Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, 2002-жылдан берки мезгилде болуп өткөн табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар алышкан жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды кайтарууда жеңилдик берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 12-апрели № 268 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, 2002-жылдан берки мезгилде болуп өткөн табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар алышкан жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды кайтарууда жеңилдик берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, 2002-жылдан берки мезгилде болуп өткөн табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар алышкан жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды кайтарууда жеңилдик берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
Ф.Кулов
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, 2002-жылдан берки мезгилде болуп өткөн табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар алышкан жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды кайтарууда жеңилдик берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, 2002-жылдан берки мезгилде болуп өткөн табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар алышкан жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды кайтарууда жеңилдик берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй эскертүүлөрдү эске алуу менен аны кабыл алууга макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан калкка жардам берүү боюнча максаттуу иш жүргүзүүдө. Жабыр тарткандардын турак жайларын калыбына келтирүү үчүн жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудалар 15 жылдык мөөнөткө процентти эсептебестен, төлөп берүү мөөнөтүн 3 жылга жылдыруу менен берилет. Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча программалардын маанилүүлүгүн эске алуу менен, финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгенине карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макул болду. Мында, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин берген сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорунун 3-статьясын алып салууну сунуштайт.
Премьер-министри
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып…Закон · 16.08.2006 · № 169
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон