119
Токой чарбасынын маалыматтык системасына көп функционалдуу токой пайдалануу жөнүндө маалыматты жайгаштыруу
2020-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Маалыматтык система
Токой агенттиги
120
Маалыматты Токой агенттигинин сайты, ЖМК жана публикациялар аркылуу жайылтуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
4
Токой чарбасынын реформасы
1-милдет. Токой секторунун институттук реформасы
121
КР Токой кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Токой кодекси кабыл алынган
Токой агенттиги
122
Токой чарбасынын институттук реформасы боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Кабыл алынган мыйзамдар, ЧУА
Токой агенттиги
123
Токой чарба системасынын функционалдуу талдоосун жүргүзүү
2019-жылдын I кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Отчеттор, токой чарбасын башкаруунун жаңыртылган схемасы
Токой агенттиги
124
Токой секторун реформалоо боюнча стратегиялык документти иштеп чыгуу жана бекитүү
2019-жылдын I-IV кварталы
КР Өкмөтүнүн токтому
Токой агенттиги
125
Токой чарбасын башкаруунун түзүмүн оптималдаштыруу
2019-жылдын I-IV кварталы
Токой чарбасын башкаруунун жаңы түзүмү
Токой агенттиги
126
Токой чарбасын башкаруу боюнча секторлор аралык аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2019-жылдын I-IV кварталы
Секторлор аралык кызматташуу механизмдери, түзүлгөн меморандумдар
Токой агенттиги
127
Токой чарбасынын жетекчилеринин жана адистеринин потенциалын жогорулатуу боюнча борборду түзүү
2021-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Борбор түзүлгөн
Токой агенттиги
128
Токой чарбасынын жетекчилеринин жана адистеринин потенциалын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү
2022-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Программа бекитилген
Токой агенттиги
129
Токой чарбасынын жетекчилеринин жана адистеринин потенциалын жогорулатуу боюнча окуу модулдарын жана материалдарды иштеп чыгуу жана бекитүү
2022-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Окуу модулдары жана материалдар
Токой агенттиги
130
Токой чарбасынын жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатууну жана тренингдерди, курстарды өткөрүү
2022-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны
Токой агенттиги
131
Функционалдык талдоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Маалыматтык материалдар
Токой агенттиги
132
Токой чарбасын реформалоо жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү
2020-жылдын I-IV кварталы
Маалыматтык материалдар
Токой агенттиги
2-милдет. Токой чарбасын жүргүзүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү жана өркүндөтүү
133
Токой күтүүнүн колдонуудагы программалык камсыздоосун изилдөө жана инвентаризациялоо
2019-жылдын I-IV кварталы
Отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
134
Токой чарбасында маалыматтык системанын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу
2019-жылдын I-IV кварталы
Иштелип чыккан программалык камсыздоо
Токой агенттиги
135
Токой чарбасында маалыматтык системанын программалык камсыздоосун орнотуу жана апробациялоо
2020-жылдын I-IV кварталы
Отчеттор, сунуштар
Токой агенттиги
136
Токой жана токой күтүүнүн улуттук инвентаризациясында жерлерди аралыктан зонддоо методдорун киргизүү жана колдонуу
2019-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Космостон тартылган сүрөттөр, программалык камсыздоо
Токой агенттиги
137
Токой чарбасынын маалыматтык системасы боюнча программалык окутууну, окуу модулдарын жана публикацияларды иштеп чыгуу
2019-жылдын IV кварталы - 2020-жылдын IV кварталы
Иштелип чыккан окуу программалары, окуу модулдары жана публикациялар
Токой агенттиги
138
Токой чарбасынын маалыматтык системасын колдонууга токой чарбасынын адистерин окутуу
2020-жылдын I кварталы - 2021-жылдын IV кварталы
Окутулган адистердин саны
Токой агенттиги
139
Токой чарбасынын маалыматтык системасы боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүү
2019-жылдын I кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Кампаниялардын жана жарыяланган материалдардын саны
Токой агенттиги
Кыскартуулардын тизмеси:
Токой агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
МТФ
-
мамлекеттик токой фонду
КР
-
Кыргыз Республикасы
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ММТМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ЧУА
-
ченемдик укуктук актылар
ӨКЖА
-
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын 2019-2023-жылдары ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттери
Индикаторлордун аталышы
Өлчөө бирдиги
2018 (базалык жыл)
Аралык индикаторлор (жылдык)
2023 (максаттуу көрсөткүч)
Жооптуу орган
2019-ж.
2020-ж.
2021-ж.
2022-ж.
2023-ж.
