Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемклерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-марты № 111 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, эл аралык, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүүсүн тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен берилген "түзөтүү мекемелери" деген сөздөр аталган токтомдун преамбуласында жок болгондугуна байланыштуу, жогорудагы токтом менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 7-мартында № 16 жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541…Правила · 03.09.2024 · № 541
- "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 мартындзгы № 111 токтому менен…Положение · 03.03.2014 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2018 · № 488
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтому менен бекитилген)…Правила · 22.08.2018 · № 379 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомуПостановление · 19.10.2018 · № 488
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2018 · № 488
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон