Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 10-июлу № 334 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Статистикалык туура маалыматты камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин жана анын аймактык органдарынын иштеринин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы З.И.Кудабаев (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик статистика жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994. № 2, ст.57) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы областык, шаардык, райондук мамлекеттик статистика кызматтарынын жетекчилерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын макулдугусуз ишке дайындайт жана андан бошотот".
2-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президент
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О государственной статистикеЗакон · 12.01.1994 · № 1390-XII · Күчүн жоготкон