(1)
(2)
(3)
(4)
(5)
(6)
(7)
(8)
(9)
(10)
(11)
(12)
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары
1
Экологиялык-экономикалык эсеп алуу системасын киргизүү (токой эсеби)
"2ТЧ-токой пайдалануучу" статистикалык отчеттуулукту берүүчү токой пайдалануучулардын үлүшү
%
0
20
40
60
80
100
100%
Токой агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
Табигый капиталды эсепке алуу боюнча бекитилген ченемдик укуктук актылардын саны
даана
0
0
1
1
1
0
3
Токой агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
Токой чарбасынын окутулган адистеринин жана токой пайдалануучуларынын үлүшү
%
0
0
30
60
100
0
100%
Токой агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
2
Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча бекитилген ченемдик укуктук актылардын саны
даана
0
1
1
1
2
0
5
Токой агенттиги
Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартын пайдалануучу токой чарбалардын үлүшү
%
0
0
0
10
20
30
30%
УИА (макулдашуу боюнча), ФМ, Токой агенттиги
Экономикалык пландоо жана болжолдоолору менен токой чарбалардын үлүшү
%
0
0
0
10
20
30
30%
Токой агенттиги
3
Токой ресурстарынын кошумча наркынын чынжырчаларын киргизүү
Токой чарбалардын кирешелеринин жалпы суммасынан ЦДСтен алынган кирешелерден жана ДПЛ, НДПЛ ишке ашыруудан түшкөн салыктардан алынган финансылык каражаттардын үлүшү
%
0
0
0
10
20
30
30%
Токой агенттиги
Токой сертификациясы бар токойлордун аянты
миң га
0
0
0
40,0
60,0
80,0
80,0
Токой агенттиги
4
Токой экосистемасынын рекреациялык потенциалын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу
Эксплуатацияга берилген тоо лыжа кластерлеринин жана баардык сезондуу курорттук-рекреациялык кластерлердин саны
даана
0
0
0
1
1
1
3
Токой агенттиги, Маданиятмин
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык артыкчылыктары
5
Токой чарбасын биргелешип башкарууну камсыз кылуу
Токойду пайдаланууда колдонуучу МТФнын жерлеринин аянты
миң га
200
100
100
100
100
100
700
Токой агенттиги
6
Киреше булактарын диверсификациялоо
Көп функционалдуу токойду пайдаланууда колдонулуучу МТФнын жерлеринин аянты
миң га
0
0
0
10
20
30
30
Токой агенттиги
7
Жаратылыш ресурстарын интеграцияланган башкарууну киргизүү
Интеграцияланган башкаруу жүргүзүлүүчү токой чарбалардын саны
даана
0
5
10
14
0
0
14
Токой агенттиги
Токой чарбаларын өнүктүрүүнүн экологиялык артыкчылыктары
8
Токойлорду эсепке алуу системасын өркүндөтүү
НИЛ камтыган республиканын токой жерлеринин жалпы аянтынан токой жерлеринин үлүшү
%
0
30
30
100
0
0
100%
Токой агенттиги
Токой камтылган МТФнын жана ӨКЖАнын жерлеринин жалпы аянтынан жерлердин үлүшү
%
30
0
0
0
30
40
100%
Токой агенттиги
9
Токойду зыян келтирүүлөрдөн жана өрттөн кайтарууну күчөтүү
Токойду зыян келтирүүлөрдөн жана өрттөн сакталуучу МТФнын жана ӨКЖАнын жерлеринин аянты
миң га
3474,1
3474,1
3474,1
3474,1
3474,1
3474,1
3474,1
Токой агенттиги
10
Токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден токойду коргоону күчөтүү
Токой патологиялык мониторинг жүргүзүлгөн жерлердин аянты
миң га
858,4
858,4
858,4
858,4
858,4
858,4
858,4
Токой агенттиги
11
Токой чарбасын жаңыртып өстүрүүнү көбөйтүү жана өркүндөтүү
Тигилген токой өсүмдүктөрүнүн аянты
га
0
900
900
900
900
900
4500
Токой агенттиги
Тигилген плантациялардын аянты
га
0
200
200
200
200
200
1000
Токой агенттиги
Табигый калыбына келтирилишине көмөк көрсөтүүлөрдүн аянты
миң га
0
4,0
4,0
4,0
4,0
4,0
20,0
Токой агенттиги
Токой чарбасын реформалоо
12
Токой секторун институттук реформалоо
Токой секторун институттук реформалоо боюнча бекитилген ченемдик укуктук актылардын саны
даана
0
0
1
1
1
0
3
Токой агенттиги
13
Токой чарбасын жүргүзүүнүн инновациялык технологияларын өркүндөтүү жана киргизүү
Токой чарбасынын түзүлгөн маалыматтык системасы
%
0
0
10
30
30
100
100
Токой агенттиги
Кыскартуулардын тизмеси:
Токой агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Маданиятмин
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Улутстатком
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
МТФ
-
мамлекеттик токой фонду
ӨКЖА
-
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын 2019-2023-жылдары ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын бюджети Графикалык көчүрмөнү караңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын…Заявление · 13.06.2023 · № 300/7-1
- Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жыл- дын 27-майындагы 231 токтомуна)Концепция · 27.05.2019 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024 жылдын 27-августунун № 507 "Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын…Постановление · 27.08.2024 · № 507
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 "2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2014 · № 293 · Күчүн жоготкон
- "2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча Программа" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 токтому менен…Программа · 02.06.2014 · № 293 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 "2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2014 · № 293 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.