Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 12 июня 2024 года № 304 "Об утверждении Единого реестра государственных услуг, оказываемых государственными органами и их подведомственными учреждениями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-майы № 259 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесинде):
1-главада:. «Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасынын 48, 49, 51, 54, 55, 57, 60, 61, 62, 65, 66, 67-пункттары «БИМ» аббревиатурасынан кийин «, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы академиясы» деген сөздөр менен толукталсын; 105 жана 107-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-главада:. 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 43-пункттагы «Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү, суроо-талаптардын бланктары боюнча текшерүү, чет өлкөлүк паспорт ала турган адамдарды текшерүү» деген кызматтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Архивдик документтердин копиясын жана көчүрмөлөрүн берүү»;
6-главада:. 9-пункттагы «5 бетке чейинки көлөмдөгү документти суратып алдыруу» деген кызматтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган жарандардан 5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суратып алдыруу»; 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7-главанын 5-пунктту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор алты айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон